Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:51

Оштогу эки партиянын эрегиши


Ош шаары.
Ош шаары.

«Мекеним Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Шайлообек Атазов 26-августта милицияга сурак берип чыкты.

Ал Интернетке «Биримдиктин» талапкери Азамат Арапбаев административдик ресурс колдонуп жатканын айтып, анын «май куюучу жайларын өрттөөгө даяр адамдар бар» экенин жазган. Бул шайлоо алдында партиялардын атаандаштыгынан чыккан араздашуу катары бааланууда.

«Мекеним Кыргызстан» партиясынын талапкери Шайлообек Атазов 26-август күнү милицияга төрт сааттай сурак берип чыкты. Милиция Атазовду «Фейсбукка» жазган билдирүүсүнүн негизинде «профилактикалык сүйлөшүүгө» чакырган.

Ош шаардык милицисынын басма сөз катчысы Замир Сыдыковдун маалыматына караганда Атазовдун билдирүүсүн атайын экспертиза «массалык баш аламандыкка чакыруунун белгилери бар» деп жыйынтык чыгарган.

Замир Сыдыков.
Замир Сыдыков.

«Атазовдун үстүнөн эч ким кайрылган жок, - деди ал. - Азыр ким жөнүндө жазылбасын, ага чара көрүүгө акыбыз бар. Өз алдыбызча эле суракка чакырдык. Анын билдирүүсүнөн кийин паспорт боюнча да иш тергелип жатат. Себеби ал жерде ачык жазып жатпайбы, «паспорт жыйнап жатат, антип жатат, минтип жатат» деп. Ошону биз текшеришибиз керек. Биз да аракет кылабыз, бирок ал да оозеки эле айтып койбой, конкреттүү далилдерди келтирсе жакшы болмок».

Шайлообек Атазов «Фейсбуктагы» билдирүүсүндө «Биримдик» партиясы элдин паспортун чогултуп жатканын да айтып чыккан. Ошондой эле ал «Азамат Абдуллажанович хан болуп алганбы? Тизгинин тартпаса, «заправкаларын өрттөйбүз» деп жатышат, жаштар» деп жазып, кийин өчүрүп салган.

«Алдын алыш үчүн айтылган сөз»

Атазов өзү «Азаттыктагы» маегинде суракка чакырылышын мындайча түшүндүрдү:

Шайлообек Атазов.
Шайлообек Атазов.

«Суракка чакырышты, мыйзамды уккан адам катары барып, сурак берип чыктым. «Фейсбук» баракчама жазган билдирүүм боюнча түшүндүрмө бердим. Тергөөнүн купуялыгы үчүн эч кимге эч нерсе айтпашым керек экен. Бул билдирүү коомдогу нааразылыкты күчөтпөш үчүн, шаардын бардык жеринде айтылып жаткан сөздөр иш жүзүнө ашып кетпеш үчүн, алдын алуу максатында жазылганын түшүндүрдүм».

Атазов суракка чакырууну кысым катары кабыл албаганын, ошол эле кезде ар бир киши өз пикирин эркин айтууга укугу бар экенин кошумчалады.

«Биримдиктин» талапкери Азамат Арапбаев болсо Шайлообек Атазовдун «Фейсбуктагы» билдирүүсү боюнча комментарий берүүнү каалаган жок.

Бир катар талдоочулар «Мекеним Кыргызстан» партиясын да, «Биримдик» партиясын да азыркы бийликке жакын күчтөр деп эсептешет. Алар муну эки партияга тең бийликке жакын адамдар, жетекчилер, коалициялык көпчүлүкө кирген депутаттар киргени менен негиздешүүдө. Ошентсе да «Мекеним Кыргызстан» партиясы менен «Биримдик» партиясынын Оштогу окуясы добуштарды талашуу катары сыпатталууда.

«Биримдик» партиясынын Оштогу штабы жайгашкан имарат.
«Биримдик» партиясынын Оштогу штабы жайгашкан имарат.

«Бийликчил «Биримдик» сес көрсөттү»

Жарандык активист Айбек Таалайбек уулу бул окуяны бийликчил партиянын алдын-ала сес көрсөтүү аракети катары чечмеледи:

«Бул «Биримдик» түздөн-түз бийликтин партиясы экенине далил болуп турбайбы. «Биздин партиядан «Мекеним Кыргызстан» алдыга чыгып кетсе, коомчулукка алсызыраак экенибиз көрүнүп калат. Мүмкүн болсо, бардык партиялардан 10-15 мандат көп алып, биринчи орунга чыгышыбыз керек» деген ою байкалып турат. «Биримдикке» азыр атаандаш - «Мекеним Кыргызстан» партиясы. Андан кийин оппозициялык партиялар».

Шайлоого "Мекеним Кыргызстан" партиясынын тизмесин депутат Мирлан Бакиров баштап чыкты. Деген менен партиянын артында Бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райым Матраимов турары айтылып келе жатат. Анын бир тууганы, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матримов бул жолку шайлоого "Мекеним Кыргызстандын" алдын ала тизмесинде 10-болуп баратат.

Талдоочу Төлөгөн Келдибаев "Мекеним Кыргызстан" партиясы акчанын күчүнө таянат деген ойдо:

"Мекеним Кыргызстандын" деле, "Биримдиктин" деле идеялары, программалары жок. “Мекеним Кыргызстан” акчанын күчү менен гана добуш алып, жеңип келиши мүмкүн. Аны менен шайлоого катышып жаткандар - мамлекеттик кызматта иштегендер, Райым Матраимовдун таасири менен кызматка орношкондор. Муну коомчулук баары эле билип отурат. Мамлекеттик ресурс шайлоодо эгемен мамлекет болгонубуздан бери иштеп келе жатат. Акаевдин, Бакиевдин, Атамбаевдин убагында ушундай болду. Азыр Жээнбековдун убагында да иштейт.

Шайлообек Атазовго «Фейсбуктагы» билдирүүсү үчүн укук коргоо органдары чара көрөр-көрбөсү азырынча белгисиз. «Биримдик» партиясынын Оштогу өкүлү Медер Абдыманапов анын пикири көпчүлүктүн катарында эле кабыл алынганын билдирди:

Медер Абдыманапов.
Медер Абдыманапов.

«Коомдук тармактарга позитивдүү, негативдүү ар кандай пикирлер жазылып жатат. Атазовдун пикири да көпчүлүктүн катарында эле кабыл алынды. Бул билдирүү боюнча эч кандай арыз же болбосо дагы башка чараларды көргөн жокпуз. Анткени биз ар бир адам өзүнүн ой-пикирин айтууга укугу бар деп эсептейбиз. Мамлекеттик укук коргоо органдары чагымчыл же дагы башка билдирүүлөргө өз алдынча баа берип, чара көрөт деп ойлойбуз».

14-августта «Биримдик» партиясынын Оштогу штабына мэриянын бир топ кызматкерлери чогулганы коомчулукта талкуу жараткан. Партиянын өкүлдөрү жана шаардык бийлик «жыйналгандар өргүүдө» деп билдиришкен. Жеринен тартылган тасмалардан өргүүгө чыкпаган да кызматкерлерди учуратууга болот. Аларга карата эч кандай чара көрүлгөн эмес.

Атазов деген ким?

Милицияга сурак берип чыккан Шайлообек Атазов — кикбоксинг боюнча дүйнө чемпиону, 2018-жылдан тартып бир тууган Матраимовдорго таандык EREM спорт клубунда машыктыруучу болуп иштеп келет.

2015-жылы Жогорку Кеңешке «Ата Мекен» партиясы менен аттанып, тизмеде 25-орунда болгон.

2012-2014-жылдары Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматовдун тушунда шаардык кеңеште депутат, калаадагы тазалык, спорт, транспорт тармагындагы муниципалдык мекемелерде жетекчи болуп эмгектенген.

2012-жылы «Улуттар Биримдиги» партиясы менен Ош шаардык кеңешине депутат болуп келген.

Ачык булактарда «Ош облустук жаштар кенеши» коомдук бирикмесинин директору, «Охранное агентство стандарт профи» аттуу жоопкерчилиги чектелген коомдун жана «Улан жаштык спорт» кесиптик спорт клубу коомдук бирикмесинин негиздөөчүсү экенин көрсөтүлгөн.

«Ош Тазалык» муниципалдык ишканасын жетектеп турган учурда шаардык сот аны Кылмыш-жаза кодексинин 308-беренеси («Бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу») менен айыптап, үй-мүлкүн конфискациялоо менен бир жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратып, кийин ал облустук сотто акталган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG