Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:50

Шансонду тандаган жылдыз


Анарбек Сардарбеков
Анарбек Сардарбеков

“Миӊ санаттын” мейманы кыргыз элине таанымал ырчы, обончу Анарбек Сардарбеков болмокчу. Анарбектин ырлары өткөн кылымдын сексенинчи жылдары өтө популярдуу болгонун эске салабыз.

Шайлообек Дүйшеев: Анарбек экөөбүз бир кезде чогуу иштеп калдык эле, ал кезде мен жаш болсом сен таптакыр жаш элең. Филармонияда сени менен Шахрезада Аскарова деген ырчы кызыбыз да чогуу иштечү. Экөөң "Кечки серенада" деген ырды дуэт менен аткарчу элеңер. Эми Анарбек бүгүнкү чыгармачылыгың кандай? Андан бери эмне болду, ушуну айтсаӊ?

Анарбек Сардарбеков: Андан бери далай суулар акты. Студент кезде сөздү урдура берчү экем. Бард стили деген бар эмеспи. Обонго сөздү кандай тандап, ким менен иштеш керектигин кийин билбедимби. Биринчи эле обондуу ырды сиздин сөзүңүзгө жазып баштабадым беле.

Шайлообек Дүйшеев: Сенин үнүң таптакыр башка да, сенде бир мыкты үн бар. Бас үндүү Болот Миңжылкыев дүйнөнү дүңгүрөтпөдү беле. Сеники дагы бас да?

Анарбек Сардарбеков: Кудай ушинтип колдураган үн берип коюптур. Меники баритон бас, кээде бас болуп калам. Менин үнүм ылдыйлап эле баратат, кээ бир адамдыкы өзгөрбөйт экен, кээ бир адамдыкы өзгөрөт экен.

Шайлообек Дүйшеев: ​Сеники ошондо бастан баритонго түшүп кеттиби?

Анарбек Сардарбеков: Жок, кайра жооноюп кетти.

Шайлообек Дүйшеев: ​Азыр дагы обондорду жазып жатасың да?

Анарбек Сардарбеков: Сөзүн Акбар Рыскулов жазган «Кар вальсы» деген ырымды Гүлсүн Мамашева эжебиз ырдап жүрөт далай жылдан бери. Өзүнө тим эле жарашат, аткаруусу деги эле сонун.

Улан Итибаев деген таланттуу ырчыбыз бар, ал «Кечки серенаданы» ырдап жүрөт. «Сагыныч кат» деп Шахра экөөбүз ырдачу элек, аны Урмат менен Неля аткарып жүрөт. Менин ырларым өзүмдүн үнүмө ылайыктуу. Соңку кезде турмуштук тематикадагы, шансон стилиндеги ырларга кайрылып жүрөм. «Жаштыкка кайрылуу» деген шансон тибиндеги ырымдын сөзүн Убайылда Ажыбаев жазган.

Шайлообек Дүйшеев: Андан тышкары эмне иш кылып жатасың?

Анарбек Сардарбеков: Бишкектин Ленин районунда чыгармачылык борбору бар. Ошол жерде иштейм, үн операторлорду, видео операторлорду окутам. Эстрадалык вокал деген бар, мына ошолорду балдарга окутуп, педагогдук кесип менен алектенем.

«Жаштыкка кайрылуу»

Жай айы салкын төр жайлоодо,

Жаштыктын шаңына бөлөнүп.

Ырдасак капчыгай жаңырчу,

Жапжашыл арчага жөлөнүп.

Эх, ошол жаштык кайда?

Жашынган алыс жайга.

Жарк этип көздөн учкан.

Келсе деп самайм кайра.

Жалбыз жыт жайлоонун төрүндө,

Өткөн күн кылт этет көңүлдө.

Жаштыгым калганбы жашынып,

Биз жүргөн капчыгай төрүндө.

Эх, ошол жаштык кайда?

Жашынган алыс жайга.

Жарк этип көздөн учкан,

Келсе деп самайм кайра.

Карааныӊ жүрөктө катылып,

Мен кеткем калаага ашыгып.

Жаштыгым ошондо калганбы,

Жапжашыл жайлоодо жашынып.

Эх, ошол жаштык кайда?

Жашынган алыс жайга.

Жарк этип көздөн учкан,

Келсе деп самайм кайра.

Анарбек Сардарбеков менен маектин толук вариантын төмөндөгү аудиодон угуңуз.

Сардарбеков: Чөп өспөгөн кургак сөздү таштайлы
please wait

No media source currently available

0:00 0:13:40 0:00
Түз линк

Анарбек Сардарбеков менен Шахрезада Аскарованын аткаруусундагы ыр.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG