Линктер

шейшемби, 11-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 13:57

Аманбаев: Классиканы эл укпайт дебегиле


Республикалык Мукаш Абдраев атындагы атайын музыкалык окуу жайдын жетекчиси Исирадин Аманбаев.

Исирадин Аманбаев кыргыз кыйырына белгилүү обончу, композитор. Республикалык Мукаш Абдраев атындагы атайын музыкалык окуу жайдын жетекчиси. Музыкалык окуу жайлардын биринде да жок окуу жайдын симфониялык оркестри дүйнөлүк жана кыргыз композиторлорунун классикалык чыгармаларын музыка сүйүүчүлөргө тартуулап келет.

“Азаттык”: Исирадин мырза, студияга кош келдиңиз, сиз менен классикалык музыка тууралуу кеп кылсакпы деп турабыз. Сиздин чыгармачылыгыңыз обончулук-композитордук кош багытта ийгиликтүү улантылып жатат. Классикалык жанрга сиз обон аркылуу келдиңизби же ага чейин эле кызыгып жүрчү белеңиз?

Аманбаев: Мен обончулук өнөрдөн академиялык музыкага келдим десем болот. Классикалык музыкага келгичекти ушул багытта окуп, жазып жүргөм. Бирок улуттук консерваториянын композитордук бөлүмүн аяктагандан кийин профессионал композиторлук билим алдым деп айтсам болот. Аа чейин обончулук өнөрдөн композиторлукка келдим.

“Азаттык”: Сиздин классикалык музыкага келишиңиздин жакшы натыйжасы деп жаңы муунду классикалык музыкага үйрөтүү, окутуу, ошолорго таалим-тарбия, билим берүү болду. Ошто деле ушундай эле ишти жасадыңыз. Азыр Бишкектеги эң ири музыкалык атайын окуу жайдын жетекчиси катары көп иштерди аткарып жатасыз. Жаштардын классикалык музыкага кызыгуусу кандай?

Аманбаев: Классикалык, академиялык музыканы түшүнүп, аны жаратып, ошондой угуучуларды тарбиялап, музыкалык бийик маданиятка жетишибиз биз үчүн чоң байлык. Дегеле классикалык музыка искусствонун бийик чокусу.

Ачыгын айтуу керек, 1995-жылдан баштап 2005-жылга чейин классикалык музыканы чангандар аябай көбөйгөн. Кээ бир улутчул патриотмун деген музыканттар, музыкант эместер деле чыгып алып "Европанын үлгусүндөгү классикалык, академиялык музыканын бизге кереги жок, мына Түркмөнстанда опера-балет театры жок, бизге анын эмне кереги бар, “Манасыбыз” болсо, комузубуз болсо, башкаларыбыз болсо ушу жетет" дегенге чейин барышкан. Туура, “Манас” менен комузду биз эч качан бөлө албайбыз, алар кылымдардан бери кан-жаныбызга сиңип калган. Булар дүйнөдө акыркы кыргыз калганга чейин жашай берет.

Бирок ошол жылдары эң сонун нерсебизди аз жерден жок кылып ала жаздадык. Опера-балет театрына эл мурдагыдай агылбай калды. Симфониялык, балеттик чыгармаларды жазган композиторлор азайды. Композиторлор уюму эмне кылганы белгисиз болуп, байкуш композиторлорубуз же музыка жаза албай, же үй-бүлөсүн бага албай калган деңгээлге жетти. Азыр деле кубанарлык эмес, бирок аз-аздан жанданып келе жатат. Профессионалдык музыкага ыктагандар көбөйдү.

Биздин мектеп профессионал музыканттарды тарбиялоочу окуу жай. Республиканын бардык тарабынан таланттуу балдарды таап келип окутуп, аларды профессионал музыкант катары тарбиялап беришибиз керек. 1-класстан баштап 11-класска чейин окутабыз. Жалпы билим берүү менен кошо айрыкча басым ушу музыка тарабына багытталат. Эки-үч жылдан бери бизден балдарын окутам деген ата-энелер аябай көбөйдү. Биз азыр аларды конкурс менен, мыктылардын арасынан мыктыларын тандап алууга жетиштик. Элдин минтип классикалык музыкага кызыгып, балдарын окууга берчүлөрдүн көбөйгөнүнө өзүбүз да таң калдык. Бул абдан жакшы нерсе. Классикалык музыкага биздин ата-энелерибиз, балдарыбыздын кызыгып жатышы, угуучуларыбыздын артышы баарыбызды кубантты.

Музыкалык мектепте тарбияланган балдар.
Музыкалык мектепте тарбияланган балдар.

“Азаттык”: Сиз композиторсуз, бирок ошол эле учурда көпчүлүк сизди таланттуу обончу катары билет. Сиздей обончулар беш манжа менен эле саналат. Обончулардын ичинде кээде өзүнө-өзү батпай, ушу классикалык жанрга ыктагандар болгон экен. Мисалы, Рыспай Абдыкадыров. Сиздин классикалык музыкага өтүшүңүз ички көрөңгөңүз обонго батпай калгандан кийин болдубу же башкачабы?

Аманбаев: Рыспай Абдыкадыров менен көп жүрүп калдым. Анткени биз бир жерден элек, үй-бүлөбүз катнаш эле. Акыркы кездерде ал киши өзүнө өзү батпай калган. Акыркы ырларын карасаңыз формасы да өзгөрүп, формалары татаалдашып, байып, көбөйүп, ушундай бир нерселерге жеткен болчу. Анан ошол обонго батпай калган кайрыктарын аккордеонго салып, кайрыктарын көбүртүп-жабыртып, ушундай деңгээлге чейин жеткен. Бирок ал киши музыкалык профессионалдык композитордук билими жок болгондуктан жанагындай оркестр, башка аспаптар үчүн, эми аспаптар үйлөмө, кылдуу, урма аспаптарга арнап жаза алган жок. Ал үчүн билим керек, билими жок жаза албайт. Анын өзүнүн ыгы болот, мисалы, обонду оркестерге салуу. Аны билүү керек. Же болбосо фортепьяно үчүн клавир деп коёт. Ошол обондорду аккомпонемент кылып жазып чыгыш керек.

Рыспай Абдыкадыровдун жаза турган мүмкүнчүлүгү бар эле. Бирок убагында профессионалдык же композитордук билим албагандыктан операга, симфонияга же башка жанрларга жете турган чыгармаларын жаза албай калды. Анткен менен өз алдынча окуп, өзүн тарбиялап алган обончуларыбыз бар. Алардын айрымдары фортепьяно үчүн чыгарма, романс, хор, чакан пьеса жазып жүрүшөт.

Соорбек Канатов деген обончубуз жакында театрда 60 жылдык юбилейин берди, чыгармалары аткарылды. Мен аны атайын барып көрдүм, мыкты обончу. “Тынчтык керек”, “Гүл деймин” деген дагы башка мыкты обондору бар. Ошол агабыз өзүнүн ырларынын баарын фортепьяно үчүн клавирге иштеп чыгыптыр. Анан ырлары романска жакын. "Профессионалдык билим болгондо мен мындан да жогору чыгармаларды жазмакмын" деп айтып калат. Маматибраим Бостонкулов деген обончубуз фортепьяно жана башка аспаптар үчүн пьеса жазат. Бул эми өзүн-өзү тарбиялап, анан отурушу керек.

“Азаттык”: Классикалык музыкага кызыгууну мен да байкадым. Негизи мурдагыга байланыштуу жандануу бар. Эми ушул жанданууну дагы алдыга жылдырып, анан ошол классикалык музыканы пропагандалоо, элге жеткирүү жагында кандай иштер жасалса деп ойлойсуз?

Аманбаев: Бир жакшы жолу бар. Муну ушул микрофонду пайдаланып айтып коюшум керек, буга чейин да айткам. Композиторлор союзун жандантуу керек. Эмнеге дебейсизби? “Саманчынын жолу” балет-ораториясын же болбосо “Маңкурт” балети же болбосо башка чоң-чоң операларды, Абдраев, Малдыбаевдин операларын союз мезгилинде жаздыртышкан. Композиторлорго: “Сен жаз, мына акча, үй-бүлөңө, бала-чакаңа” деп жарымын берип, “эч нерсеге алаксыба, алаксысаң эргүүң качып кетет” деп аларды бир бөлмөгө камап, роялды берип коюп жаздырткан. Мына ошол кезде жазылган “Айчүрөк” операсы менен азыр театралдык сезонду ачып жүрүшөт.

Азыр андай болбой жатпайбы. Жакшы чыгармалардын жазылбай жатышы да ушундан. Композиторлор бирдеме жазайын десе балдары үйүндө ачка ыйлап отурат. Аялы урушат. Анан ал байкуш бир жерге барып кечке иштеши керек. Анан каяктагы эргүү, каяктагы чыгарма?

Мукаш Абдраев музыкалык мектеби.
Мукаш Абдраев музыкалык мектеби.

“Азаттык”: Билесиз, Батышта классикалык музыканы жайылтуунун жолдору аябай көп. Айталы, чоң-чоң оркестрлер, камералык же симфониялык оркестрлер көчөгө чыгып эле акысыз концерт берет. Максаты - элди өзүнө тартуу, жакындатуу. Классикалык музыканын жайылтылышына ушундай да шарт түзүп атышат. "Ушундай кылсак болобу" десем, көпчүлүгү "бизде андайды укпайт" дешет. Сиз да ушундай ойлойсузбу?

Аманбаев: "Укпайт" деп эч качан айтпаш керек. Уга тургандар болот, сөзсүз уга тургандар болот. Биз аларга шарт түзүп беришибиз керек. Мисалы, кээ бирлер Опера жана балет театры кайсы жерде экенин деле билбеши мүмкүн. Кээ бирөөлөр классикалык музыканы көчөдө баратып уккусу келиши мүмкүн.

Эмне үчүн Европаны мисал кылышат? Эң туура. “Асман алдындагы концерт” деген сыяктуу иш-чаралар бизде эки-үч жылдан бери өтүп жатат. Профессионал ырчыларыбыз сейил бактарда ырдаса, аны көргөнү эл келип атат. Муну жайылтуу керек.

Билесизби, мурда парктарда үйлөмө аспаптар оркестри ойноп, эл угуп, бийлеп эс алып кетчү. Бул да классикалык музыканын жакшы үлгүсү болчу. Муну колдон келсе шаар мэриясы каражат таап, мэриянын алдындагы Маданият башкармалыгына акча бөлүп берип, ошолор мындай ишти көп уюштурса, шаардагы классикалык музыка угуучулар үчүн абдан жакшы болмок деп ойлойм.

“Азаттык”: Мына билесиз, Европада театр үч түрдүү болгон. Көчө, элдик, анан падышага тиешелүү театр. Көчө театры азырга чейин жашап атат. Музыка деле ошондой. Классикалык музыка - полифониялык жанр. Анын табиятын түшүндүрүү, пропагандалоо, анын кайсынысы жакшы, эмнеси начар экенин аныктап берчү музыкалык сындын абалы кандай болуп атат?

Аманбаев: Классикалык музыканы жайылтуунун дагы бир формасы – лекция-концерт деген бар. Муну кийинки эки жылдан бери Роза Отунбаеванын фонду жакшы уюштуруп жүрөт.

Алар биздин мектептин симфониялык оркестри менен иштешип жатат. Филармониянын залын алат да мектептеги балдарды чогултуп келет, аларга Гайдн, Моцарттын кичинекей симфониялык чыгармаларын, башка композиторлордун эмгектерин ойноп, чыгарманын маани-маңызын түшүндүрүп айтып берет. Бул келечек музыка сүйүүчүлөрдү тарбиялоонун бир багыты десек болот.

Ал эми музыка таануучу менен музыка сынчылары тууралуу айтсам алар абдан ыкшоо иштеп жатат.

“Азаттык”: Бишкектеги эң ири музыкалык тарбия мекемесинин башчысы болуп иштеп келатасыз. Мектептин симфониялык оркестри бар деп атасыз. Бул эми чынында эле жаңылык. Себеп дегенде симфониялык оркестрлер бизде беш манжа менен санай тургандай аз, себеби бул өзү табияты татаал, кыйын жумуш. Сиз аны кандайча уюштуруп калдыңыз?

Аманбаев: Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектептин мурда хору бар болчу. 2011-жылы мектепке келсем, ошол хордун деңгээли түшүп кетиптир. Биринчи ошол хорду оңдойлу деп деп жаңы хормейстер алып келдик. Азыр концерт берүүгө жарап калды. Кечээ жакында эле Опера жана балет театрында концертке катышты. Башка жерлерге чыгып атат.

Эл аспаптар оркестрибиздин да программасын карап, катуу иштедик. Ал дагы былтыр өзүнүн жеке концертин берди. Чолпон Райымкулов деген дирижерубуз бар. Ошонун 60 жылдыгында катышып, Филармониядагы концертте жакшы мактоо сөздөргө татыктуу болушуп, маданият күндөрүндө бир увертюра аткармак болду. Анан "эмне үчүн бизде симфониялык оркестр жок" деп ойлонуп калдык. "Биз ошол симфониялык оркестрдеги музыканттарды тарбияласак болот да, эмне үчүн түптөбөйбүз?" деп мектеп акимчилиги, жамааты чогулуп "келгиле, баштайлы" дедик. Ошентип симфониялык оркестрди түптөдүк. Бизден бүткөн Семетей деген баланы чакырдык, ал өзү виолончелде ойнойт. Макул болду, баштадык. Биринчи жылы жакшы болгон жок. Экинчи жылдан баштап алар менен иштешип отуруп азыр чоң программадагы татаал концерттерди, симфониялык чыгармаларды ойноп жатышат. Былтыр Филармонияда симфониялык оркестрдин концертин бердик, бул дагы чоң жетишкендик деп атабыз.

Азыр биздин симфониялык оркестрге кызыккандар көбөйдү. Жапониялык дирижер интернеттен көрүп алып “силердин мектептин оркестри бар экен, мен силерге барып концерт берейин” деп биз менен байланышкан. Азыр күтүп атабыз. Программасын түзүп койгонбуз. 22-ноябрда филармониянын залында концерт берели деп турабыз. Бул да биздин жетишкендигибиз.

“Азаттык”: Исирадин мырза, бул иштер колдоого ала турган, элге жайылта турган иш экен. Азыркы кезде кандай чыгармалардын үстүндө иштеп атасыз, пландарыңыз кандай?

Аманбаев: Чыгармачылыкта кызуу эмгек үстүндөмүн десем болот. Себеп дегенде, мен иштеген жер да чыгармачылыктын борбору. Балдар үчүн чыгармаларды, симфониялык, эл аспаптар оркестрлери үчүн чыгармаларды жазып жатам. Анан, албетте, мен обончу катары чыккандан кийин элге тартуулай турган жаңы обондорду жаратуудамын. Айрымдарын аткарып келатам. Буюрса, быйыл болбосо да эмдиги жылы бир автордук концертимди берсемби деген оюм бар.

“Азаттык”: Рахмат, ишиңизге ийгилик каалайм!

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG