Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:09

Мугалимдерди Жээнбековго добуш берүүгө мажбурлоо болгону айтылууда


Аксыда айрым мектептердин мугалимдерине жана директорлоруна карата шайлоо алдында кысым болуп жатканын президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун райондук штабынын жооптуу катчысы Шекербек Камчыбек уулу бүгүн "Азаттык" радиосуна билдирди:

- Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы аларды Сооронбай Жээнбековдон башкасын шайласаңар жумуштан кетесиңер деп ачык эле коркутуп жатыптыр. Жакында КСДП партиясынын атынан деп райондогу ар бир мектепке кымбат баалуу эки данаадан түстүү телевизор берилди. Аны партиянын өкүлү Каныбек Туманбаев райондук билим берүү бөлүму аркылуу таратыптыр. Биз муну добуш сатып алуу деп эсептейбиз, - дейт Камчыбек уулу.

Ал эми Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Угулай Зиябекова "Азаттыкка" мектептерге түстүү телевизорлорду Билим берүү министрлиги бергенин жана эч бир мугалимге кысым болбогонун билдирди.

Район боюнча 65 мектепте 2 миңден ашык мугалим эмгектенет.

15-октябрда Кыргызстанда президенттик шайлоо өтөт. (RsK)

XS
SM
MD
LG