Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:10

БШК партиялардын документтерин алып бүттү


Жогорку Кеңеш. 2015-жыл
Жогорку Кеңеш. 2015-жыл

Жогорку Кеңешке шайлоого барчу талапкерлердин тизмесин Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) берүү аяктады. Ал арада айрым саясий бирикмелер кайра ыдырап, шайлоо сайын партиядан партия которгондор талкууга түштү.

БШКга талапкерлердин тизмесин берүү бүттү

Жогорку Кеңешке шайлоого аттанчу талапкерлердин тизмесин Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) берүү аяктады. Партиялар азырынча 10-20 адамдын гана аты-жөнүн чыгарып, толук курамын жарыялабай турушат. Ал арада айрым саясий бирикмелер кайра ыдырап, шайлоо сайын партиядан партия которгондор талкууга түштү.

24-август партиялардын БШКга өз талапкерлеринин тизмесин тапшыра турган акыркы күнү болчу.

Жогорку Кеңешке шайлоого аттанган партиялардын 17си БШКга талапкерлердин тизмесин жана тийиштүү документтерди тапшырып үлгүрдү. Алардын бири – «Актив» партиясы шайлоо фондун төлөй элек.

Бул тууралуу 24-августта БШКнын басма сөз катчысы Руслан Изреков билдирди.

Эрежеге ылайык, партиялар 24-августта кечки саат алтыга чейин тизмесин жана документтерди тапшырып, жарышка расмий уруксат алууга тийиш.

Бардык талапты аткарган 16 партия төмөнкүлөр:

«Кыргызстан»,

«Биримдик»,

«Бир Бол»,

«Республика»,

«Ата Мекен»,

«Мекеним Кыргызстан»,

«Мекен Ынтымагы»,

«Мекенчил»,

«Реформа»,

«Социал-демократтар»,

«Ыйман Нуру»,

«Бүтүн Кыргызстан»,

«Замандаш»,

«Чоң Казат»,

«Ордо»,

«Ооган согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы».

БШК дагы башка партиялар документтерин беришкенин, алар тууралуу маалымат толукталып жарыяланарын кабарлады.

Башта парламенттик шайлоого катышарын 44 партия билдирген. Алардын ичинен 23 партия жыйын өткөрдү. Бирок жыйын өткөргөн партиянын баары тең шайлоого барат деген кепилдик жок. Калган 21 саясий уюм ар кандай себептер менен шайлоого катышпай турган болду.

БШКга тиешелүү документтерди бербеген, шайлоо күрөөсүн төкпөгөн, тизмеде көрсөтүлгөн квотаны сактабаган партиялар саясий жарышка катыша албайт. БШК талапкерлердин тизмесин алгандан кийин партиянын катарындагы адамдардын соттуулугун, жарандыгын текшерип чыгат жана 3-сентябрга чейин кайсы партиялар шайлоого катыша алары аныкталат.

Сариев эки партиядан кетти

Кыргызстанда буга чейинки ири саясий окуяларда болуп келгендей эле бул жолу да биригип, бөлүнгөндөр болуп жатат. Мурдагы премьер-министр Темир Сариев бир эмес, эки партия менен биригип, акырында шайлоого такыр эле катышпай турган болду. Ал парламенттик шайлоого адегенде «Ата Мекен - Жаңы дем» альянсы менен барарын жарыялап, кийин андан чыккан. Андан соң «Бүтүн Кыргызстан» партиясына кошулуп, партиянын курултайына да катышкан. Бирок бул биригүүсү да оңунан чыккан жок.

«Бул чечим мага оңой болгон жок, - деди ал. - Түшүндүрүү кыйын. Эч кимди күнөөлөбөйм. Күнөө менде. Менин принциптеримде. Менин дарегиме ачуу сөздөр айтылат. Тилдешет, сындашат. Чындыкка жатпаган сөздөр да айтылат. Мен мунун баарын көтөрүүгө даярмын».

Саясатчы көчмөндөр

Темир Сариевдин окуясы кыргыз саясатындагы «миграция» маселесин козгоду. Бул Жогорку Кеңештин депутаттарынын мисалында даана көрүнөт. Маселен, парламенттеги КСДП фракциясынын депутаттары башка партияларга тарап кетти.

Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

2010-2015-жылдары КСДПдан депутат болуп шайланган Төрөбай Зулпукаров шайлоого «Биримдик» партиясы менен баратат. Ал КСДПнын жигердүү мүчөсү деп эсептелчү. КСДПчылар Марат Аманкулов, Евгения Строкова да «Биримдикке» кошулду. Ушул эле партия менен депутат болгон Искендер Матраимов, Гүлкан Молдобекова «Мекеним Кыргызстан» партиясынын катарын толуктады.

2015-жылы КСДПдан депутат болгон Жанарбек Акаев, Элвира Сурабалдиева, Абдывахап Нурбаев жана Рыскелди Момбеков «Ата Мекенге» өттү.

«Ата Мекен» фракциясынан депутат болгон Каныбек Иманалиев «Мекеним Кыргызстандын» отурумуна катышып жүрөт. Бирок азырынча тизмеден көрүнбөйт. Иманалиев парламенттин V чакырылышына «Ар-Намыс» менен, VI чакырылышына «Ата Мекен» менен шайланып келген.

Дагы башка «ата мекенчилер» Айсулуу Мамашева жана Искендер Гаипкулов «Замандашка» кошулуп шайлоого баратышат. Экс-депутат, Жогорку Кеңеште «Ата Мекен» фракциясынын лидери да болгон Алмамбет Шыкмаматов шайлоого «Бир Бол» партиясын баштап баратат.

«Саясатчылар парламентке келиштин амалын кылууда»

Социолог, изилдөөчү Самарбек Сыргабаев бул көрүнүштү саясатчылардын кандай гана жол менен болбосун Жогорку Кеңешке келүү аракети катары баалады.

Самарбке Сыргабаев.
Самарбке Сыргабаев.

«Демек, алар идея үчүн иштеген жок да. Партия бийликке жеткирген социалдык лифт болуп калды. Эң жаманы - жаштар, активисттер шайлоого бир, эки ай калганда эле партияга кошула калып укмуштуудай карьералык өсүш жасап, кызматка отуруп калыш керек деп максат коюшат. Карьералык өсүштү эволюциялык жол менен жасап, тажрыйба топтоо деген моделдер иштебей калды».

2015-жылы шайлоодо экинчи болуп келген «Республика – Ата Журт» фракциясынын депутаттары да чачырап кетти. Депутаттар Жыргалбек Турускулов, Табалды Тиллаев жана Марлен Маматалиев «Мекеним Кыргызстанга» кошулса, Умбеталы Кадыралиев «Замандаш», Курманкул Зулушев «Мекенчил» партиясы менен шайлоого баратат.

«Өнүгүү-Прогресс» фракциясында деле ушул көрүнүш. Ал партиядан депутат болгон Мирлан Бакиров «Мекеним Кыргызстанга» лидер болсо, дагы бир депутат Тазабек Икрамов «Кыргызстан» партиясы менен шайлоого барганы калды. Санай берсе тизме дагы уланып кете берчүдөй.

Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров муну парламенттик башкарууга багыт алган өлкөдөгү мыйзам ченемдүү көрүнүш деп эле кабыл алат.

Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

«Бул жалаң эле кыргыз парламентинде болуп жаткан окуя эмес да. Башка мамлекеттерде деле ушундай. Айрым калыптанып калган 2-3 партиясы үстөмдүк кылган өлкөлөрдө эле саясатчылар туруктуу, - деди Акылбек Жапаров. - Убагында Улуу Британияда парламентке мүчө болуш үчүн Уинстон Черчилл деле 11 жолу партия алмаштырган. Бирок бир партия түптөлүп, алар алдына койгон максатын аткармайынча чогуу болсо жакшы болмок. Убактылуу Өкмөт Кыргызстанда ошон үчүн 2010-жылы парламенттик башкарууга ыктап, күчтүү партиялар түптөлсө деп ойлосо керек. Азыр болсо партиялар тескерисинче чачыранды болуп шайлоо учурунда гана чогула турган партиялар же бирөөлөр айткандай «саясий клуб» болуп калды».

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Туратбек Мадылбеков Кыргызстанда саясатчылардын шайлоо алдында партиядан партия которуп жатышын партиялык курулуштун жоктугу менен байланыштырды.

Туратбек Мадылбеков.
Туратбек Мадылбеков.

Ал партияга саясий көз карашы төп келген адамдар биригиши керек экенин, мандатты кууп ар кандай күчтөр менен биригүү парламенттик системага зыянын тийгизерин айтты:

«Саясий партиялар боюнча мыйзамды толугу менен кайра иштеп чыгыш керек. Ал документ ушул күндөрү эле алдыда дагы 15-20 жыл туруктуу иштей тургандай болушу керек. Ар кандай партияларга кошула бергендер бөгөт койбосо болбойт. Себеби, алар бүгүн социалисттерге, эртең либералдарга, эртеси улутчулдарга кошула берет. Ушул да партиябы?»

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрга дайындалган. 4-сентябрда бир айлык үгүт иштери башталат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG