Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:46

Ырчы-чоорчулар үгүт иштеринен четте калды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Быйыл шайлоо алдындагы үгүт иштеринин убагында коомдук иш-чараларды өткөрүүдө көчөлөрдө, стадиондордо концерттерди, театрлаштырылган оюн-зоокторду, спорттук мелдештерди өткөрүүгө тыюу салынды.

Мындай талаптар «Кыргыз Республикасынын президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамдагы өзгөртүүлөрдө киргизилген. Андыктан ырчылар шайлоо процессине жаран катары гана катышып, үгүт ишине катыша албай тургандыгын БШК билдирген.

Ушундан улам жакында боло турган шайлоого чыгармачыл чөйрөнүн бир катар өкүлдөрү жарандык позициясын айтып чыгышты.

Кайрат Примбердиев мурдагы концерттеринин биринде.
Кайрат Примбердиев мурдагы концерттеринин биринде.

«Буга чейин шайлоо алдында концерттерде ырдап жүргөнүм үчүн уялам жана кыргыз элинен кечирим сурайм», - деп жазды эстрада ырчысы Кайрат Примбердиев «Инстаграмдагы» баракчасына. «Мындан кийин шайлоонун шайтан оюндарына катышпайм».

Чыгармачылыкка жаңыдан аралашып жаткан жаш ырчы Соната Касмалиева үгүт иштерине тыюу салган мыйзамды колдой тургандыгын баса белгиледи:

«Бизде «кыргызым» деп жан үрөгөн адамдар аз. Мен буга чейинки шайлоолордо эч кимге добуш берген эмесмин. Ырчы-чоорчуларга үгүт иштерине катышпоого тыюу салынганы туура чечим болду. Анткени көрүп эле жүрөбүз, кээ бир ырчылар ким көп акча берсе ошону үгүттөгөнү бар. Келечекте иштеп-иштебегенин ойлонушпайт. Ушул шайлоонун таза өтүшүн тилек кыламын».

Белгилей кетсек, ырчы Курал Чокоев, Съездбек Искеналиев да ушул сыяктуу ойлорун билдиришкен.

Антсе да шоу-бизнес өкүлдөрүнүн арасында мында тыюунун айынан кейип тургандар да бар. Беш жылдан бери маданият тармагында жигердүү эмгектенген, үгүт иштерине катышып жүргөн белгилүү алып баруучу, тамада Элмара Турсуналиева «Азаттыкка» төмөндөгүдөй оюн билдирди:

Элмара Турсуналиева.
Элмара Турсуналиева.

«Саясатчылар өз алдынча элди топтой турган деңгээлге жете элек. Эл саясий партиялардын чакыруусуна келбейт, ырчыларды угуш үчүн келет. Биз ырчылар менен чогуу олтуруп көп сүйлөшөбүз. Азыр көпчүлүгүнө оор болду. Бизде ырчылар айылдарды кыдырып концерт койгонго шарты жок. Ушул үгүт ишинин артынан эл кыдырып эргүү алышчу. Ошону менен бирге акча да табышчу».

Шайлоо өнөктүктөрү акыркы жылдары шоу-бизнес өкүлдөрүнүн каражат булагы болуп келген. Мындай иш-чаралардын аркасы менен чыгармачылыгында клиптерди тарттырып, жашоо-шартын түздөп алгандар бар. Буга чейинки шайлоо өнөктүгүндө ырчылар ырдоо акысын орто эсеп менен 30 миң долларга чейин баалап келишкен. Ал эми алып баруучулар 1000 доллардын тегерегинде болчу.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 2020- жылдын 4-октябрында өтөт, эл Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттарын тандайт.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG