Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
бейшемби, 9-апрель, 2020 Бишкек убактысы 22:44

Маалымат жетпеген жерде дарт көбөйөт


Иллюстрациялык сүрөт.

Акыркы жылдары Кыргызстанда сарык, кургак учук, адамдын иммундук таңсыктыгы, альвеококкоз, эхинококкоз деген жугуштуу ооруларды жуктуруп алып, ден соолугунан ажырагандардын саны көбөйүп жатат.

Буга эмне себеп? Эл арасында өз ден соолугу үчүн кам көрүп, медициналык гигиеналык талаптарды аткаруу жоопкерчилигинин жоктугубу же саламаттык сактоо тармагынын элге түшүндүрүү иштерин жүргүзбөгөндүн натыйжасыбы?

«Арай көз чарай» талкуусуна Улуттук фтизиатрия борборунун терапиялык клиникасынын жетектөөчү илимий кызматкери, медицина илимдеринин доктору Атыркүл Токтогонова, Cаламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын-алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин жетектөөчү адиси Султан Суранбаев жана жарандык активист Нургазы Батырбеков катышты.

«Азаттык»: Мен алгачкы суроону Нургазы мырзага берейин деп турам, себеби Нургазы сарык жугузуп алып, ал оору менен өмүр бою күрөшө турган жарандардын башын кошкон жарандык активист болууга мажбур болду. Нургазы мырза, сиз сарыкты кайдан, кантип жугузуп алдыңыз эле? Дегеле ал оору жана андан кантип сактануу жөнүндө мурда билчү белеңиз? Сарык оорулуу болуп калганыңызга ким күнөөлүү деген ойдосуз?

Нургазы Батырбеков: Мен бул дартты 1998-жылы ооруканада жуктуруп алгам. Кандай жукканын так билбейм. Маалыматтын жоктугунан улам жуктургандан кийин маани бербей, этибарга албай ичип-жеп жүрө бериптирмин. 2013-жылы С формасына Д формасы кошулуп, супервирус деген абалга туш болдум. Канча каражат, күч кетирип, дарыланып жатам, бирок айыкпай турганымды билем.

Башкалар мага окшоп оору жугузуп алып кыйналбасын деп, бир жарым жылдан бери өкмөткө кайрылып, эл сарык жугузбаган вакцина менен эмделсин деп талап кылып жатам. Анткени айыл жерин мындай кой, шаардагы жарандарга вакцина жасалбайт. Вакцинадан элдин кабары да жок.

Жакында Жалал-Абадга барып келдим. Ал жерде эскилиги жеткен рентген аппараттары дагы эле иштеп жатыптыр. Алар эбак таштандыга кетиши керек эле. Жаңы аппараттардын жоктугу эң чоң көйгөй.

«Азаттык»: Демек эл арасында жугуштуу коркунучтуу оорулар тууралуу маалымат жокпу?

Ар бир үч же алты ай сайын жөнөкөй эле анализ үчүн 2500 сомдон 12 миң сомго чейин төлөшүбүз керек. Оорунун айынан иштебегендер канча? Анализге, дарыга акча табуу эле абдан кыйын.
Нургазы Батырбеков.


Нургазы Батырбеков: Маалымат бар, бирок элдин аң-сезимине таасир бергендей деңгээлде эмес. Азыр баары Интернет колдонушарын, мурдагыдай телевизор көрүшпөгөнүн эске алышпайт. Элге маалымат берүү үчүн эмнеге Интернетти колдонгулары келбесин мен такыр түшүнбөйм.

Ал эми ооруну жугузуп алган адамдар өзү менен өзү болуп калат. Албетте, алгач бекер дарыланышат, бирок кийин өнөкөт болгондон кийин эч кандай колдоо жок. Ар бир үч же алты ай сайын жөнөкөй эле анализ үчүн 2500 сомдон 12 миң сомго чейин төлөшүбүз керек. Оорунун айынан иштебегендер канча? Анализге, дарыга акча табуу эле абдан кыйын.

«Азаттык»: Султан мырза, Нургазыдай болуп түрдүү жугуштуу ооруну жугузуп алган адамдар көп болууда. Алардын айрымдары оорудан кантип сактануу керектиги жөнүндө такыр эле кабарсыз, себеби ооруну жугузуп албоо үчүн кандай медициналык, гигиеналык талаптарды аткарганды билишпейт. Эмне үчүн калк арасында тушүндүрүү же жайылтуу иштери кеңири жүргүзүлбөй жатат? Же бул өзгөчө каражатты же долбоорду талап кылган ишпи?

Султан Суранбаев: Бул оору тууралуу маалымат калк арасында кеңири жайылган. Анткени бул эбактан бери келаткан оору. Азыр жайылып жаткан коронавирустай жаңы пайда болгон оору эмес. Азыр оорулуулардын санынын көп болуп жатышына ооруну аныктоонун жакшырганы башкы себеп. Ошон үчүн азыр сарыктын беш түрүн тез эле аныктоого жетиштик.

2000-жылдан бери бала төрөлөр замат эмделет. Ошол жылы төрөлгөн балдар азыр 19 жашка чыгып калышты. Алардын арасында бул оору кездешпейт. Медицинада эмдөөнүн эффективдүүлүгү деген түшүнүк бар. Анткени элдин бардыгын эле эмдей бербейбиз. Биринчи кезекте тобокелдүү топтогуларды эмдейбиз. Ал топко сарыктын вирусу менен түздөн-түз туш келчү шартта иштеген адамдар кирет жана алардын саны жыйырмага жакын. Мисалы, алар дайыма хирургиялык операция жасагандар, кош бойлуу аялдар, донорлор жана башкалар. Биринчи кезекте мына ушундай топко кирген адамдар эмделет.

«Азаттык»: Бул оорудан сактаган вакцинаны катардагы адам үч жолу 1800 сомго жасатса болот деп Республикалык вирустук ооруларды көзөмөлдөө илимий борборунун жетекчиси Зурудин Нурматов билдирди. Анда эмне үчүн элге ушундай маалымат жетпей жатат?

Сарык көп жуккан жайларды катуу көзөмөлгө алууга ишкерликти колдоо үчүн киргизилген мораторий чоң тоскоолдук болууда. Анткени аларды санитардык көзөмөл департаменти текшере албайт.
Султан Суранбаев.


Султан Суранбаев: Бул оорунун беш түрү бар, бирок анын бирөөнө гана каршы вакцина бар. Калгандарына каршы дары ушул күнгө чейин табыла элек. Бул боюнча айтып эле жатабыз, бирок элдин маалыматты тез унутуп, өздөрү сактанышпаганы чоң көйгөй.

Ал эми статистика боюнча сарык көп жуккан жайларды катуу көзөмөлгө алууга ишкерликти колдоо үчүн киргизилген мораторий чоң тоскоолдук болууда. Анткени аларды санитардык көзөмөл департаменти текшере албайт. Ал эми ооруну алып жүрүп, анын башкаларга жугушуна жол берген адамдарга, ишкерлерге карата жаза берүү чарасын күчөтүү зарыл деген ойдобуз.

«Азаттык»: Атыркүл айым, мындан бир нече жыл мурун Бишкектеги миңдеген студент окуган бир жогорку окуу жайда кургак учуктун ачык түрү менен ооруган студент жүргөнүн билгенде аябай таң калгам. Ал ооруганын жашырганын бери дегенде жарандык жоопкерчиликти сезбегендик деп бааласа болот. Азыр ошондой студенттер гана эмес, саламаттык сактоо тармагында иштеген дарыгерлер арасында вирус алып жүргөндөр бар экен. Ушундай көрүнүштү жоюу үчүн кандай аракеттер көрүлөт? Дегеле бирдиктүү саясат же талап барбы?

Кургак учукту аныктоо жана дарылоо боюнча жакшы жетишкендиктер бар. Анткени диагностика коюу жаатында жаңы ыкмалар киргизилди. Какырык аркылуу эки саатта аныктоочу 24 машина бар.
Атыркүл Токтогонова.


Атыркүл Токтогонова: Акыркы кезде кургак учукту аныктоо жана дарылоо боюнча жакшы жетишкендиктер бар. Анткени диагностика коюу жаатында жаңы ыкмалар киргизилди. Какырык аркылуу эки саатта аныктоочу 24 машина бар. Алар калк көп жашаган жерлерге коюлган.

Экинчи метод хайн тест деп аталат. Аны менен жыйынтык эки күндүн ичинде чыгат. Кургак учуктун эки түрү бар, бири дарыларга туруктуулугу жок. Аны алты ай ичинде дарыласа болот. Экинчиси дарыларга көнүп калган түрү.

Бул ыкмалар менен дарылоодо натыйжа болбосо үчүнчү ыкма менен дарылайбыз. Бул оору жөнүндө калк арасында түшүнүк аз дегенге мен макул эмесмин. Айылдагы ФАПтан баштап, бардык жерде түшүндүрүү иштери кеңири жүргүзүлөт. Ар жылы февралдан март айына чейин кургак учукка каршы дүйнөлүк деңгээлде күрөшүү айлыгы болот. Ошондо аябай көп иш-чаралар өткөрүлөт, атайын лекциялар окулат. Ушундан улам болсо керек, 2000-жылы ар бир 100 миң кишиге карата кургак учуктун көрсөткүчү 127 киши болсо, азыр ал сан 83кө түштү. Бул оорудан каза болгондордун саны 2000-жылы ар бир 100 миң кишиге карата 27 болсо азыр 4,5-5ке түштү.

«Азаттык»: Демек улуттун саламаттыгы жана келечек муундун жакшы жашоосун камсыз кылуу үчүн бүгүнтөн баштап ар бир адам өз ден соолугу үчүн өзү жоопкерчиликтүү болушу керек, саламаттык сактоо тармагы болсо дарылоону бизнес кылбай Конституцияда жазылгандай, ар бир жарандын саламаттыгын камсыз кылуу үчүн иштеши керек, бирок ал үчүн эл арасында медициналык сабатсыздыкты жоюу аракетин улуттук идеология деңгээлине чейин көтөрүү зарыл деген ойдо талкуубузду аяктайлы.

Талкууну толугу менен видеодон көрсөңүз болот.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    "Азаттыктын" кызматкери, журналист. Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, саясий илимдердин кандидаты. Кыргыз Мамлекеттик университетинин журналистика жана юридика бөлүмдөрүн бүтүргөн. 

XS
SM
MD
LG