Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:42

Боор хирургиясындагы алдыңкы тажрыйбалар


Соңку мезгилде Кыргызстанда өзгөчө ветеринардык кызматтын начарлап кетишинен да боор оорулары өсүп кетти. Элдин көпчүлүгү да боор оорулары менен дарыгерлерге кеч кайрылышууда.

Кыргыз гепатологдору же болбосо боор хирургиясы боюнча дарыгер адистери КМШ мамлекеттери боюнча гепатологдордун Орусиянын Екатеринбург шаарында өткөн жыйынына катышып келишти. Алардын бири Улуттук хирургия борборунун боор хирургиясы бөлүмүнүн жетекчиси, медицина илимдеринин кандидаты Эрнис Тилеков “Азаттыкка” жыйын бир топ тажрыйбаларды бергенин маалымдады:

- Баарынан жакканы – орустардын хирургдарынын илимий докладдары болду. Чынында орустун хирургдары бир топ алдыга кетишиптир. Ал ийгиликтердин башкы себеби – аларда заманбап техникалык жабдуулардын болушу. Дүйнөлүк бай өлкөлөр жасап жаткан татаал операцияларды орус хирургдары жасап жатышыптыр. Боорду алмаштыруу проблемасы боюнча орус хирургдары кинотасмаларды көрсөтүштү. Мисалы мурда бир донордон алынган боорду бир гана оорулууга салышчу. Азыр орус хирургдары бир донордун боорун экиге бөлүп, эки адамга сала башташыптыр, донордун жетишсиздигинен.

Жыйында андан кийинки көтөрүлгөн проблема – уйку без проблемасы болду. Бул жагынан да аларда жетишкендиктер чоң экен. Эми боор алмаштыруудан башка операцияларды биз деле жасап жатабыз. Мисалы боордун жартысын алып салуу, үчтөн бирин кесип салуу дегендей.

Эрнис Тилековдун айтымында кыргыз хирургдары деле шаймандардын, жабдыктардын жетишпестигине карабастан бир топ татаал операцияларды ишке ашырып келатышат. Бирок албетте учурда жок болуп жаткан боор хирургиясына зарыл шаймандар болгондо – операциялар бир топ жеңил жасалмак:

- Биздеги эң көйгөйлүү маселелердин бири эле – заманбап техникалык шаймандардын жетишсиздиги. Түшүнүп турам албетте, экономиканын начардыгына байланыштуу мунун баары. Мисалы кан чыгарбай кескен скальпелдер болот. Эми анын түрлөрү көп: суу менен атырылып чыгып кеткени бар, ультразвук менен кескени бар, лазер менен кескени бар. Эгер ушул шаймандар бизде да болгондо, операциянын мөөнөтү кыйла кыска болуп, жеңил болмок.

Кыргызстанда өзгөчө кийинки убакта боордун эхинококкоз, алвеококкоз деген дарттары өсүп жатат. Эгер адам бул дарттарга кабылса, боордун кайсы бир бөлүгүн кесип салууга туура келет.

Маектешибиз, Улуттук хирургия борборунун боор хирургиясы боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Эрнис Тилеков мисалы өзү жеке жылына 150-170 боор операциясын ишке ашырат. Андыктан Эрнис Тилеков – көпчүлүк эл оору өтүшүп кеткенден кийин келип жатышканынан улам, операциялардын саны да жыл өткөн сайын өсүп жатканын өкүнүү менен белгиледи:

- Боор ооруларынын өсүп кетишинде - эң биринчи элибиз медициналык сабатынын төмөндүгүн көрсөтүп жатат. Бир жылда бир көрүнүшпөйт. УЗИ аппараттар азыр бардык жерде бар эмеспи. Эртерээк келишсе, боордун жабыркаган бөлүгү да кичине болуп, дарылоо да оңой болмок. Толук айыгып кетүүгө мүмкүнчүлүк да түзүлмөк.

XS
SM
MD
LG