Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:18

«Ыйман Нуру» партиясы ыдык көргөнүн билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Ыйман Нуру» партиясынын саясий кеңеши уюмдун жетекчилиги кысымга кабылганын жарыялады. Анда шайлоого катышуудан баш тартууга мажбурлаш үчүн бул партиянын жетекчилигине басым жасалып жатканы көрсөтүлгөн.

Буга чейин «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев оппозиция эле эмес, бийликчил партиялар да өз ара бир альянска бириге албай, депутаттык мандат талашта бардык күчтөр чачыранды абалда шайлоого баратканын белгилеген болчу. Акыркы жагдайды айрым байкоочулар парламенттик шайлоого карата күчтөрдү топтоштуруш үчүн көмүскө күрөш жана жаңыдан чыгып аткан топтордон саясий талааны тазалоо аракеттери катары баалашууда.

«Ыйман Нуру» саясий партиясынын басма сөз кызматы 14-август күнү эртең менен партия парламенттик шайлоого катышуудан баш тартып, саясий жарыштан чыгары тууралуу билдирүү жарыялап, бирок анын себептерин көрсөтпөй, бир аздан соң ал билдирүү өчүрүлдү. Андан соң социалдык тармактарда бул партиянын айрым мүчөлөрү жана анын тизмеси менен шайлоого бара турганы белгиленген кээ бир талапкерлер партиянын жетекчилигине катуу басым болуп жатканы тууралуу жазып чыгышты. Анда электораттын бөлүнүшүнөн чочулаган тараптар партияны өз алдынча шайлоого баруудан кайтарууга аракет кылганы жана бул өкүмзордук экени көрсөтүлгөн.

Талапкерлердин талабы

«Ыйман Нуру» партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Михаил Халитов партиянын лидерин кайсы бир атаандаш партиянын негиздөөчүсү коркутуп-үркүтүүгө аракет кылганын ырастап, бирок анын аты-жөнүн ачык айткан жок. Ал саясий кеңеш «партиянын мүчөлөрүнөн кимдир-бирөөнүн жоготор нерсеси болсо партиядан чыга берсин» деген чечим кабыл алганын айтып, бул жагдай партиянын шайлоого катышуудан баш тартышына негиз болбой турганын билдирди.

Бул партиянын саясий кеңешинин башка бир мүчөсү, мурдагы прокурор Динара Ашимова партиянын жетекчисине жасалган басымдын негизинде эле алар шайлоого катышуудан баш тартпай турганын айтып, маселе партиянын жыйынында карала турганын билдирди:

Динара Ашимова.
Динара Ашимова.

«Ушундай «кысым болуп жатат» деген кандайдыр сөздөр жүрүп жатат. Биз болсо азыр партиянын жыйынын өткөрүүнү тездетели деп жатабыз. Анда саясий кеңеш жана партиянын жалпы мүчөлөрү чогулуп, бул маселени чечели деп жатабыз. Биз азыр партиянын төрагасынын же башка жетекчилердин жеке чечими менен шайлоого катышуудан баш тартып, жарыштан чыгып кеткенге болбойт деп сүйлөшүп жатабыз. Биз ага макул эмеспиз. Анткени биз эки айдан ашуун убакыттан бери программанын үстүнөн иштеп, «эл менен кантип иштейбиз, парламентке келип калсак, кандай иш алып барабыз» деген маселелер боюнча бүт бардыгын даярдап алганбыз. Анан биз кантип эле «бизди бирөөлөр коркутуп жаткан экен же биздин жетекчиликке басым жасашыптыр» деген себеп менен шайлоого баруудан баш тартып коймок элек? Андай болбойт! Биз аягына чейин барабыз».

Аты аталбаган басым

«Ыйман Нуру» партиясынын лидери Айбек Осмонов мурда «Мекеним Кыргызстан» партиясынын негиздөөчүсү катары Юстиция министрлигинин базасында көрсөтүлгөн. Бирок кийин ал анын курамынан чыгып, жогоруда аталган партияны жетектей баштаган.

Партиянын айланасында түзүлгөн абал боюнча Айбек Осмоновдун өзүнөн комментарий алууга мүмкүн болгон жок. Партиянын басма сөз кызматы Айбек Осмоновдун атынан текст түрүндө кыскача маалымат таратты. Анда айрым партия мүчөлөрүнө басым болгону көрсөтүлүп, партия жетекчилиги анын мүчөлөрүн жана тарапташтарын ар кандай басымдан коргоого даяр экени жазылган. Партияны ар кандай саясий оюндарга аралаштырууга жол берилбей тургандыгы жана андай аракеттерге мыйзам чегинде тийиштүү жооп кайтарылары эскертилген. Бирок партия лидеринин атынан таратылган билдирүүдө деле кайсы саясий партия кысым көрсөтүп жатканы туюк бойдон калды.

Социалдык тармактарда болсо «Ыйман Нурунун» лидерине «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясынын кожоюндары тараптан кысым болгону тууралуу расмий ырасталбаган посттор жазылды.

«Мекеним Кыргызстан» саясий партиясынын өкүлү Элнура Алканова бул жагдай тууралуу «Азаттыкка» төмөнкүдөй комментарий берди:

Элнура Алканова.
Элнура Алканова.

«Расмий түрдө «Ыйман Нуру» партиясынын өкүлдөрү «Мекеним Кыргызстан» партиясына айып койгон жок. Алар бирок «кайсы бир тараптан басым болуп жатат» деп айтыптыр. Эгерде чынында эле ал партияга басым болгон болсо, анда биз «Ыйман Нуру» партиясы менен тилектешпиз. Анткени эч кайсы партияга башка бир тараптардан басым болбошу керек. Биз бул багытта «Ыйман Нуру» партиясынын позициясын колдойбуз. Бирок анан бул партиянын билдирүүсүн жөн жерден эле «Мекеним Кыргызстан» партиясына байлап жаткандарга биз комментарий бере албайбыз. Анткени ага комментарий берүүгө эч кандай негиз жок. Эгерде ал партияга тиешеси бар адамдар тарабынан ошондой расмий түрдө билдирүү болсо, анда биз ошого жараша жооп кайтарат элек. Андай билдирүү болгон жок».

Бийлик лагериндеги таасир талаш

Буга чейин «Ыйман Нуру» партиясы да бийликти жактаган партиялардын катарын толуктай турганы сөз болгон. Ошондой эле бир катар серепчилер арасында «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Замандаш» жана «Кыргызстан» партиялары бийликке ыктаган саясий партиялар катары шайлоого катышары айтылган.

Саясат талдоочу Азим Азимов бийликке жакын партиялардын арасында атаандаштык күчөгөнүн айтып, анын себебин мындай чечмеледи:

Азим Азимов.
Азим Азимов.

«Алдыдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы саясий күчтөрдүн балансын көрсөтүп, анда биздин өлкөдөгү эң күчтүү саясий партиялар кимдер экени айкын болот. Азыр бийлик жана оппозиция лагерлеринин күрөшүнө караганда, бийлик партиясынын ролун өзүнө алууга аттанып жаткан бийликке жакын саясий топтордун ортосунда таасир талаш күчөп, алар «Ким биринчи болот? Кимдин таасири жана ролу маанилүү?» деген негиздеги тымызын күрөшкө катышып жатышат. Бир катар партиялар бийликти колдой турганын айтышканы менен алар парламентке келген соң өз дымагы жана планы бар. Ошолордун арасынан бийликтин негизги партиясы шайлоодо экинчи орун алып, бийликке жакын деген партия биринчи орунга жетсе, анда бул парламентке оппозиция келди деген кеп эмес. Бирок парламентте бийликтин ичиндеги дагы бир бийликтин борбору пайда болот. Ошону менен болочок парламентте жаңы саясий конфигурация түзүлүп, ойдо жок партиялар биригип, көпчүлүгү коалиция курап, өкмөттү түзүшү мүмкүн».

Оппозициянын үмүтү

Буга чейин бийликке карата оппозициялык маанайдагы саясий күчтөрдүн ортосунда бирдиктүү консолидациянын жоктугу, алардын саясий-идеологиялык багыттары ар башка экени жана праламенттик шайлоодо алар бирдиктүү оппозициялык альянс түзүү мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарышканы талкууга алынган.

Ал эми «Ата Мекен» партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев оппозициялык гана эмес, бийликчил партиялар да парламенттик шайлоого чачкын абалда баратканын айтып, муну саясий атаандаштыкты камсыз кылуудагы утуш катары сыпаттаган болчу:

Өмүрбек Текебаев.
Өмүрбек Текебаев.

«Бизди кубандырганы - жалаң эле оппозиция эмес, бийлик партиялары да өз ара ынтымакташып, биригип кете алган жок. Бул жерде келишкис талаш, келишкис күрөш жүрүүдө. Бийлик талаш, схема талаш, агым талаш жүрүп жатат. Мурда бир үй-бүлө баарын колго чаап, бириктирип турчу эле. Азыр эми бардык кызыкчылыктарды бириктире албай калышты. Мен ошону каалагам. Ошондой саясий система калыптанса экен дегем. Бийликчил күчтөр сүйлөшө албай, өз ара чабышып, колунда байлыгы же бийлиги жок, бирок эл колдогон саясий күчтөр парламентке өтүп келсе экен деген элек. Азыр дал ошондой мүмкүнчүлүк түзүлүп турат».

Быйыл парламенттик шайлоо 4-октябрга дайындалган. Ага катышкысы келерин билдирип, Борбордук шайлоо комиссиясына 44 партия арыз берип, ар кандай себептер менен 14-августка карата анын үчөө саясий жарыштан баш тартты.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG