Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:02

Бишкек шаардык кеңешинде орус жарандыгы бар депутаттын мандаты алынды


Жергиликтүү кеңеш депутатынын төш белгиси.
Жергиликтүү кеңеш депутатынын төш белгиси.

Бишкек шаардык кеңешине "Республика - Ата Журт" партиясынан депутат болуп шайланган Жусупбек Коргонбай уулу мурда Орусиянын жарандыгын да алганы аныкталып, мандаттан ажыратылды. Аймактык шайлоо комиссиясы 19-декабрда ушундай чечим кабыл алды.

Комиссиянын төрагасы Кайрат Маматов "Азаттыкка" билдиргендей, анын жарандыгын тактоо тууралуу быйыл жайында Орусиянын Юстиция министрлигине кат жөнөтүлгөн. Ал жактан келген жоопто Коргонбай уулу 2007-жылы орус жарандыгын алганы, ал азыркы күнгө чейин күчүндө экени белгиленген.

- "Жергиликтүү кеңештерди шайлоо жөнүндө" мыйзамдын 52-беренесинде так жазылган. Башка өлкөнүн жараны депутат болууга укугу жок, - деди ал.

Бишкек шаардык кеңешине шайлоо 2016-жылы 11-декабрда өтүп, беш партиядан 45 депутат шайланган.

Кыргызстанда чет мамлекеттин жарандыгын алган аткаминерлер маселеси буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттарына жана башка жетекчилерге байланыштуу да көтөрүлгөн.

XS
SM
MD
LG