Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:23

«Биримдикке» бириккен аткаминерлер


Акылбек Жамангулов, Улукбек Кочкоров, Төрөбай Зулпукаров, Евгения Строкова, Талас Бегалиев, Аида Касымалиева, Марат Аманкулов, Азамат Арапбаев, Асылбек Жээнбеков, Махабат Мавлянова, Замирбек Осмонов, Айнура Осмонова, Улан Примов, Гүлшат Асылбаева, Өмүрбек Бакиров, Аида Исмаилова.
Акылбек Жамангулов, Улукбек Кочкоров, Төрөбай Зулпукаров, Евгения Строкова, Талас Бегалиев, Аида Касымалиева, Марат Аманкулов, Азамат Арапбаев, Асылбек Жээнбеков, Махабат Мавлянова, Замирбек Осмонов, Айнура Осмонова, Улан Примов, Гүлшат Асылбаева, Өмүрбек Бакиров, Аида Исмаилова.

Бийликчил деп саналган «Биримдик» партиясынын талапкерлеринин тизмеси, катар саны жазылган сүрөт социалдык тармактарга тарады. Парламенттик шайлоого аттангандардын арасында президенттин иниси Асылбек Жээнбеков, мурдагы жана азыркы мамлекеттик кызматкерлер бар.

«Биримдик» саясий партиясы Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) 200 талапкердин тизмесин тапшырган. Партиянын жыйынынан кийин алдыңкы 16 талапкер тууралуу маалымат берип, толук тизмесин жарыялабай жаткан. Интернетке саясий уюмдун катарынан шайлоого бараткан 200 адамдын аты, катар саны жазылган сүрөт тарады. Ал буга чейин айрым сайттар жазып чыккан тизмеге туура келет.

Коомчулукта, саясий чөйрөдө бийликтин партиясы деп аталып келаткан «Биримдикке» кимдер киргени тууралуу сөз кылабыз.

Партияны «Мегаком» соода маркасы менен иш жүргүзгөн «Альфа Телеком» мамлекеттик ишканасынын жетекчиси, 32 жаштагы Акылбек Жамангулов баштап баратат. Ал 2015-жылы «Республика – Ата Журт» фракциясынан депутат болуп, 2018-жылы «Мегакомдун» директорунун кызматына дайындалган. Ал компанияны жетектеп турган кийинки убакта телеканалдарга дембе-дем чыгып, экрандан түшкөн жок. Шайлоого баратканы тууралуу маалыматтарды акыркы күнгө чейин четке кагып келген.

Тизмеде экинчи болуп шайлоого байланыштуу эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин кызматын убактылуу тапшырган Улукбек Кочкоров баратат. Ал парламенттин V чакырылышында «Ата Журт» партиясынан депутат болгон.

Байлардын башы бирикти

«Биримдик» - депутаттарга бай партия. Катарында Жогорку Кеңештин 30га чукул депутаты бар. Үчүнчү орунга алардын бири Төрөбай Зулпукаров жайгашкан. Ал парламенттин V жана VI чакырылышына КСДПдан депутат болуп шайланган.

Дагы бир КСДПчы депутат Евгения Строкова «Биримдик» партиясынан төртүнчү катар менен шайлоого аттанды. Ал өкмөттүк эмес уюмдардын ишин көзөмөлдөөнү караштырган мыйзам долбоорунун авторлорунун бири катары таанымал. Депутат сөз болуп жаткан документти парламентте кызуу коргоп, коммерциялык эмес уюмдар чет жактан алган каражатты текшериш керек экенин айтып чыккан.

КСДП фракциясынын депутаты, вице-спикер Аида Касымалиева да «Биримдикке» кошулуп, талапкерлердин тизмесинде сегизинчи катарды ээледи. Жакында эле Өзгөн районундагы Ботобеков атындагы орто мектептин директору Рахат Камбардинованын күйөөсү Нуркан Осмоналиев Касымалиева анын аялына телефон чалып, башка партияларга үгүт жүргүзүп жатканы үчүн кызматтан алып коёрун айтып, коркутканын билдирген. «Биримдик» бул маалыматты четке каккан.

Депутаттар Марат Аманкулов (№11), Айбек Алтынбеков (№13) Бакирдин Субанбеков (№15), Пархат Тулендыбаев (№22), Жаныбек Бакчиев (№26), Махабат Мавлянова (№28), Абтандил Кулбараков (№39), Нурбек Тотонов (№43), Сайдолимжон Жураев (№46), Нодирбек Каримов (№55), Абдыбек Дүйшалиев (№57), Абдумажит Юсуров (№67), Бактыбек Турусбеков (№71), Айнура Аскарова (№89), Абылкайыр Узакбаев (№170) да «Биримдик» менен шайлоого катышат.

Сөз болуп жаткан партия менен шайлоого аттанган депутаттар Гүлшат Асылбаева (№32) менен Айнура Осмонова (№44) өзүнчө сөз кылууга татыйт. Эки депутат «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоорун иштеп чыгып жарандык коомдун сынына кабылган. Өлкөдөгү сөз эркиндиги жана демократиялык баалуулуктарды чектейт деген чочулоого карабай парламент кабыл алган мыйзамды президент кайра иштеп чыгыш үчүн артка кайтарган.

Шайлоо сайын партия алмаштырган айрым депутаттар да «Биримдик» партиясы менен саясий жарышка баратат. Алар: депутат Азамат Арапбаев (№19) качып кеткен президент Курманбек Бакиевдин «Ак Жол» партиясында болчу. 2010-жылдан кийин «Ата Журт» партиясына кошулуп, 2015-жылы парламентке КСДП менен депутат болуп келген. Эми «Биримдик» менен шайлоого аттанды.

Депутат Улан Примов (№17) 2010-жылы «Ата Журт» партиясында болчу. Кийин «Республикага» кошулуп, 2015-жылы КСДП менен Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган. Азыр «Биримдикте» 17-катарда.

Исхак Пирматов (№31) 2010-жылы «Республика» фракциясынан депутат болгон. VI чакырылышта «Бир Бол» менен парламентке шайланган. Эми «Биримдикке» кошулду. Кайсы партия бийликке жакын экенин бул депутаттардын саясий жүрүшүнөн улам билсе болорун айткандар бар.

Президент Сооронбай Жээнбековдун иниси, депутат Асылбек Жээнбеков кайсы партия менен шайлоого барары коомчулуктун кызыгуусун жараткан. Ал да күтүлгөндөй эле «Биримдик» партиясында 27-катарда экен.

Кыргызстандагы 2010-жылдагы апрель окуяларына байланыштуу өмүр бою түрмөгө кесилип издөөдө жүргөн мурдагы премьер-министр Данияр Үсөновдун мурдагы аялы, депутат Динара Исаева (№40) да «Биримдик» менен шайлоого катышат.

КСДП фракциясынын депутаттары Бакытбек Жетигенов (№35 КСДП) менен Өмүрбек Бакиров (№30 КСДП) да «Биримдик» партиясына кошулду. Алардын уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар экени көптөн бери эле айтылып келет.

2014-жылы ошол кездеги ички иштер министри Абдылда Суранчиев уюшма кылмыш топтун мүчөсү же ага катышы бар деп тизмеде турган аткаминерлердин атын жарыялаганда арасында Жетигенов да бар болчу. Жетигенов кримтөбөл Алмаз Бокушев менен чогуу окуганын тастыктап, бирок жакын мамиледе деген маалыматты жокко чыгарган.

Бакировго 2010-жылы май айында Убактылуу Өкмөттү күч менен кулатууга аракет кылды деген айып коюлган. 2004-жылы уюшма кылмыштуу топтун анабашы Алманбет Анапияев менен бирге карактоо, адам уурдоо, опузалап акча өндүрүү фактылары боюнча кылмыш иши козголгон. Бакиров дооматтардын баарын төгүндөп, бул иш боюнча акталганын билдирген.

«Биримдик» партиясынын негиздөөчүсү деп көрсөтүлгөн депутат Айнуру Алтыбаева 52-орунга жазылган.

«Биримдиктин» тизмеси чыккандан кийин ал социалдык тармактарда талкууга жем таштады. Интернет колдонуучулар партиянын курамы жана партиядан партия которгон саясатчылар тууралуу сөз кылып жатышат. Бул боюнча жарандык активист Адил Турдукулов да ой бөлүштү:

Адил Турдукулов.
Адил Турдукулов.

«Партиялык тизме менен буга чейин өткөн шайлоолордо коррупцияга малынган, туура эмес демилгелерди көтөрүп жарандык коомду басынткан, жалпыга маалымдоо каражаттарына чектөө киргизген адамдар партияларга киргенде деле шайлоочулар аларга терс маанайын билдирип, «шайлабайбыз» деген талап болгон жок. Эми бара-бара мындай талаптар күчөп жатат. Бирок партия жетекчилери элдин ою менен эсептешпей эле административдик ресурс менен добуш сатып алууга ишенип жатканын көрүп турабыз. Ошондуктан «Биримдик» партиясы административдик ресурска басым жасайт. Партияда мурдагы бийликчил партияларга мүчө болгон депутаттар көп экен. Коррупцияга малынган адамдарды көрдүк. Партия аларды ушуга карабай кошуп алып элдин талабына маани бербей жатканы өкүнүчтүү».

«Биримдикти» ээрчиген экстер жана жетекчилер

«Биримдиктен» шайлоого тогузунчу номур менен Талантбек Иманов баратат. Айрым маалымат каражаттары ал 2010-жылга чейин энергетика тармагынын «көмүскө кожоюну» атыккан Алексей Ширшовдун жакын адамы болгонун жазышкан.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты, мурдагы вице-премьер-министр Аида Исмаилова «Биримдикте» 36-катарда турат. Коомчулукта аны пандемия учурунда жасаган иштерине ичи чыкпагандар сындап жатышат. Ал VI чакырылышта мандатты «Республика – Ата Журт» фракциясынын лидери менен соттошуп жүрүп алган.

Премьер-министр Кубатбек Боронов баштаган өкмөт кызматка киришер алдында Боронов анын командасынан эч ким шайлоого барбай турганын ишенимдүү айткан. Бирок Исмаилова баш болгон бир нече аткаминерлер саясий жарышка аттанды. Коомдук ишмер Алмаз Кулматов муну жоопкерчиликсиз мамиле катары баалады:

«Бир вице-премьер-министр (ред: Алтынай Өмүрбекова) пандемияда кетирген кемчиликтери үчүн кызматтан алынды. Анын ордуна келген жаңы вице (ред: Аида Исмаилова) пандемиянын күчү кайтып-кайта электе шайлоого катышуу үчүн кызматтан кетти. Эл «Анда эмне үчүн келдиң?» деп сурашы керек да».

38-орунда «Түндүк электр» ишканасынын директору, Көкбөрү федерациясынын башчысы Искендер Кадыркулов бар.

Кош жарандуулугу бар деген негиз менен мандатынан ажыратылган Бишкек шаардык кеңешинин мурдагы депутаты Жусупбек Коргонбай уулу 47-орунга жазылган.

«Биримдикте» 29-катарда турган Жогорку Кеңештин депутаты Сагындык Келдибаевди (№29) мурдагы депутат Ыргал Кыдыралиева «кош жарандыгы бар жана ал Орусиянын жараны» деп айыптыган. Келдибаев бул үчүн Кыдыралиеваны сотко берип, Бишкектин Ленин райондук сотунда утуп алган.

Мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин агасы, мурдагы башкы прокурор Камбаралы Конгантиевдин уулу Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Кубанычбек Конгантиев (№49) да «Биримдикте».

Бул партияга президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Курманбек Дыйканбаев (№58) менен президенттин жана өкмөттүн иш башкаруучусу Турдуназир Бекбоев (№103) да кошулган.

Экөөнүн тең кызматтык ыйгарым укуктары шайлоонун натыйжалары аныкталганга чейин токтотулду.

Транспорт жана жолдор министрлигиндеги ири коррупциялык чырдан кийин президенттен тил угуп кызматтан кеткен Жамшитбек Калилов «Биримдиктин» тизмесинде 87-орунда турат.

Тизме кантип түзүлөт?

Саясий илимдердин доктору, профессор Жолборс Жоробеков «Партиялар тизме түзүүдө эмнелерге көңүл бурат?» деген сурообузга мындайча жооп берди:

«Кандай гана шайлоо болбосун акча негизги ролду ойнойт. Ким көбүрөөк каражат берсе ал алдыңкы орунга турат. Экинчиси - бийликчил деген партиялар акчалуулар менен таасирдүү кызматта иштегендерге басым жасашат. Азыр да ошол ыкма колдонулуп жатат. Албетте, тизмени тактоо - партиянын ички иши. Бирок мыйзамда «партиянын жыйынында бекитилген тизме - негизги документ» деп жазылган. Ал БШКга өзгөртүлбөй берилиши керек».

«Биримдик» партиясынын тизмесинде Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын мурдагы башчысы Канат Жумагазиев (№90), энергетика боюнча эксперт Расул Умбеталиев (№111), алып баруучу Нурзат Токтосунова (№76), Жогорку соттун мурдагы төрагасы Курманбек Осмоновдун кызы Нурзат Осмонова (№16), Көкбөрү федерациясынын мурдагы өкүлү Талас Бегалиев (№5) бар.

18-орунда өзүн ишкер деп айтып жүргөн Каныбек Туманбаев турат. Ал 2015-жылы КСДПдан парламенттик шайлоого талапкер болгон. 2017-жылы президенттик шайлоодо талапкер Өмүрбек Бабановдун өкүлдөрү Туманбаев Аксыда айрым мектептердин мугалимдерине жана директорлоруна басым кылып, Сооронбай Жээнбековго добуш берүүгө үндөп жатканын айтып арызданышкан. Билим берүү жана илим министрлиги бул маалыматты ырастаган эмес.

2011-2015-жылдары Транспорт жана коммуникациялар министрлигин жетектеп, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси болгон Калыкбек Султанов 21-катарда. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) мурдагы жетекчиси Замирбек Осмонов 23-орунда турат.

24-орун экс-депутат Элмира Жумалиевага тийген. Ал VI чакырылышта парламентке «Кыргызстан» партиясы менен шайланып келип, көп өтпөй мандаттан ажыраган. Ал мандатын кайтарып алыш үчүн партия менен соттошуп утулуп калган.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, март айында Бишкекте камактагы саясатчы Садыр Жапаровду колдоо боюнча митингде бийликти күч менен басып алууга аракеттенген деп шек саналып жаткан Каныбек Осмоналиев «Биримдик» партиясынын курамы тууралуу буларга токтолду:

Каныбек Осмоналиев.
Каныбек Осмоналиев.

«Булар «жаңы жүздөр, жаштар» деген ураанды жөн гана декорация кылып коюшуптур. Алдыңкы 15-20-сапта тааныш-билиштери бар экен. Анан анча-мынча өз алдынча саясат жүргүзгөндөрдү кошуптур. Негизинен Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаттары. Мен муну буга чейин эле билгем, таң калган деле жокмун. Себеби, олигархатияны куруу сезимине жетеленип алгандар шайлоону түп-тамырынан өзгөртүп, жаңы адамдарды бийликке алып келүүгө кудурети жетпейт. Тизмеге киргендердин максаттарын көрүп эле турам. Коомчулукка башы көрүнүп калган, колунда бар, бай адамдар тизмеде 120-болуп деле кирип алышыптыр. Эми аларды мобилизация кылып жатышат. «Биримдик» парламенттен 30-40 добуш алды деп коёлу. Тизмедеги калган адамдардын дымагын башка сунуштар менен канааттандырып, аткаруу бийлигинен кызмат беришет».

«Биримдик» партиясы быйыл биринчи жолу Жогорку Кеңешке шайлоого катышып жатат. Юстиция министрлигинин сайтында партиянын негиздөөчүсү катары 10 аял көрсөтүлгөн. Арасында депутат Айнуру Алтыбаева да бар. Ал буга чейин «Биримдикти» бир канча адам менен кошо 2000-жылдары негиздегенин айткан. Партиянын төрагасы катары КСДП фракциясынын депутаты Марат Аманкулов жазылган.

2010-жылы бул партиянын мүчөлөрү Феликс Кулов жетектеген «Ар-Намыс» партиясы менен парламенттик шайлоого барса, 2014-жылы «Биримдиктин» катарына Жогорку Кеңештин ошол кездеги депутаты Карганбек Самаков кошулган.

«Биримдик» партиясынын шайлоо штабынын басма сөз катчысы Адилет Султаналиев партиянын курамы тууралуу айтылып жаткан сын-пикирлерге жооп берди:

«Ким элдин колдоосун алса, ал бийликке келип жарандардын кызыкчылыгын коргоого укуктуу. Бул калыс болот жана ага баары макул. Сиздер биздин ар бир талапкерибиз, партиянын мүчөсү идеяга бай экенин, партиянын принциптерин жана максаттарын карманарын түшүнүшүңүздөр керек. Парламентте ким отурганы маанилүү эмес, эң башкысы - биздин идея, ошондой эле программабызды ишке ашыруу. Лидерлер пландарды ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү жогору болгон үчүн «Биримдик» партиясынын идеясынын айланасында биригүүдө».

Коомчулукта «Биримдиктен» тышкары «Мекеним Кыргызстан», «Замандаш», «Кыргызстан» партиялары азыркы президенттин саясатын колдочу күчтөр катары мүнөздөлүп жатат. Муну буга чейин бийликти колдоп келген депутаттар жана айрым мамлекеттик кызматкерлер ушул партиялардан шайлоого баратканынан да байкаса болот. Тизмеге байланыштуу «Кыргызстан жаштар федерациясы» кыймылынын лидери Айбек Теңизбаев мындай деди:

«Саясий партиялардын ич ара келишимдери бар да. Мисалы, ушул чакырылышта «Республика - Ата Журт» фракциясында ызы-чуу болбоду беле? Талапкерлер «эгерде добуш ала албай калсам мандатымды тапшырам» деп ант беришкен. Мен карап чыксам бул партияда 90-орунда турган адамдар да алдыга жылып отуруп мандат алышыптыр. КСДП кезеги менен кеткен экен. Быйыл шайлоого бараткан партиялардын алдыңкы сабында салыштырмалуу таза жаштар турат. Шайлоо бүткөндөн кийин эми аларды кызматка коюп, ордуна баягы эле саясатчылар келип отурат. Ушундай жол менен мыйзамды аттап өтүшүүдө».

120 мандаттуу Жогорку Кеңешке шайлоо беш жыл сайын болот. Бул ирет шайлоо 4-октябрга белгиленген. 4-сентябрда бир айлык үгүт иштери башталат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG