Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 13:18

«Инстаграмга» көчкөн үгүт


Быйылкы шайлоо үгүт өнөктүгү соцтармактарга көчтү. Буга чейин шайлоо алдындагы үгүт иштеринин убагында коомдук иш-чараларды өткөрүүдө көчөлөрдө, стадиондордо концерттерди, театрлаштырылган оюн-зоокторду, спорттук мелдештерди өткөрүүгө тыюу салынган.

Кыргызстанда үч күн мурда 4-октябрда өтө турган шайлоого карата үгүт иштери башталды. Быйыл жылдагыдан айырмаланып үгүт өнөктүгүнүн басымдуу бөлүгү соцтармактарга көчүп, онлайн режимде өтүп жатат.

Буга чейин коронавирус пандемиясына байланыштуу үгүт учурунда мурдагыдай стадиондордо жана көчөлөрдө концерт, жолугушуу, спорттук иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынган. Бирок соцтармакта катталуучусу көп блогерлер, эл адамдары баракчаларында жарнама жайгаштырып, үгүт иштерине буюртма ала баштады.

Алып баруучу Назира Кадыева «онлайн үгүт» иштери чыгармачыл чөйрөдө кызуу талкууга алынганын айтуудв:

Назира Кадыева.
Назира Кадыева.

«Бири-бирине чалып, ким кандай иштеп жатканына кызыгып жатышат. Көбү азыр билбей жатат. Мурда алдын-ала тактап, акчасын чечип алчубуз. Ар ким ар кандай акча берчү. Мисалы, алып баруучулар арасында үй же машине алгандар болгон. Азыр эми соцтармакта катталуучусу көп адамдарга сунуштар түшкөнү айтылууда. Мисалы, менин катталуучум көп эмес. Ошондон улам андай сунуштар болгон жок. Бирок актёр, вайнер же башкаларга ар кандай акча берип иштетип жатканын уктук. Менимче, соцтармак баары бир жүзмө-жүз көрүшүүгө жетпейт экен. Айылдарда, жер-жерлерде соцтармак колдонбогондор деле толтура да».

Шайлоо өнөктүктөрү акыркы жылдары шоу-бизнес өкүлдөрүнүн каражат булагы болуп келген. Мындай иш-чаралардын арты менен чыгармачылыгында клиптерди тарттырып, жашоо-шартын түздөп алгандар бар. Буга чейинки шайлоо өнөктүгүндө ырчылар ырдоо акысын орто эсеп менен бир сезонго 30 миң долларга чейин баалап келишкен. Ал эми алып баруучулар 10 миң доллардан жогору алып келген.

Адистердин айтымында, соцтармактагы жарнаманын баасы катталуучулардын санына жараша өлчөнөт. Жарнаманы колдонуучуларынын саны 100 миңден 1-2 миллионго чейин жеткен блогерлер акча алып жайгаштырат. Кыргыз Интернетинде адатта андай жарнама акысы 100 доллардан 1000 долларга чейин жетет. Үгүт иштери башталгандан бери бул көрсөткүч бир канча эсе көтөрүлгөнү, тагыраагы 10 миң доллардан жогору экени айтылууда. Бирок партиялар менен иштешип жаткан ырчылар жана актёрлор өнөр акысы жана иши тууралуу ачык айтып берүүдөн баш тартышты.

Акчага сатып алынган жарнамалар «Фейсбук» жана «Инстаграм» баракчаларында арбын. Үгүт иштеринин басымдуу бөлүгү бул жолу «Инстаграмда» жүрүп жатат.

Кыргызстанда «Инстаграмды» расмий эсеп боюнча 2 миллиондон ашык адам колдонот. Колдонуучулардын саны боюнча өлкөдө бул тармак биринчи орунда турат. Гендердик курам боюнча да дээрлик бирдей, колдонуучулардын 49% аялдар, 51% эркектер түзөт. Мында видео жана сүрөт көрүү боюнча эң жогорку көрсөткүч байкалат.

Алып баруучу, диджей Акыл Жеңишбек уулу «Инстаграмда» ар кандай оюндарды уюштуруп, катталуучусу көп блогерлер менен тыгыз иштешип келет. Алып баруучу бул соцтармакта шайлоого даярдык жарым жыл мурда башталганын айтты:

Акыл Жеңиш уулу.
Акыл Жеңиш уулу.

«Партиялар жана талапкерлер негизи соцтармактарда жыл башынан бери катталуучуларын көбөйтө башташкан. Алар ар кандай жол менен иштешкен. Бири ГИВге катышып топтосо, дагы бири даяр баракчаларды сатып алды. Себеби, соцтармактын жакшы жери - алар feedback (кайтарымды) көрүп, дароо ким окуганын, ким көргөнүн, кайсыл жарыя жакшы чыкканын билет. Акчаны кайда короткону да байкалат. Ошондой эле бул баракчада таргетке коюп, аудиторияны кеңейтсе болот. Талапкерлер кийин баракчасын эл менен байланышуу үчүн иштетсе жакшы болмок. Бир жылдардагы гезиттерди жана сүрөттөрү бар плакаттарды эми соцтармактар алмаштырды».​

ГИВ - «Инстаграмда» катталуучу топтоонун тез жолу. Бир айга жетпей 10-50 миң адамдык аудиторияны чогултууга болот. Мындай оюндарды катталуучусу көп блогер же чыгармачыл адамдар уюштурат. Бул жолду көбүнесе бизнесине кардар табууну же атын чыгарууну каалагандар тандашат. Адистер быйылкы жарым жылдыкта ГИВге катышып катталуучу топтогондордун арасында шайлоого аттанган партиялардын бир топ талапкерлери болгонун белгилешет.

Маркетолог, СММ адиси Айчүрөк Аманова үгүт иштери учурунда кайсы талапкердин баракчасы сатып алынып же жасалма түрдө катталуучу топтолгону дароо эле байкалганын айтып берди:

«Адистер баракчаларды карап отуруп эле ким кандай жол менен аудиторияны топтоп алганын байкаса болот. Биздин саясатчылар же партиялар аброй топтош үчүн катталуучусунун саны көп болушу керек деп эсептешет. Бирок алар сан менен кошо натыйжалуулукка көңүл бурушпайт. Мисалы, айрым талапкерлердин катталуучулары 30-40 миңге же 100 миңге жеткени менен пикирлери абдан аз. Демек, бул жасалма жол менен катталуучу топтогон баракчалар. Кээ бир катталуучусу көп модел кыздардын же интернет дүкөндөрдүн баракчалары азыр эми шайлоого жакын талапкерлердикине айланды».

Интернеттеги соцтармактарда шайлоого катышып жаткан 15 саясий партиянын тең расмий баракчалары бар. Алардан аттанып жаткан талапкерлердин көбү соцтармакты жигердүү колдонушат. Биз баракчалар ачылган күндөн тартып анда жарык көргөн материалдарды акмалап, талдап көрдүк. Кызыгы, мурдагы чакырылыштагы шайлоолорго катышып келген партиялардын баракчалары беш жылда бир жолу, башкача айтканда, үгүт учурунда гана жанданат экен. Башка учурда алардын жазуулары бир канча эсе аз. Ал эми быйыл гана шайлоого аттанып жаткан партиялардын көбүнүн баракчасы ашып барса жарым жыл мурда ачылган, арасында бир ай мурда же сентябрдын башында ишке киргендери да бар.

Учурда партиялардын медиадагы PR иштерине сереп салып жаткандардын бири - «Стратегия Восток-Запад» талдоо борборунун жетекчиси Дмитрий Орлов. Медиа адис партиялар аброюн бир ай ичинде эле үгүт иштери аркылуу көтөрө албай турганын эске салды:

«Кыргызстанда партиялардын, талапкерлердин да аброю жакшы эмес. Быйыл жаңы эле шайлоого катышып жаткан партияларда да абал ушундай. Ошондуктан элге жагып, аброюн көтөрүш үчүн бир айлык үгүт иши аздык кылат. Бул - тынымсыз иш. Бирок талапкерлер шайлоого аз калганда атын чыгара башташат. Чынында саясий партия деле товар. Аны менен күнүгө, жылы бою тынбай иштеп, сатыш керек. Товардан айырмаланып, партияга кызыккандар аз. Ошондуктан Батышта саясатчылардын, саясий партиялардын жарнамасын ири PR кызматтар, компаниялар ишке ашырат. Бизде шайлоо PR жылдагыдай эле «ак» жана «кара» болуп бөлүнөт».​

Адатта үгүт иштеринде соцтармактар аркылуу мактоочу жана каралоочу маалыматтарды уюмдашкан жашыруун топтор ишке ашырат. Мындай топтор саясий күчтөрдүн таламын талашып, каршылаш тарапты каралоого ыңгайлашкан. Мындай ишке адистешкен адамдарды «тролль» деп аташат.

Адистер андай жашыруун топтордун кызматын бийликтеги күчтөр баш болуп, ири саясий партиялар, саясатчылар колдонорун айтууда. Алар үчүн атайын маалыматтар даярдалып, аны «жел колдонуучулар» же башкача айтканда фейктер мезгил-мезгили менен Интернеттеги талкууларга жүктөп турушат.

Мындай ыкма менен алар Интернетте коомдук пикир түзүүгө жана талкуулардын нугун өзү каалаган жакка бурууга аракет кылышат. Саясий күрөштүн бул «гибриддик» түрү шайлоого чейин өтө кызуу колдонулат.

Маркетолог, СММ адиси Темирлан Аскеров үгүт өнөктүгү учурунда шайлоочулар фейк маалыматтарды ажырата билиши керек экенин билдирди:

«Азыр саясатчылар бири-бирин жамандап, такталган, такталбаган маалыматтарды чыгара башташты. Бул кара пиар дайыма эле колдонулуп келет. Ошол эле кезде ар кандай фейк аккаунттар, фейк маалыматтар тарай баштайт. Азыр эми окурмандардын алдында маалыматты тактап, иргеп алуу милдети турат. Тараган маалыматтын баары эле чын болбойт».

Быйылкы шайлоо өнөктүктөрү элдин үрөйүн учурган пандемия убагына туура келди. Миңден ашык адамдын өмүрүн алган бул оору элдин бийликке, ошол эле депутаттарга болгон талабын көбөйткөн. Ушундан улам жакында боло турган шайлоого чыгармачыл чөйрөнүн бир катар өкүлдөрү жарандык позициясын айтып чыгышты.

Ал эми эстрада ырчысы Кайрат Примбердиев - «бул жылы бир да партияга ырдап, иштебейм» деген чыгармачыл адамдардын бири. Буга чейин президенттик шайлоодо азыркы өлкө башчынын командасында иштеген ырчы бул чечимин мындай түшүндүрдү:

Кайрат Примбердиев.
Кайрат Примбердиев.

«Жыл башында эле ушундай чечим кабыл алгам. Мен бизди уккан эл бизге ишенип тандайт экен деген ойго келип, ушундай чечим кабыл алдым. Мага шайлоо өнөктүгүнө аз калганда эки партиядан сунуш түштү. Аларга дароо макул эмес экенимди айттым. Акчасын бычып, сүйлөшкөнгө жеткен жокпуз. Ошондуктан, мен быйылкы баа менен деле салыштырып айта албайм».

Үгүт иштери башталгандан бери жарнама боюнча буюртмалар соцтармакта катталуучусу көп вайнерлерге да келип түшкөн. Өлкөнүн түштүгүндө белгилүү вайнер, тамашоучу Эмил Токтошевди «Инстаграмда» жарым миллион адам окуйт. Токтошев да бул жолу үгүт иштерине катышуудан баш тартканын айтууда.

Эмил Токтошев.
Эмил Токтошев.

«Мен ушундай чечимге келдим. Бул жолу бир да партияны тандаган жокмун. Катталуучуларымды да кандайдыр бир чечимге үндөгүм келген жок».

Кыргыз Интернетинде эл өкүлдөрүнүн дарегине сын-пикир айтылган посттор, билдирүүлөр жаздан бери токтобой келет. Ушундан улам да жакында боло турган шайлоодо добушун сатпай, туура тандоого үндөгөн тасмалар менен вайндар тарап жатат.

Эл аралык уюмдар парламенттик шайлоого катышып жаткан саясий партияларга кайрылып, коронавирустун жайылышына жол бербөөгө чакырышты. БУУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү тараткан маалыматта саясий партияларды үгүт иштерин жүргүзүүдө COVID-19дун жайылуу коркунучунун алдын алууга жетиштүү көңүл буруу керек экендиги айтылган.

Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG