Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:45

Бийликтин билеги шайлоодо көрүнүүдө


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Мамлекеттик органдар шайлоодо бийликчил партиялардын пайдасына административдик ресурс колдонууда, добуш сатып алуу боюнча мыйзамсыз аракеттерди тизгиндеген жан жок» деген коомчулукта нааразылык көбөйүүдө.

Өкмөт шайлоонун мыйзамдуулугуна жетиштүү көзөмөл кылып жатабы? Эреже бузган аткаминерлер же шайлоочулар жоопкерчиликке тартылдыбы?

«Арай көз чарай» талкуусуна юридика илимдеринин доктору, профессор Чолпонкул Арабаев жана Жалал-Абад мамлекеттик университетинин окутуучусу Абдисатар Досбаев катышты.

«Азаттык»: - Абдисатар мырза, өлкөнүн жогорку жетекчилери шайлоонун калыс өтүшүн талап кылууда. Ошол эле учурда «аймактарда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү административдик ресурс колдонуп, бийликчил партиялардын пайдасына иштеп жатышат» деген пикирлер көп. Ушундай көрүнүштөр барбы, болсо алар кандай формада болуп жатат?

Абдисатар Досбаев: - Бизде шайлоо учурунда бийлик ресурстарын колдонуу адатка эле айланып калгандай. Бийликке келем деген партиялар көп болгону менен аларга нааразы шайлоочулар да ошончо көп. Партиялар элге барганда анча-мынча жылуу кеп укпаса, аларды жактырып жаткан электорат өтө аз. Алардын нааразылыгы - баягы эле эски адамдар, анча-мынча жаңырган жүздөрдү карасак көпчүлүгү баягы эле белгилүү адамдардын небере-чөбөрөсү экендиги илинип атат. Ошондой шартта бийлик өз ресурстарын иштетип жатканы да чындык.

Мисалы, менин бир таанышымды мамлекеттик мекеменин жетекчиси чакырып, «5-октябрга чейин «баланча» партиянын штабына барып иштеп бериңиз, ал учурдагы айлык акыңыз сакталат» деп административдик ресурсун колдонгонуна күбө болдум. Ушундай шарт менен бийликчил партиялардын штабдарында иштеп жаткан мамлекеттик кызматкерлер жетиштүү.

«Азаттык»: - Чолпонкул агай, «шайлоого кийлигишип жаткан аткаминерлердин жоопкерчилиги мыйзам боюнча күчөтүлгөн» деп айтылганына карабай эмне үчүн мындай көрүнүштөр уланып жатат, же жаза жеңилби?

Чолпонкул Арабаев: - Кыргыз тарыхында биздин эл адат-салттык жана шарият укуктары менен жашап келген. Тилекке каршы, кыргыз мамлекети XXI кылымда жашап, кагаз жүзүндө мыйзамдуу системаларды, мамлекеттик башкаруу формаларын түзгөнү менен, иш жүзүндө «адаттар» менен жашап, алар турмушубузда басымдуулук кылып жатканы өкүндүрөт. Кыргыздар «үйрөнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы» деп бекеринен айтпаган чыгар.

Бизде мыйзамдык чаралар анча-мынча күчөтүлгөнү чын. 2020-жылдын 1-январынан баштап Жазык кодексине, Жазык-процессуладык кодекске шайлоого байланыштуу беш жаңы берене киргизилген. Ал мыйзамдардын талаптарын жөнөкөй шайлоочулар эмес, мамлекеттик кызматкерлер да билбеши мүмкүн. Ал эми мыйзам эрежелерин окуган саясий партиялардын жетекчилери билип туруп билмексенге салып, маани бербей жатканы өкүндүрөт.

Шайлоодогу үгүт иштеринин башталганына аз убакыт болгонуна карабай эл арасында мыйзамсыздыкка нааразы болгондор көбөйүүдө. Жогоруда айтылган мыйзамдардагы талаптарды элге жеткирүү, түшүндүрүү боюнча өкмөт жетиштүү иш алып барган жок. Бул багытта укук коргоо органдары да иш алып барышы керек эле. Шайлоочулардын добуштарды сатып алууга, сатууга болгон аракеттеринин баары – кылмыш. Кылмыш философиясында «уурдап алууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн жерде уурулук пайда болот» деген аныктама бар.

Биздеги жаңы күчүнө кирген мыйзамдардагы талаптар шайлоого катышып жаткан партиялар үчүн эч нерсеге арзыбайт. Айыпты төлөп коюп, мыйзамсыз ишин уланта бериши мүмкүн. Ашып кетсе 14 миң сом айып байлар үчүн акча эмес.

Юридика илиминде мыйзамды бузбаш үчүн жазалар да натыйжа бербегени аныкталган. Иштин эң натыйжалуу жолу – кабыл алынган мыйзамдарды коомчулукка кеңири жеткирүү, түшүндүрүү иштерин колго алууда болчу. Ошондо мыйзамсыздык аз болмок.

«Азаттык»: - Абдисатар мырза, шайлоочулардын добуштарын сатып алуу максатында №2 форманы толтуруу жана башка аракеттер жөнүндө маалыматтар айтылат. Ал ким аркылуу, кандай ишке ашууда?

Абдисатар Досбаев: - Экинчи форманы толтуруу биз тарапта деле жүрүп жатат. «Баланча жерге барып добуш бересиң» деп алдап кол койдуруп, акчасын берип жаткандар болуп жатат. Айылдан шаарга, шаардан айылга каттатып жаткан партиялар бар экендиги айтылууда. Эл арасында добуштар үчүн бир миңден үч миң сомго чейин берип жатканы жөнүндө угуп жатам. Айрым партиялар ар кандай курулуштарды каржылып, жолдорду оңдой баштаганын билип жатабыз.

«Азаттык»: - Чолпонкул агай, шайлоочунун добушун сатып алууга аракет кылгандар менен добушун сатып жаткан адамдын жоопкерчилиги мыйзамда кандай каралган?

Чолпонкул Арабаев: - Мыйзамда добуш сатууга барган менен добушун сатып жаткандын – экөөнүн тең аракети тең кылмыш болуп саналат. Жогорку Кеңеш – Кыргызстандагы бийликтин эң жогорку жери. Ал жерде коомдун алдыңкы өкүлдөрү, үлгү боло ала турган, коомду ээрчите ала турган адамдар отуруш керек. Ошондой жогорку деңгээлдеги адамдар келсе мыкты, прогрессивдүү мыйзамдар жазыларын ар бир шайлоочу терең сезиши керек.

Учурда партиялар жарыялап жаткан ураандарды, убадаларды аткарыш үчүн татыктуу парламентти шайлай билишибиз керек. Укуктук философияда «чабалдар гана кылмыш кылышат» деп айтылат. Демек, добуштарды сатып алам дегендерди Кыргызстандагы чабал адамдар деп билишибиз керек...

XS
SM
MD
LG