Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:44

Соттолгондорго жол ачкан кыргыз шайлоосу


Депутаттардын төш белгиси.
Депутаттардын төш белгиси.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) иши тергелип жаткан жана соттуулугу жоюлганы боюнча маалыматы жок 50дөн ашык талапкерди парламенттик жарышка коё берди.

Мекеме алар боюнча сот чечими чыкса, тизмеден чыгарыларын билдирүүдө. Ошол эле учурда партиялардын катарында мурда жоопкерчиликке тартылып, акталган же соттуулугу алынган 200дөн ашуун киши бар. Бул жагдай коомчулукта кызуу талкууланып жатат.

Тизменин ичиндеги күмөндүү тизме

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышып жаткан 15 саясий партиянын талапкерлеринин тизмесин Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) мамлекеттик «Эркин Тоо» гезитинин атайын санына жарыялады. Анда көрсөтүлгөндөй, партиялар алды 150-200дөн, арты 70-80ден талапкер көрсөтүштү.

БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов алардын ичинде айрымдарынын иши тергөөдө жана сотто экенин кабарлап, шайлоого чейин чечим чыкса жарыштан четтетилерин билдирди:

«Мыйзамга ылайык, соттуулугу бар жарандар шайлоолорго талапкер катары катышуу укугунан ажыратылган. Шайлануучу кызматка, ошол эле Жогорку Кеңешке бараткан талапкерлерде соттуулугу болбош керек. Эгер соттолгон болсо мыйзамда көрсөтүлгөн жолдор менен алынып салынган же жоюлган болуш керек. Бирок эгерде катталгандан кийин да соттун айыптоочу өкүмү чыгып калса, анда мыйзамдуу күчүнө кирген соттун өкүмү талапкерди тизмеден алып коюуга негиз болуп эсептелет».

БШК кылмыш жоопкерчилигине тартылган жана соттуулугу жоюлган талапкерлер боюнча так маалымат жакын арада мекеменин сайтына коюларын ырастады.

Мунун алдында, 3-сентябрдагы жыйында БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова кылмыш жоопкерчилигине тартылып, бирок акталган же соттуулугу жоюлган көпчүлүк талапкерлер тууралуу маалыматтар такталганын айткан. Бирок ал кылмыш жоопкерчилигине тартылган же иши каралып жаткан 58 талапкердин соттолгон же соттолбогону тууралуу маалыматтар алардын колуна тийе элек экенин кошумчалаган.

Андан бери социалдык тармактарда соттолгон талапкерлер боюнча тизме тарады. БШК аны расмий ырастай элек, бирок андагы сандар мекемеде расмий айтылган маалыматтарга окшош жана партиялар берген сандарга дал келет.

Партиялардын ичиндеги соттолгон, соттуулугу жоюлган жана ал тууралуу маалыматы так эмес талапкерлер жөнүндө Интернетке жарыяланган тизме.
Партиялардын ичиндеги соттолгон, соттуулугу жоюлган жана ал тууралуу маалыматы так эмес талапкерлер жөнүндө Интернетке жарыяланган тизме.

Демек, ал тизмеге ылайык, партиялар алгач сунуш кылган 1957 талапкердин 223ү мурда соттолуп, бирок акталгандар. Дагы 55 кишинин иши боюнча соттун чечими жок экени белгиленген.

Береги тизме коомчулукта талкуу жаратууда. Айрымдар буга «парламентке кылмышкерлер баратат» деп түшүндүрмө берип, сынга алышты.

Журналист Кудрет Тайчабаров да ушундай пикири менен бөлүштү:

«Бул көрүнүш - «Бригада» сериалындагы «Братва рвется к власти» деген эле көрүнүш. Ал ойлонуп табылган чыгарма болсо, бул биздин жашообуз болуп жатат. Мурда бийлик криминал менен менен кызматташып, шайлоодо колдонуп келсе, эми криминалдар өздөрү да парламентке баратат дегенден кабар берет. Биз буга көңүл бурбасак, келечекте Сицилияга айланып калышыбыз мүмкүн. Бизде соттолгон саясатчы кайра шайлоого бара бергени кадимки көрүнүш болгондуктан, моралдык жактан люстрация болбой жатат. Соттолгондордун массалык баратканы экинчи мүшкүл, эң чоң мүшкүл - жалаң сабатсыздардын баратканы. Парламенттик шайлоодо талапкерлерди катташ үчүн экзамен алууну мыйзамга киргизбесе, эртең көк мээлер деле уялбай депутат болом деп чыга баштайт. Ошондо эл алардын чыныгы деңгээлин билмек. Эгер азыркы жол менен бара берсек парламентаризмди жоготуп алабыз».

«Соттолгон адам милиция боло албаса, депутат да боло албашы керек»

Расмий эмес тизмеде көрүнүп тургандай, мурда соттолгон адамдардын эң көбү «Мекеним Кыргызстан» партиясынын катарында. Анда 31 адамдын соттуулугу жоюлганы жана эки талапкердин иши боюнча маалымат жок экени маалымдалган.

Партия өкүлү Элнура Алканова бул жөнүндө комментарий берип, кеп болуп жаткан талапкерлер саясий куугунтук аркылуу же жарандык иштер аркылуу жоопкерчиликке тартылганын белгиледи. Анын пикиринде, талапкерлердин соттуулугу жоюлса, алардын баары шайланууга укуктуу.

«Ал тизмеде соттолуп, анысы жоюлган адамдар башка партияларда деле бар экенин көрдүк, - деди партия өкүлү. - Болгону биз 200 талапкердин тизмесин бергенибиз үчүн, ошондой 30 болуп, көптөй көрүнүп калыптыр. Ошондуктан башкаларда азыраак, биздин партияда көбүрөөк деген туура эмес. Экинчиден, соттуулугу алынып салынган болсо, ал адамдын шайлоого катышуусуна Конституция жол берет. Анын үстүнө соттолуучу дегенде бул жерде жалаң криминалдык деле чечим эмес. Административдик, жарандык иштер боюнча, айыппул салынып же жөн эле жол эрежесин бузууга байланыштуу кандайдыр бир жоопко тартылып, анан кийин кайра анысы жоюлгандар да бар. Алардын өмүр баянында да ошентип жазылып калат экен. Ошон үчүн соттолуп, анысы жоюлгандардын баарын бандиттер, криминалдар деп атап, мойнуна илген туура эмес. Мындай дискриминацияга жол бербешибиз зарыл, ар бир жарандын тең укугу болушу керек. Партиянын талапкерлеринин тизмеси курултайда бекитилген. Эртең парламентке кандай адамдар барарын эл өзү тандап, шайлайт».

Андан кийинки кезекте «Биримдик» жана «Мекенчил» партиялары турат - алардан 24төн талапкер жоопкерчиликке тартылып, кайра соттуулугу жоюлган болсо, дагы беш-алтыдан талапкердин иши боюнча маалымат жок. Бул партиялардын өкүлдөрү юристтер менен кеңешкенден кийин маалымат берерин билдиришти.

Калган партиялардан «Бир Болдо» 22, «Ата Мекенде» 18, «Республикада» 18, «Мекен Ынтымагында» 17, «Замандашта» 15, «Чоң Казатта» 15, «Социал-демократтарда» 13, «Ыйман Нурунда» 11, «Ордодо» жети, «Ооганстан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясында» беш, «Реформада» үч талапкер мурда соттолуп же соттуулугу жоюлган же кайра акталган.

Мындан сырткары «Социал-демократтар» партиясынын дагы 11 талапкеринин, «Кыргызстан» партиясынын беш талапкеринин иши боюнча соттун чечими жок экени айтылат. Калган партияларда да жогоруда айтылгандардан сырткары соттун чечими чыга элек эки-үчтөн же төрт-бештен талапкери бар.

Мурдараак Кыргызстанда президенттикке жана депутаттыкка талапкерлерге карата соттуулугу жоюлганына карабай оор кылмыш үчүн соттолгон адамдардын шайланышына чек коюу жөнүндө демилге көтөрүлгөн эле. Бул боюнча парламентте бир нече жолу мыйзам долбоору сунушталып, өтпөй калган.

Алардын биринин демилгечиси, Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев өз мыйзам долбоорун чакыртып алганын билдирди:

Кенжебек Бокоев.
Кенжебек Бокоев.

«Мен алгач бешинчи чакырылышта мыйзам долбоорун сунуш кылып, анда соттолгон адамдар президенттикке жана парламенттин депутаттыгына талапкер катары таптакыр катыша албасын деп сунуш кылгам. Анткени бүгүнкү күндө соттолгон адам президент, депутат же министр боло алат, бирок катардагы участкалык милиция кызматкери боло албайт. Соттолгон адам жөнөкөй милиция боло албаса, башкы командачы да боло албашы керек. Бирок аны биринчи окуудан өткөрүп, экинчи окуудан өткөрбөй коюшкан. Алтынчы чакырылышка келгенде мен оор жана өтө оор кылмыш боюнча соттолгондор, соттуулугу алынса да талапкер боло албасын деп өзгөртүп, кайра сунуш кылдым. Башкача айтканда беш жылдан көпкө камалгандар, анткени алар беш жыл түрмөдө олтурса «каралардын» катарына кошулуп калат да. Бирок мыйзамды бир жылдап комитетке киргизбей туруп алышты. Ошол убакта Өмүрбек Текебаев, Садыр Жапаров баш болгон бир нече саясатчылар да соттолуп кетти. Анан мен кайра ойлонуп, саясатчыларды буюртмага салып, кайсы бир берене менен соттоп туруп, саясаттан четтетип салууга негиз бар экен деп калдым. Эгер менин мыйзамым кабыл алынып калса, ал саясатчылар шайлоого катыша албай калмак экен. Ошол себептүү мен мыйзам долбоорумду азыр эртерээк экен деп, кайра чакыртып алдым. Бирок соттор өз алдынча болуп, бийликтен көз каранды болбой калганда муну киргизиш керек деп эсептейм».

Эгер азыркы талапкерлерден белгилүүлөрүн атасак, «Мекенчил» партиясынын лидери Камчыбек Ташиев, дагы бир талапкери Равшанбек Сабиров, «Мекеним Кыргызстандын» талапкери Акматбек Келдибеков, «Кыргызстан» партиясынын талапкери Талантбек Мамытов жана башкалар соттолуп чыгышкан. Мындан сырткары «Замандаш» партиясынан 2010-жылкы апрель окуясы үчүн соттолгон, мурдагы башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиев да шайлоого баратат. Маалым болгондой булардын соттуулугу жоюлганы кабарланган.

Мурдараак «Бүтүн Кыргызстан» партиясынан шайлоого бармакчы болгон, Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Өмүрбек Суваналиев бир катар партиялар Камчы Көлбаевдин калкалоосу менен саясий жарышка чыкканын жарыя кылган. Ал мындай жол менен бийликке криминалдар келип каларын эскерткен.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG