Линктер

бейшемби, 14-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 14:18

Кошмо Штаттардын Лос-Анжелес шаарында өткөн Asian World Film Festival иш-чарасында Түштүк Кореянын “Такси айдоочусу” деген фильми Гран-прини алса, кыргызстандык актер жана режиссер Актан Арым Кубат “Кентавр” тасмасындагы ролу үчүн мыкты актер аталды. Кыргызстандык режиссер, депутат Садык Шер-Нияз негиздеген фестивалдын үчүнчү айлампасы 2-ноябрда жыйынтыкталды.

Лос-Анжелес шаарында өткөн фестивалда баш байгени жеңип алган режиссер Жанг Хундун (Jang Hoon) “Такси айдоочусу” деп аталган тасмасында 1980-жылы Түштүк Кореяда “Кванжу көтөрүлүшү” деген ат менен тарыхта калган кандуу көтөрүлүштүн маалында такси айдоочусу менен чет элдик журналисттин окуясы баяндалат.

Мыкты актриса наамын шриланкалык актриса Анома Янадари “Отко түшкөн чымчыктар” деген тасмадагы ролу үчүн алды. Ал эми кыргызстандык актер жана режиссер Актан Арым Кубат өзүнүн “Кентавр” тасмасындагы башкы ролу үчүн “Мыкты актер” аталды.

- Кыргыздар түптөгөн улуттук деңгээлдеги фестивалдар Кыргызстанда өткөрүлүп келгени көнүмүш болуп калган. Чет жакта, кыргыздарды жакшы тааныбаган жерде Азия фильмдерин көрсөтүп, фестиваль уюштуруу бул эрдик деп ойлойм. Иш-чарада дүйнө коомчулугун кыргыз кинолору менен тааныштырып жатабыз. Мен байкагандан бул жакта көрсөтүлгөн тасмалардын көбү “Оскар” сыйлыгына ат салышып жаткан экен. Америкалык киноакадемия жарыялаган узун тизмеде азыр 92 тасма бар, алардын ичинде менин “Кентаврым” да жүрөт. Эми бул тасмаларды ошол академиянын мүчөлөрүнүн баары көрүп чыгып, добуш берип, андан соң “кыска тизме” түзүлөт. Бул фестиваль болбосо мен тасмамды өзүм алып келип жарнама кыла албайт элем да. Азия фильмдер фестивалы биздей болгон режиссерлорго ошондой мүмкүнчүлүктү түзүп берип жатат.

Фестивалдын ачылышы:

​“Кентаврдан” тышкары фестивалда Кыргызстандан Таалайбек Кулмендеевдин “Мунабиясы” жана Эрнис Абдыжапаровдун “Саякбай” аттуу тасмасы да көрсөтүлдү.

Жалпысынан кинофестивалда 30дай мамлекеттен 33 тасма көрсөтүлдү. Алардын арасында Голливуд жылдызы Анжелина Жоли режиссерлук кылган “Алар адегенде атамды өлтүрүштү” деген аталыштагы тасма да бар. Атактуу актриса тасманын бет ачарына катышып, фестивалдын коноктору менен баарлашып кетти.

Фестивалдын негиздөөчүсү, кыргызстандык режиссер жана парламент депутаты Садык Шер-Нияз Анжелина Жолини иш-чаранын идеологиясы кызыктырганын “Азаттыкка” айтты.

- Бул Анжелина Жолинин жеке демилгеси болду. Ал ошол Азия мамлекеттеринен келген кино ишмерлери менен жолугуп, баарлашып кетүүнү каалаптыр. Ал биздин кыргызстандык жана башка мамлекеттен келген режиссерлор жана операторлор менен жолугушуп, өз тасмасын көрсөтүп, суроолорго жооп берип, бир жарым сааттай отуруп кетти.

Кинорежиссер Садык Шер-Нияз, Голливуд жылдызы Анжелина Жоли жана Азия фильмдеринин бүткүл дүйнөлүк фестивалынын уюштуруучулары. 31.10.2017-ж.
Кинорежиссер Садык Шер-Нияз, Голливуд жылдызы Анжелина Жоли жана Азия фильмдеринин бүткүл дүйнөлүк фестивалынын уюштуруучулары. 31.10.2017-ж.

Калыстар тобун теги кытайлык америкалык актриса Лиза Лу жетектеди. Ошондой эле калыстар тобунун курамына орусиялык белгилүү режиссер Сергей Бодров жана түркиялык актриса Туба Буюкуюстун кирген.

Бул фестиваль биринчи жолу 2015-жылы өткөн. Садык Шер-Нияздын айтымында, фестиваль дүйнө коомчулугунун көңүлүн Азия тасмаларына бурдуруу максатын көздөйт. Режиссердун айтымында, фестиваль акырындап өз мүдөөсүнө жетүүдө.

- Жылдан жылга уюштуруу иштери, кинолорду кабыл алуу жагы жакшырып баратат десем жаңылышпайм. Мен негиздөөчү болгонум менен, көп ишти бул жактагы уюштуруу командасы жүргүзөт. Фестивалдын директору, белгилүү режиссер Жоржс Чамчум жана башкы менежери Асель Шерниязова алгылыктуу иш алып барышууда. Мындай фестивалды жалаң акчанын күчү менен уюштурсак эбегейсиз көп каражат кетмек. Бирок биз андай каражатка алыбыз жетпейт. Ошол себептен бул фестивалды америка коомчулугу, Лос-Анжелестеги жергиликтүү бийлик колдоп, ыктыярчылардын жардамы менен ишке ашып жатат десем болот.

Иш-чараны үч жылдан бери жеке ишкерлер каржылайт. Ал эми 2016-жылы Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев өз фондунан үч миллион сом бөлгөн. Asian World Film Festival Азия чөлкөмүнөн келген режиссерлорго өз тасмаларын кеңири көрүүчүлөргө жана эң негизгиси Америка киноакадемиясынын өкүлдөрүнө тааныштырууга мүмкүнчүлүк түзөт.

Фестивалдын ачылышында түркиялык режиссер Чан Юлкайдын "Айла: согуштун кызы" тасмасы көрсөтүлдү.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Элиза Кененбаева

    "Азаттыктын" Прага шаарындагы кеңсесинин кызматкери, "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу (2011-2013). Кыргыз-Орус (Славян) университетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG