Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:14

Дайынсыз кеткен депутатка издөө жарыяланган


Талас өрөөнүнө кире бергендеги дарбаза
Талас өрөөнүнө кире бергендеги дарбаза

Талас шаардык кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Самудин Жоробековго Кылмыш кодексинин алдамчылык беренеси менен эки кылмыш иши козголгону кабарланды. Буга чейин анын жарым жылдан бери сессияларга катышпай, дайынсыз болуп жатканы айтылган.

Талас шаардык кеңешине бийликчил партиянын катарынан депутат болуп шайланган Самидин Жоробековго Кылмыш кодексинин 166-беренесинин экинчи жана төртүнчү пункттарынын (ири өлчөмдөгү алдамчылык) негизинде болжол менен үч ай мурда кылмыш иштери козголгон.

Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна Ички иштер министрлигинен билдиришти. Министрликтин басма сөз кызматынын башкы тескөөчүсү Эрнис Осмонбаев учурда ага издөө жарыяланганын айтып, тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн башка маалымат бере албасын кошумчалады.

Ал эми Самидин Жоробековдун дайыны алты айдан бери белгисиз болуп жатканын Таластагы депутаттар айтып чыккан.

Тышкы саясат: депутат жана этика

Тышкы саясат: депутат жана этика

Жогорку Кеңештин мурдагы, азыркы чакырылышынын айрым депутаттарынын орунсуз сөздөрү, чет элдик сапарларындагы аракеттери кыргыз дипломатиясына кедергисин тийгизгени айтылууда.

Шаардык кеңештин төрагасы Мирлан Эсенкуловдун маалыматына караганда, Жоробеков акыркы жолу 10-майдагы кезексиз чакырылган жетинчи сессияга катышкан.

- Самидин Сагынбекович ошондо алдыга койгон максаттарын, кыла турган иштери боюнча ой-пикирин билдирип кеткен. Ал өзү ишкер болгондон кийин ушул жерде кара өрүктү кургатуу боюнча кичи завод куруу ниети бар экенин айткан. Бул максатта Түштүк Кореядан жабдуу алып келүү боюнча иш жасап жатканын айткан. Издөө аракети болгондо, телефон чалдык. Бирок өчүк болуп турду. Анан биз Кореядагы жумуштары менен жүрсө керек деп ойлогонбуз.

Негизинен ишкерлик менен алектенген Жоробеков 41 жашта. Ал шаардык кеңешке КСДП фракциясынын катарында биринчи жолу депутат болуп шайланган. Кеңештеги этика, мыйзам укуктуулугун коргоо боюнча туруктуу комиссиянын мүчөсү.

Партиялашы Айбек Сүйүнтбеков анын алдамчылыкка шектелип каларын эч ойлобогонун айтып, буларга токтолду:

- Мен байке менен Талас шаарындагы жергиликтүү кеңешке шайлоо болгондо таанышкам. Биздин партиядан талапкер болуп чыгып, он депутаттын катарына кирген. Мүнөзү жакшы. Үй-бүлөсү мен билгенден шаарда жашачу. Таласка жакында көчүп келерин айткан. "Бул жерде иш кылам, кызмат жасайм" деп айтып жүрчү.

Жогорку Кеңешке жол тапкан “каралар”

Жогорку Кеңешке жол тапкан “каралар”

Шайлоого барчу партиялардын тизмесинде аты чыгып-чыкпаган, мурда-кийин уюшма кылмыш топтун мүчөсү же катыштыгы бар деп милициянын каттоосунда турган, соттолгон адамдар да бар экени белгилүү болду.

Атын ачык жарыялагысы келбеген чакан ишкер депутат Жоробеков көп кишиге, анын ичинде өзүнө да карыз экенин билдирип, бирок аны коомчулукка ачык айтууну каалаган жок.

Депутат Самидин Жоробековдун өзүнөн жана анын жакындарынан бул маалыматты тактоо мүмкүн болбоду. Айрым кабарларга караганда анын каттоосу Талас шаарында болгону менен, өзү жана үй-бүлөсү Бишкек шаарында жашайт.

Ал арада шаардык кеңеш Жоробековду депутаттык мандаттан ажыратуу боюнча токтом долбоорун даярдап, кезектеги сессияда караганы жатканын Талас шаардык кеңештеги "Республика-Ата-Журт" фракциясынын лидери Рустам Байгараев билдирди.

Байкоочулардын баамында, Талас шаарында сессияга анда-санда гана катышкан депутаттар аз эмес. Мунун айынан кворум жок деген негизде шаар көйгөйлөрүн чечүү создуктурулган учурлар арбын.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG