Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:01

БШК «Facebook» сайтындагы саясий жарнаманы текшерип турмай болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) шайлоого катышып жаткан партиялардын Интернеттеги саясий жарнамасын каржылоодогу мыйзамдуулукту көзөмөлдөө максатында «Facebook» платформасы менен кызматташа баштады. Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, «Facebook» сайтынын өкүлдөрү менен 7-сентябрда онлайн жыйын өткөрүлүп, кызматташуу маселелери талкууланды.

Жыйынды уюштурууга Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Өнүктүрүү программасынын Бишкектеги өкүлчүлүгү жардам берди.

«Facebook» тармагынын өкүлдөрү бул платформага катталган тигил же бул аккаунт кайсы адамга таандык экенин документтин негизде аныктоо мүмкүн экенин, саясий жарнаманын баары атайын бөлүмдө сакталарын, бүгүнкү күндө ал жерде 3 737 доллар акы төлөнгөн 879 жарнама бар экенин айтып беришти.

БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова «Facebook» платформасы көргөн чаралар өтө маанилүү экенин, себеби алар депутаттыкка талапкерлердин саясий жарнамасын ким каржылап жатканын көрүп турууга мүмкүнчүлүк берерин айтты. Ал социалдык түйүндөр шайлоо өнөктүгүндө маанилүү роль ойноп жатканын кошумчалады.

Жогорку Кеңештин 120 депутаттан турган VII чакырылышына шайлоо 4-октябрга дайындалган. Шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү 4-сентябрдан бери жүрүп жатат. (BTo)

XS
SM
MD
LG