Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:30

«Мегакомду» мурдагы ички иштер министри Абдулда Суранчиев башкарат


Абдулда Суранчиев.
Абдулда Суранчиев.

Мурдагы ички иштер министри Абдулда Суранчиев «Мегаком» соода маркасы менен иш жүргүзгөн «Альфа Телеком» мамлекеттик ишканасынын жетекчисинин милдетин аткара баштады. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы билдирди.

Суранчиев 2013-2014-жылдары ички иштер министри болгон. Акыркы жылдары «Альфа Телеком» компаниясынын башкы директорунун биринчи орун басары болчу.

"Мегакомду" 2018-жылдан бери башкарып келаткан Акылбек Жамангулов «Биримдик» партиясынын курамында октябрда өтчү парламенттик шайлоого талапкер болуп катталгандыктан, 19-августта кызматын тапшырды. (SE)

XS
SM
MD
LG