Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:46

Интернеттин кыныгын алган ырчылар


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда Интернет аркылуу таанылган өнөрпоздордун катары калыңдады. Алардын ичинде миллиондогон катталуучуларга ээ болуп, аалам тордон акча таба баштагандар да бар.

Шоу-бизнес өкүлдөрү мындан улам учурда көптөгөн ырчылар үчүн концерт коюу же телерадиолордон чыгып элге таанылуу маанисиз болуп калганын айтышат. Деген менен бул тармакта автордук укук жагдайы эң көйгөйлүү маселе.

Ырчы Каныбек Дайырбек уулу аткарган, сөзү таланттуу акын Кадырбай Мамбетакуновго, обону Кенжекул Мендебаировго таандык «Кечирип кой» аттуу обондуу ырды Интернетте бир миллиондон ашык киши көргөн.

Каныбек акыркы эки жылда эле Интернет аркылуу элге таанылып, жоон топ күйөрмандарын тапкан өнөрпоз. Бирок ал чыгармачыл чөйрөгө кокусунан келген эмес. Өзүнүн айтымында, Каныбек мектеп жашынан бери эле ырдап жүрүп, кийин Ош мамлекеттик университетинин искусство факультетинен негизги музыкалык аспап катары аккордеонду үйрөнүп чыккан экен.

Каныбек Дайырбек уулу.
Каныбек Дайырбек уулу.

«Эки жылда Интернетке 200дөн ашык ырларым жүктөлүптүр, - деди ал. - Анын арты менен күйөрмандарым көбөйдү. Өнөрүмдүн арты менен Москвага, Казакстанга чакырылдым. Былтыр эле Казакстан менен Орусияны кыдырып келдим. Жакында Прагага чакыруу түштү. Азыр ушинтип элге таанылып, репертуарыбызды байытып келатам».

Каныбекке Интернет жарнама катары гана кызмат кылат.

«Менин ырларымды Интернетке Замирбек Акматалиев деген өзүмдүн жакын агам киргизип турат. Ал Интернет аркылуу акча таппайт. Жөн эле менин чыгармачылыгымды элге таанытыш үчүн киргизип турат. Башка каналдардан мага көптөгөн сунуш болду. "Интернет аркылуу акча табалы, түшкөн пайданы тең бөлөлү" деген сунуштар аябай көп болду».

Учурда кыргыз шоусунда алгач Каныбекке окшоп социалдык тармактар аркылуу элге таанылып, учурда өнөр чөйрөсүндө өз киши болуп калган таланттар көп. Алардын катарында чайкана, тойканада ырдап жүрүп элге таанылган Кишимжан Жанышалыева да бар.

Кудрет Тайчабаров.
Кудрет Тайчабаров.

Мурда ырчылар өздөрүнүн чыгармачылыгын элге таанытыш үчүн телерадиолордун эшигин жыртып, гезит-журналдарга чыгууга умтулган. Азыр ал мезгил өтүп кеткен. Бул тууралуу шоу-бизнес жаатын жакындан билген журналист Кудрет Тайчабаров кеп кылды:

«Ырчылардын көпчүлүгү өз чыгармачылыгын элге "Инстаграм", "Ютуб" аркылуу тартуулап, азыр көрүүчүлөр да бул тарапка ооп, телерадио актуалдуулугун жоготту. Мисалы, убагында КТРКдан Алмаз Шаадаевдин көптөгөн ырларын кетирбей койгон. Бирок Кыргызстанда эң көп көрүлгөн клип Алмаз Шаадаевдики. Кыргызстандын калкы 6 миллион болсо, аны көргөндөрдүн саны он миллиондон ашып кетти».

Съездбек Искеналиев.
Съездбек Искеналиев.

Кудрет акыркы кезде кыргыз өнөрпоздорунун дээрлик баары социалдык тармактар аркылуу күйөрман топтоого киришкенин, ушу тапта алардын алдыңкыларында миллиондогон катталуучулар бар экенин айтат. Ошентсе да эстрада ырчысы Съездбек Искеналиев эң башкы маселе чыгармалардын сапаты экенин эске салды:

«Интернет чындыгында жакшы шарт түзүп берди. Мисалы, чыга албай жүргөн ырчыларга оңой жол табылды. Ар бир адам өзүнүн каналын ачып алды. Же болбосо чыгармаларын жеке баракчасы аркылуу бөлүшүп жатат. Бирок эмне болгон күндө деле чыныгы эмгек менен жаралган чыгармалардын, таланттуу өнөрпоздордун башкалардан айырмасы бар. Эл сапаттуу, мазмундуу ырларды издейт. Укмуш жарнама кылсаң да элге жакпаса, ал ыр кабыл алынбайт».

Искеналиев Интернеттен тарап жаткан чыгармалардын автордук укугу боюнча да бир топ маселелер бар экенин кошумчалады.

Бермет Өмүралиева.
Бермет Өмүралиева.

Кыргызстанда «Ютубдан» өз алдынча канал ачып, көбүнчө өнөрпоздордун чыгармаларын, клиптерин автордон уруксат сурабай эле жарыялап жүргөн каналдар көп экен. Ал эми расмий каттоодон өткөн «Solo Media» порталынын негиздөөчүлөрүнүн бири Бермет Өмүралиева өз ишмердүүлүгү тууралуу буларды айтып берди:

«Биздин канал үч жыл мурда ачылган. Азыр бизга катталгандардын саны бир миллионго жетти. Албетте ар бир эле компания, ишкана адегенде сапатка маани берет. Биз да сөзсүз түрдө адегенде жарыялана турган чыгармалардын сапатына көңүл бурабыз. Ар бир чыгарма ырчынын макулдугу жана уруксаты менен жүктөлөт».

Өмүралиева портал чыгармалары жүктөлгөн ырчылар менен жекече келишим түзүп алардын кандай көрүлгөнүнө жараша авторго калем акы төлөп берип турарын кыстарды.

Адистердин айтымында, учурда Интернеттеги автордук укук маселе өкмөттүн киришүүсүн талап кылып турат. Себеби бул тармакта азырынча ырчыдан башка акындын, обончунун автордук укугун сактоо маселеси тууралуу эч ким ойлоно элек.

Бүгүн кыргыз тилдүү Интернет дүйнөсүндө бир күндө жылдызга айланган өнөрпоздор бар экени, ошол эле учурда жүз миңдеген, миллиондогон катталуучулары бар шоу-бизнес өкүлдөрү жарнама иштеринен да каражат таба турганы белгилүү. Алардын айтымында, орточо эсеп менен Кыргызстанда миллион катталуучусу бар шоу-бизнес өкүлү Интернеттен айына 500 доллардан 3000 долларга чейин табат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG