Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:03

Черчилл менен Жефферсон тууралуу кыргызча китеп чыгат


Черчилл жубайы Клементина менен
Черчилл жубайы Клементина менен

“Роза Отунбаеванын демилгелери” эл аралык коомдук фонду “Өмүрү өрнөк инсандар” аттуу китептер топтомун чыгарууну улантууда. Быйыл Улуу Британиянын мурдагы премьер-министри, белгилүү коомдук жана мамлекеттик ишмер Уинстон Черчилл жана АКШнын үчүнчү президенти, Американын коз карандысыздык декларациясынын авторлорунун бири Томас Жефферсондун өмүр, таржымалдарын баяндаган китеп кыргыз тилинде жарык көрөт. Бул тууралуу экс-президент Роза Отунбаева бүгүн журналисттер менен жолугушууда билдирди. Отунбаева азыр кыргызстандык окурмандар мындай китептерге муктаж экенин жана дүйнөлүк лидерлер тууралуу эмгектерди чыгаруу уланарын кошумчалады.

Аталган фонд буга чейин «Менин атам Ден Сяопин» деп аталган китепти чыгарган. Анда индиялык дүйнөгө таанымал саясий ишмер Махатма Гандинин «Мен издеген чындык» китеби кыргызчаланган. (NT/RK)

XS
SM
MD
LG