Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:09

Жогорку сот Коргонбай уулун биротоло мандатынан ажыратты


Жусупбек Коргонбай уулу.
Жусупбек Коргонбай уулу.

Жогорку сот райондук соттун чечимин жокко чыгарып, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Жусупбек Коргонбай уулун мандаттан ажыраткан Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Коргонбай уулу 1-февралда Бишкектин район аралык сотунда БШКны утуп алган. Ошондон кийин шайлоо комиссиясы Жогорку сотко кайрылган эле.

Аймактык шайлоо комиссиясы Жусупбек Коргонбай уулу мурда Орусиянын жарандыгын алганы аныкталганын билдирип, 2018-жылдын 19-декабрында аны мандатынан ажыраткан. 26-декабрда БШК бул чечимге каршы даттанган Коргонбай уулунун арызын карап, аймактык шайлоо комиссиясынын чечимин күчүндө калтырган. БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова анда Коргонбай уулу Орусиянын паспорту менен төрт жолу кыргыз чек арасынан өткөнү Мамлекеттик чек ара кызматы аркылуу тастыкталганын билдирген эле.

Жусупбек Коргонбай уулу мурда Орусиянын жарандыгын албаганын билдирип, сотко арыз берген.

Кыргызстанда чет мамлекеттин жарандыгын алган аткаминерлер маселеси буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттарына жана башка жетекчилерге байланыштуу да көтөрүлгөн. (ErN)

XS
SM
MD
LG