Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:45

Паспортко күнү түшкөн партиялар


Добуш берүү үчүн кезек күткөн жоокерлер. 4-октябрь, 2015-жыл.
Добуш берүү үчүн кезек күткөн жоокерлер. 4-октябрь, 2015-жыл.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) бир катар партиялардагы талапкерлер №2 формадан кыянаттык менен пайдаланып, шайлоочулардын паспортторун жыйноо аркылуу добуш сатып алуу көрүнүштөрү боюнча кайрылуулар түшүп жатканын жарыялады.

Кол астында иштегендерди туугандарынын паспортторун чогултуп, №2 форма аркылуу кайсы бир партиялардын кызыкчылыгы үчүн шайлоо дарегин которууга мажбурлоо аракеттери жүрүп жатканы айтылды.

БШК добуш берүүнүн эркин шайлоо принцибин бузууга багытталган мындай көрүнүштөр боюнча фактылар аныкталса, катуу чара көрүлө турганын эскертти.

Паспорт чогултууга мажбурлоо болгонбу?

Жазуучу жана коомдук ишмер Топчугүл Шайдуллаева анын Бишкектеги мамлекеттик дарылоо мекемелеринин биринде иштеген таанышы жарандардын паспортторун топтоого мажбур болуп жатканы тууралуу «Фейсбуктагы» баракчасына жазып чыкты.

Шайдуллаева башкы дарыгер кызматкерлердин ар бирине ондон шайлоочунун паспортун таап келүүгө мажбурлап жатканын белгилеген. Муну ал кайсы бир партиянын кызыкчылыгы үчүн жасалып жаткан административдик басым катары баалады:

«Менин бир таанышым «директорубуз «ар бириңер он кишиден чогултуп келгиле» деди, паспортуңуздарды бергилечи» деп чалып жатпайбы. Ушинтип жатканда муну токтотуш керек. Ошондуктан «Фейсбукта» «Биз паспорт чогултууга каршыбыз» деген хештегди баштадым».

Шайдуллаеванын «Фейсбук» баракчасында белгиленген Жалдагы оорукананын жетекчиси, Энеликти жана балалыкты коргоо боюнча республикалык борбордун директору Камчыбек Узакбаев өзү кол астындагыларга паспорт чогултуу тууралуу тапшырма бергени тууралуу сөздү четке какты:

«Эми бирөөлөр жөн эле айта беришет да. Бизде 1300 адам иштейт. Алардын кайсы бири эмне деп айтып жатканын кайдан билебиз? Кимдер бизде ошентип паспорт чогултса, коррупция жасаса, кармап туруп, ошондой адамдарды жазалаш керек. Мен болгону «добушуңарды сатып жатасыңар, сатпагыла, Кыргызстандын келечеги үчүн иштегиле» деп гана айтып жатам. Мен «шайлоого баргыла, кимди шайлайсыңар - муну өзүңөр билесиңер» дедим. Аларды эч ким «тигиге же буга шайла» деп мажбурлай албайт. Ар бир адам кабинага киргенден кийин өзү каалагандай добуш берет. Жетекчи айтып койсо эле ошону шайлаган болбойт. Азыр эл демократия дегенди жакшы түшүнүп калган».

Узакбаевдин жубайы Элмира Жумалиева «Биримдик» партиясынын тизмесинде депутаттыкка талапкер болуп катталган.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) кийинки убакта айрым партиялардын талапкерлери шайлоочулардын паспортторун чогултуп, №2 форма аркылуу алардын шайлоо дарегин өздөрүнө бөлүнгөн шайлоо тилкелерине караштуу аймактарга которуу иштери менен алектенип жатканы боюнча маалыматтар келип түшүп жатканын ырастады. Мыйзамга ылайык, жаран өзү шайлоо участогуна келсе, анын биометрикасын аныктап, ал №2 форма арызынын негизинде шайлоо дарегин өзгөртө алат.

БШКга түшкөн коңгуроо

БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов шайлоочулардын паспортторун жапырт чогултуп алып, алардын шайлоо дарегин которуу добуш сатып алууга барабар экенин жана ага чара көрүлөрүн эскертти:

«Азыркы убакта жер-жерлерден жарандардын паспортторун чогултуп, №2 форма толтурган адамдар тууралуу маалыматтар бизге түшүп жатат. Эч бир жарандын паспортун башка бирөө алып, колдонгонго же болбосо чогултканга акысы жок. Эгерде ошондой учурлар болсо, аймактык шайлоо комиссияларынын астында түзүлгөн ыкчам чара көрүү топторуна жана укук коргоо органдарына арыз менен кайрылууга болот. Жаран өзү шайлоо тилкесине келип, №2 форма үлгүсүндөгү арыз берип, анан идентификациядан өткөндөн кийин гана анын шайлоо дареги өзгөртүлүшү мүмкүн. Анан жарандардын паспортторун башка бирөөлөр чогултуп келип, алардын шайлоо дарегин жапырт түрдө башка бирөө өзгөртсө, анда бул добуш сатып алууга барабар жорук болуп, ал экөөнө тең бирдей жаза каралган. Мындай иштер териштирилип, андайларга чара көрүлүшү кажет».

БШК шайлоочулардын паспортторун жапырт түрдө чогултуу административдик басым аркылуу же сатып алууга байланыштуу ишке ашканы аныкталса, анда ага карата чара көрүлө турганын эскертти.

БШКнын мүчөсү Гүлнар Журабаева жарандардын паспорттору алардын эркине каршы чогултулуп алынган күндө да, шайлоо күнү алар эркин добуш бере аларын айтып, кол астындагыларды өзүнө караштуу шайлоо тилкелерине каттаткан талапкерлер болуп жатканын белгиледи:

«Кайсы жаран кандай добуш бергенин эгерде өзү эле көрсөтпөсө, эч ким биле албайт. Биздин эсептөөчү урналар ким кандай добуш бергенин аныктай албайт. Ошондуктан жарандар эч нерседен коркпой эле добуш беришсе болот. Биздин кээ бир талапкерлер административдик ресурсту колдоно турганын билебиз. Жакында эле Бишкек шаарындагы банктардын бирин жетектеген адам өзүнүн кызматкерлерин Чүйдөгү Степное айылына алып барып, №2 форма арызынын негизинде каттоого тургузганы тууралуу маалымат келип түштү. Ал айылда беш шайлоо тилкеси болсо, анын бирөөндө аябагандай көп адам №2 форма менен каттоого турган. Биз бул маселени иликтөөгө кириштик. Менимче аны аягына чыгарып, ошого жараша баа берилет».

Кошумча шайлоо тилкелери кайдан чыгат?

Ошол эле кезде талдоочулар жарандардын паспортторун чогултуп, алардын №2 форма арызынын негизинде бир тилкеден башка шайлоо тилкесине көчүрүүнүн айынан шайлоо күнү кыйынчылыктар жаралышы мүмкүн экенин эскертишти. Анткени тиешелүү шайлоо тилкесинде шайлоочулардын тизмеси 2,5 миң адамдан ашып кетсе, анда бул жагдай тыгын жаратып, добуш берүүнүн агымына тоскоолдук жаратышы мүмкүн экени белгиленди.

БШКнын мурдагы мүчөсү Жаркын Бапанова шайлоочулардын саны ашып кеткен жерлерде кошумча шайлоо тилкелери ачылышы мүмкүн экенин айтты:

«Кошумча шайлоо тилкеси дегенде эгерде бирөөндөгү шайлоочулардын тизмеси 2,5 миң адамдан ашып кетсе, анда мыйзам боюнча кошумча шайлоо тилкеси ачылышы керек. Жаңы конуштарда калктын табигый өсүшүн эске алуу негизинде ошондой ченем киргизилген. Бирок азыр саясий партиялар ошол жагдайды жана №2 форма деген арызды кыянатчылык менен пайдаланып, өздөрүнүн тарапташтарын ар кайсы жактан ташып келип, бир шайлоо тилкесине толтуруп алып, мына ошондон маселе келип чыгышы мүмкүн. Анткени азыр партиялардан көрсөтүлгөн талапкерлер өздөрүнүн жакындарын, тарапташтарын ар кайсы даректерден чогултуп келип, өздөрү добуш ала турган шайлоо тилкесине топтоштуруп жатышат».

Буга чейин шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизип, шайлоочулардын кошумча тизмелерин түзүүгө тыюу салынган. Ал эми кошумча шайлоо тилкелерин ачууга андагы шайлоочулардын саны 2,5 миң адамдан ашканда гана уруксат бере турган ченем киргизилген болчу. Шайлоо күнү №2 форма арызы аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсүнө уруксат берүү аларды жапырт түрдө которуштурууга негиз берип, жарандардын эркин тандоосун бурмалай турганы талкууланып келген.

5-сентябрда президенттик аппарат мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековдун «Биринчи радиодогу» кезектеги маегин жарыялаган. Анда Жээнбеков шайлоо тууралуу суроого кенен жооп берип, бийлик бардык партияларга бирдей шарт түзүп берүүгө бардык күч жумшап жатканын айткан:

«Таза шайлоо — өлкөнүн өнүгүшү үчүн негизги шарттардын бири деп буга чейин да айтылган. Бул - өлкөнүн өнүгүшүндөгү, келечектин негизги шарты. Шайлоонун таза, чыр-чатаксыз өтүүсү үчүн мен, президент катары өз милдетимди толук аткарып жатам жана аткарам».

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрга дайындалган. БШК 3-сентябрда шайлоого 15 саясий партияны талапкер кылып каттады. 4-сентябрдан тартып шайлоого талапкер партиялар үгүт иштерин баштады.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG