Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:34

Ыргал Кадыралиева Келдибаевдин иши боюнча жогорку инстанцияга кайрылат


Депутат Сагындык Келдибаев жана экс-депутат Ыргал Кадыралиева.
Депутат Сагындык Келдибаев жана экс-депутат Ыргал Кадыралиева.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Ыргал Кадыралиева Бишкектин Ленин райондук сотунун чечимине каршы жогорку инстанцияга кайрылат. Сот 5-июлда Кадыралиеваны парламент депутаты Сагындык Келдибаевге 50 миң сом моралдык чыгым төлөөгө милдеттендирген болчу. Бирок Кадыралиева соттун чечимин дагы эле колуна ала элек экенин айтып, муну жоопкерчиликсиз мамиле катары белгиледи.

2018-жылы Кадыралиева Бишкектеги басма сөз жыйынында Келдибаевдин кош жарандыгы бар экенин, ал паспортту алдоо жолу менен алганын айткан.

Келдибаев Кадыралиеваны «жалган маалымат таратты, кадыр-баркыма шек келтирди» деп айыптап, сотко кайрылган. Ал Кадыралиевадан жети миллион сом талап кылган.

Кадыралиева өз айткандарын сотто далилдей аларын билдирип, Келдибаевдин үстүнөн сотко арыз жазып, ал да жети миллион сомдук доо койгон.

Келдибаев менен Кадыралиеванын өз ара жаңжалы 2014-жылы башталган. (SE)

XS
SM
MD
LG