Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:36

БШКнын утулушунун сыры эмнеде?


Борбордук шайлоо комиссиясынын имараты.
Борбордук шайлоо комиссиясынын имараты.

Быйылкы шайлоого аттангандардын арасынан эки партия Борбордук шайлоо комиссиясын (БШК) сот аркылуу утуп алып, жарышка расмий катталды.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын иши боюнча Бишкектин административдик соту чыгарган чечимге каршы Жогорку сотко арызданбайт. Бул тууралуу Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова партиянын айланасындагы маселеге комментарий берип жатып айтты:

«Шайлоо процесси кызуу фазасында экенин жана бардык саясий партияларга бирдей мүмкүнчүлүк түзүп берүүнүн зарылчылыгын эске алып, Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн көбү Жогорку сотко арыздануудан баш тартып, «Бүтүн Кыргызстан» партиясын каттоону чечти».

9-сентябрда Бишкектин административдик соту «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын БШКга каршы арызын канааттандырган. БШК ушул эле күнү партияны шайлоого каттаган.

Ошентип, БШКны соттон эки партия утуп алды. Буга чейин шайлоо мекемеси «Кыргызстан» партиясы документ тапшырууда мыйзам бузган деген негиз менен анын документтерин артка кайтарган. Соттошуу Жогорку сотко чейин жетип, партиянын пайдасына чечим чыккан.

Шайлоо алдында БШК менен эки партиянын чыры саясий айдыңды кызытып, серепчилердин ар түркүн пикирлерин пайда кылды. Айрымдар муну бийликтин шайлоону калыс өткөрүү далалаты катары бааласа, кээ бири чоң саясий окуянын алдындагы алешемдиктер шайлоонун жыйынтыгына таасир эте турганын айтып сындап жатышат.

БШКнын жетекчисинин мурдагы орун басары Жаркын Бапанова бул мекеменин соттон утулуп калышы анын аброюна көлөккө түшүрдү деп эсептейт. Анын баамында, шайлоо өткөрүүдөгү негизги органдын иши кынтыксыз башталышы керек болчу.

«Мындан БШКнын аброю кетип жатат. Чырдашкан жаман көрүнүш, азыркы көрүнүш дагы уланат. Шайлоодон кийин өтпөй калгандар «БШК туура эмес кылды» деп соттошо башташат. Ошондой көрүнүшкө баратабыз», - деди Бапанова.

Жарандык активист Гүлжигит Исаковдун пикиринде, шайлоо алдындагы окуялар, БШК менен соттун чечимдери бийликтин саясий оюну болуп жатат. Исаков парламенттик жарыш калыс өтөрүнө ишенбей турганын айтып, бийликти «шайлоону толук көзөмөлдөп жатат» деп сындады:

«Бийликтин бардык бутактары өз милдетин аткарбай калганы сыр эмес. БШКнын чечимдеринде саясат бар экени белгилүү. «Бүтүн Кыргызстан» партиясы 2010-2015-жылдары деле де-факто өткөн. Бул сапар бийлик жарышка жеткирбей өткөрбөө планын карап көрдү. Бирок коомчулукта нааразылык күчөп кетпеши үчүн артка чегинди».

Боршайком менен соттошкон партиялардын бири бийликчил, экинчиси оппозициячыл көз карашта болгон. Ушундан улам парламент депутаты Дастан Бекешев мындай чырларга бийликтин кийлигишкени байкалган жок деген ойдо. Ал мындай талаштарды шайлоо алдындагы юридикалык гана процесс катары мүнөздөдү:

Дастан Бекешев.
Дастан Бекешев.

«Менимче булар юридикалык иштер. Бийлик басым кылып, кийлигишсе БШКнын чечимин сот да колдомок».

Саясий серепчи Алмаз Тажибайдын баамында БШК көз каранды эмес орган катары калыптана албай жаткандыктан азыркы маселелер келип чыкты. Серепчи акыркы окуялардан улам БШКнын курамын, шайлоо өткөрүү формасын өзгөртүү зарыл экенин белгиледи:

«Элдин ишеними жок болуп жатат. Алар атайылап кылып жатабы же партиялар, президент басым жасап жатабы деген шек жаралууда. Мындай күмөндү так аракеттер менен жоюш керек. Ал үчүн так жазылган шайлоо мыйзамдары зарыл. Азыр мыйзамдарда айрым учурлар так көрсөтүлбөй калгандыктан кемчилик кетип жатат».

Шайлоого көз салган серепчи Айнура Усупбекова да партияны каттоо, шайлоо өткөрүү сыяктуу эреже-мыйзамдар так жазылбай калган деген пикирге кошулат. Анын оюнда, мындан тышкары партиялык түзүлүш да жакшы өнүкпөгөндүктөн, партиялар документ жана башка юридикалык маселеден аксап жатышат. Ушундан улам айрым учурда кырдаалга карап бийлик саясий чечим чыгарып жатат.

«Соттун чыгарган чечими саясий кырдаалды оңдоп кеткендей болду. Мен эки маселе бар деп айтам. Биринчиси - партиялар жазылган мыйзамды туура сактабай жатышат. Экинчиси - БШКда бардык аракеттер, эрежелер так жазылган эмес. Акыркы окуялардын баары саясий чечимдер болду», - деди ал.

Жогорку Кеңештин 120 депутаттан турган VII чакырылышын шайлоо 4-октябрга дайындалган. Ага 16 саясий партия катышып жатат. Шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү 4-сентябрда башталган. 9-сентябрда БШКда партиялардын шайлоо бюллетениндеги жайгашуу ирети аныкталды.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG