Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-май, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 08:42

Тагаев: Кыргыз жыттанган кайрыктар жоголду


Калыйбек Тагаев.

Кыргыз эл артисти, «композиторлордун тирүү классиги» атыккан Калыйбек Тагаев быйыл 80 жашка чыкты.

Обончу-композитор жараткан 120дан ашык обондун көпчүлүгү жарым кылымдан ашык убакыттан бери эл оозунан түшпөй ырдалып, элдик ырга айланып кетти. «Азаттык» классик менен сыябан-маек курду.

Согуштагы балалык

Тестиер кезим. Ал кезде айылга кара кагаз деген көп келчү. Айыл ичи ызы-чуу болуп эле жатып калчу. Менин атама да ошентип бир күнү кара кагаз келди. Мен жетим, энем жесир калды...

Эмнени гана көрүп чоңойгон жокпуз. Жокчулук. Энелерибиз бир кичинекей баштык жасап берчү. Ага айдыңдагы комбайндан калган арпаны чогултабыз, машак теребиз. Аны да бригадирлер байкап калса кармап алып, планга деп кампага төктүрүп салчу. Үйгө бозала болуп, ыйлап келчүбүз.

Кийимге жетчү эмеспиз, кийгенибиз жалаң жамаачы. Анан териден жасалган жаргак шым кийдик. Кудай ургандай калдырайт. Аны кийип чуркайбыз деп койлорду үркүтчүбүз. Жылаңайлак эле өстүк. Буттар тилинип-тилинип кетчү. Аны жанагы трактордун солидолу менен майлап коёбуз.

Кийин чоңоюп, эс тартып калганда атам Тагайдын иниси Шыгай деген бар эле, Аксай, Арпай жайлоосунда малчы болчу. Анан ошол жакка кетип, кой кайтарып өстүм.​

Чыгармачылык шык кайдан келди?

Ата-бабамда деле ырчы, өнөрпоз болбоптур. Анан жаратылыштын таасири зор болду окшойт, Аксай, Арпа деген кудай ургандай кооз эле да. Шаркырап аккан суу... Кийин обон чыгарганда ошонун бардыгы көз алдыма тартылып турчу.

Токтогул мектебинде 5-класстан баштап эле тынбай ыр-хор кружогуна катыштым. Кичинекей элем, чыкылдап декламация айтчумун, спектаклдерде ролдорду аткардык, украиндердин гопак бийин көп бийледик. Ал кезде аспап жок. Сулайман деген гармошкасы бар таяке бар эле, ошону жалынып-жалбарып жарым саатка сурап чукулап калчумун. Өзгөчө шайлоо убагында кызык эле. Таң аткыча ырдачубуз. Онунчу классты бүткөндө обон чыгара баштадым.

Кедейчиликтин айынан жогорку окуу жайына тапшырган жокмун. Жардам берген эч ким жок. Ал кезде Нарында педучилищенин дене тарбия бөлүмү ачылып калган. Ошол жактан окуп, андан кийин музыкалык драма театрында иштеп калдым. Кийин Караколдогу пединституттан окудум.​

Жумамүдүн Шералиевдин таасири

Бала кезден Жумакем (обончу-композитор Жумамүдүн Шералиев) менен чогуу болуп калдым. Жумакемдин хор ийрими бар болчу. Ага айылдардан, райондордон келип катышкандар 200дөн ашар эле. Анын ичинде мен да бармын. Жыл сайын отчёттук концерт берчү. Аны айлап даярдачу. Абдан кызык эле. Ошолордун ичинен ынтызарлардын бири болуп калдым окшойт. Аккордеонго кызыгуум абдан артып кетти, катуу аракет кылдым.

Калыйбек Тагаев күйөрмандары жана жакындары менен.
Калыйбек Тагаев күйөрмандары жана жакындары менен.

Тынымы жок, талыбай иштегенди Жумакемден үйрөндүм да. Кийин Нарын драма театрында он жыл чогуу иштедик. Кабинетине кирип кетет да, мандарини, аккордеону менен түшкө чейин тынбай иштейт. Түштөнүп алып кайра улантат. Ошентип эзилип иштейт.

Тамара Жумакаева, Канымгүл Досмамбетова, Сагыйпа Чечейбаева, Гүлсүн Мамашова, Гүлмайрам Момушева деген ырчылар үчүн обон жазат. Эки күндө эле бир обон жазып келип, баарыбызды отургузуп алып сынатчу. Аны көрүп алып, ушундай иштеш керек турбайбы деп жан талашып мен да күнү-түнү иштечүмүн. Мына ошондой иштегенде натыйжа жакшы болорун турмуш көрсөттү.​

«Долондун» элдик ырга айланышынын сыры

Мен анда Нарын драма театрында иштечүмүн. Бообек Ибраев Чыңгыз Айтматовдун «Кызыл жоолук жалжалым» спектаклин коюп калды. Чыгарманын өзүндө «Таңкы саат беште шоферлордун суроосу боюнча «Долон» деген ыр берилет» деп жазылуу эмеспи. Анда Рыбачыдан (Балыкчы - авт.) Кытайга көк кашка деп койчу, ошондой жүк ташыган машине каттачу. Анан Бообек заказ берип калды, «спектакль бүтүп калды, «Долон» деген ыр керек болуп атат, жаратыш керек» деп. Текстин Жумакем (Жумамүдүн Шералиев) жазды.

Театрдын кире беришинде пианино болор эле, кээде жарык да жок болуп калат, ошол жерге конуп-түнөп аракет кылып атып, эки жумада обонун чыгардым. Көркөм кеңеш кабыл алды. Аны ырчы Сагыйпа Чечейбаева ырдап чыкты. Аныкындай үн жок эле да! «Долонго» куп эле жарашып калды. Айылдарды кыдырып, машиненин үстүндө спектакль, концерт койчубуз. Үнүнүн күчтүүлүгү ушунчалык, тоо жаңырар эле, кудай ургандыкы, клубдун ичиндеги микрофонсуз жаңырыкты айтпай эле коёюн. Эл эки-үч ыр ырдатмайын кетирчү эмес.

Мен да Жумакемчесинен тексттин мазмунуна карап обон чыгарам. Сөзгө маани берем да. Текстке обон аркылуу мүнөздөмө бергенге аракет кылам. «Жаныбарым Гүлсары», «Ысык-Көл» «Калыгулдун казалдары», «Таалайым сенде», «Жаштык вальсы», «Элмирам», деги бардык эле обондор ырдын мүнөзүнө жараша чыгып келди. Анын ичинен эң популярдуусу «Долон» болду. Сыягы, «Долондо» жаратылыштын кооздугунун, ашуунун бийиктигинин элеси да жакшы тартылган үчүн элге сиңип кетсе керек. Ушундай тар, серпантин, анан башына чыкканда укмуш бийик көрүнчү. Илгери автобустарда микрофон болор эле, анан ал Долон ашуусуна чыккандан ылдый түшкөнгө чейин ичиндеги кары-жаш дебей ушу «Долонду» ырдап жүрүп отурушчу. Элдик болуп кеткени ошол эмеспи.

Обондун кыргыз жыттанган кайрыктары жоголду

Шералиев, Власов, Малдыбаев, Фере деген чыгаандардын чыгармаларын азыркы обончу-ырчылар угуш керек. Маани беришпейт. Обондордун кыргыз жыттанган кайрыктары жоголду.

Обончулар таарынбасын, ырдын салттуу эрежелерин бузуп, элди иренжитип атышат. Кымбат машинеге отуруп, маңдайына бир кызды коюп эле клип тарта берген - ал ыр эмес да. Сөзүн кыргызча кылып коюшат, акценти кыргызча эмес. Аранжировка дегенди токтотуш керек. Азыркы обончулар аранжировкаларын өзбектердикине, түрктөрдүкүнө окшоштуруп, ошолордун аспаптарын кошуп эле компьютерге байланган техникалык обондорду чыгарып калды. Кыргыздын пайдалана турган эмне деген, канча деген аспаптары турат. Көз салган киши жок.

Мурда көркөм кеңеш иштеп, ал обондун сапатына катуу карачу эле. Сапатсыз болсо радиого да, телевидениеге да чыгууга уруксат берилчү эмес. Биз «жакшы жазылыптыр» деген сөздү узак күтчүбүз, укканда кудуңдап калчубуз. Азыр эки ыр жазгандар жылдыз болуп атышат. Заман ушундай болду го...

Көпчүлүк обончулар азыр бири-бирин кайталап атпайбы. Ар бир ырдын мазмунунун, обонунун өзгөчөлүгү бар, бири-бирин эч качан кайталабашы керек. Обон жазып, ага туш келген текстти чаптаган обондун келечеги болбойт. Текст менен иштеш керек. Жазып, анан 10-20 күн унуткарып коюп, кайра кайрылганда кемчиликтери оркоюп чыга берет.

Сексен жаш. Карантин. Мамиле.

Бир жаман жерим, негизи өкмөттөн бирдеме сурап барбайм. Элчилеп чуркабайм. Өздөрү деле унутуп коёт го, эстебейт. Токтогул сыйлыгына үч жолу көрсөтүлгөм, алчулар алып атат, обончулардан ала элек мен эле калдым окшойт. Радио, телевидение деле унутуп баратат. Анан ойлонуп, капа болот экенсиң. Баягы 60 жылдыкка концерт берип, чоңдордун баарына чакыруу тараттым эле. Эч кимиси келген да жок. Депутаттары деле келген жок. Ижарасына карыз да болуп калдым эле, анда.

Азыр эми карантинде үйдөн чыкпай эле отурам. Бекер отурбай 80 жылдыгымды концерт берип белгилесемби деп аракет кылып, чыгармаларымды оңдоп-түзөп, кайра иштеп, жаңысын жазып атам. Карантин бүтсө мааракени кандай белгилөө маселесин министрликке барып сүйлөшүп көрөйүн деген оюм бар. Ушу күнгө чейин өкмөттүк деңгээлде бир да концертим өтө элек экен.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

Пикирлерди көрүңүз (14)

XS
SM
MD
LG