Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:01

«Биримдик» үгүт жыйынына мугалимдерди топтодубу? (видео)


Араван районундагы маданият үйү.
Араван районундагы маданият үйү.

Араванда «Биримдик» партиясынын талапкерлеринин жыйынына мугалимдердин катышканы талкууга түштү.

8-сентябрда «Биримдик» партиясынын талапкерлери Өмүрбек Бакиров, Шүкирилло Файзуллаев жана Жалалиддин Нурбаев Араван районуна караштуу Алля Анаров атындагы айыл өкмөтүндөгү мектеп жана бала бакча кызматкерлерин чогултуп, жыйын өткөргөн.

«Биримдик» партиясынын тизмесинде Өмүрбек Бакиров 30-орунда, Жалолиддин Нурбаев 69-орунда, Шукирилло Файзуллаев 74-орунда турат.

«Өз эркибиз менен келдик»

Жолугушууга келгендер мектеп директорлору, мугалимдер жана бала бакча кызматкерлери болуп чыкты.

“Чилустун” балдар бакчасынын тарбиячысы Бүхаё Бөрүбаева жыйынга өз эрки менен келгенин айтууда.

«"Чилустун" балдар бакчасында иштейм. Талапкерлер менен жолугушуу болорун угуп келдик. Жалил ажыны (Жалалиддин Нурбаев) колдойбуз. Бала бакчада жумуш кадимкидей болуп атат».

Чогулуш өткөн маданият үйүнүн концерттик залы 300 кишиге ылайыкташкан.
Чогулуш өткөн маданият үйүнүн концерттик залы 300 кишиге ылайыкташкан.

Абдулхамид Кадыров атындагы орто мектептин мугалими Саадаткан Абдуганиева да бул жыйынга өз эрки менен келгенин, аны менен чогуу 25 мугалим отурганын айтты:

«Өзүбүз кызыгып келдик. Биздин мектептен 25тей мугалим катышты. Биз үгүтчү эмеспиз. Мугалимдердин үгүт ишине катышканы туура эмес деп ойлойм. Эл үгүт ишине катышып жатат».

Мугалимдер жумуштан кийин келгенин айтканы менен, жыйын саат 16:30да башталып, көпчүлүк жарым саат, бир саат мурда эле топтолгон.

Алар үчүн атайын уюштурулган маршруттук таксилер имараттын сыртында токтоп турганына "Азаттыктын" кабарчысы күбө болгон.

Айрым мугалимдер директордун тапшырмасы менен келгенин айтканы менен микрофонго сүйлөп берүүнү каалаган эмес.

Мугалимдерди ташыган кичи автобус.
Мугалимдерди ташыган кичи автобус.

Билим берүү министрлигинин өкүлү Марат Үсөналиев мугалимдерге үгүт ишине катышууга тыюу салынганын билдирди.

«Үгүт боюнча жалпы мугалимдерге тыюу салынган. Биздин өзүбүздүн жумушубуз, көйгөйлөрүбүз, сабактарыбыз көп. Онлайн режимде окутуп жатабыз. Ошондуктан мугалимдерге үгүт иштерине аралашууга тыюу салынган. Билим берүү мекемесинин жетекчисинен баштап, мугалимге чейин. Эгер алар үгүт иштерине кызмат кылса, катуу чара көрөбүз. Эгер үгүт иштерин жүргүзүүнү катуу кааласа жумуштан арыз жазып чыгып, анан катышуусу керек».

Кабар алууга келген аким жана айыл өкмөттөр

8-сентябрда Аравандагы маданият үйүндөгү жыйынга мугалимдерден сырткары район акими Курбанбек Айтибаев да келген.

Курбанбек Айтибаев.
Курбанбек Айтибаев.

«Мен жаран катары, иштен кийин келип атам, -деген анда Курбанбек Айтибаев. Мен да шайлоочумун да. Кандай нерсе болуп жатканын, программаларын көрөйүн деп айланып жүрөм. Райондун борбору тынч бекен деп келдим. Мына, мен район жетекчиси катары жолугушуу болуп жаткан жердин тынчтыгын, тазалыгын текшерип, ичкериге баш багып чыктым. Аким катары үгүттөгөн жокмун. Кирип көрүп чыкканга укугум болсо керек?».

Араван районунан «Биримдик» партиясынан Жогорку Кеңешке талапкерлигин көрсөткөн Жалалиддин Нурбаев бул жолугушууга айыл өкмөттүн бардык тургундары келгенин билдирүүдө:

«Карапайым эл отурбадыбы. Сиздер ошолорго (мугалимдерге) туура келип калыпсыздар. Биздин айыл өкмөттүн бардык тургундары келди. Алардын баарын чакыра албайсың. Аксакалдар, аялдар, жаштар ар кайсы тармактан келди».

Ушул эле маданият үйүндө 7-сентябрь күнү Юсупова атындагы айыл өкмөтүнүн тургундары менен жолугушуу өтөрүлгөн.
Ушул эле маданият үйүндө 7-сентябрь күнү Юсупова атындагы айыл өкмөтүнүн тургундары менен жолугушуу өтөрүлгөн.

Талдоочу Максатбек Жорокулов жогорудагы окуялар аймактарда административдик күч байма-бай колдонулуп жатканынан кабар берет деген пикирде.

«Биримдик» мурдагы бийликтин партияларына окшоп административдик ресурсту колдонот. Анан бечара ушул мугалимдерден, бала бакча кызматкерлеринен күчүн чыгарышат. Жыйынга кандай алып барганы белгисиз. Бирок жумуш убактысында барганы Эмгек кодексин бузууга жатат. Түздөн-түз күч колдонуп жатканын жолугушууларга «мектеп мугалимдери келсин» дегени жөнүндө кабарым жок. Ал боюнча айта албайм. Бирок шек санаганга акыбыз бар».

Анткен менен партиянын расмий өкүлү Адилет Султаналиев Аравандагы жыйынга мектеп кызматкерлери катышканын четке кагууда.

«Жалаң гана партиянын мүчөлөрү, партиянын тарапташтары катышкан. Ал жерде эч кандай мектептердин, ооруканалардын кызматкерлери катышкан эмес. Андай маалымат жалган».

«Биримдиктин» жыйынына келген мугалимдер
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:26 0:00

7-сентябрь күнү ушул эле маданият үйүндө Юсупова атындагы айыл өкмөтүнүн тургундары менен жолугушуу өткөн. Андан кийин Керме-Тоо айыл өкмөтүндө уланып, ага айыл өкмөт башчы Сүйүн Гүлжигитов да катышкан.

«Мен жалпы Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн элинин атынан, өзүмдүн атымдан ушул талапкерлердин ишине ийгилик болуусун, келе жаткан шайлоодо ийгиликке жетишин каалап кетет элем», — деп сөз сүйлөгөн анда айыл өкмөт башчы.

Жалил ажы

Алля Анаров айыл өкмөтү райондогу эң бай айыл өкмөт. Анын аймагында эки цемент заводу бар. Районду жети жылдан бери башкарып келген Жалалиддин Нурбаев бул чөлкөмдө «Жалил ажы» деген ат менен таанымал. Нурбаев кесиби боюнча агроном, райондук администрациядагы логистика борборун жана «Чынар» дыйкан чарбасын бир нече жыл башкарып турган.

Жергиликтүүлөрдүн айтуусунда, ал атактуу жана таасирдүү айыл өкмөт башыларынын бири. 2017-жылы тапшырган декларациясында жер үйгө жана бакчага ээлик кылары жазылган. Мындан сырткары «Жайнарбек», «Араван таш» аттуу жоопкерчилиги чектелген коомдордун түзүүчүсү.

Жалалиддин Нурбаев.
Жалалиддин Нурбаев.

«Биримдик» партиясы административдик ресурс колдонгону буга чейин да айтылган. «Мекеним Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Шайлообек Атазов "Фейсбукка" «Биримдиктин» талапкери Азамат Арапбаев административдик ресурс колдонуп жатканын жазган.

Ага чейин 14-августта «Биримдик» партиясынын Оштогу штабына мэриянын бир топ кызматкерлери чогулганы коомчулукта талкуу жараткан.

Партиянын өкүлдөрү жана шаардык бийлик «жыйналгандар өргүүдө» деп билдиришкен. Жеринен тартылган тасмалардан өргүүгө чыкпаган да кызматкерлер жүргөнү тартылган.

21-августта Интернетте Өзгөн районундагы Ботобеков атындагы орто мектептин директору Рахат Камбардинованын жолдошу Нуркан Осмоналиевдин «Биримдик» партиясына кайрылуусу чыккан.

Анда Осмоналиев партиянын талапкери Аида Касымалиева анын аялына телефон чалып, башка партияларга үгүт жүргүзүп жатканы үчүн кызматтан алып коёрун айтып, коркутканын билдирген.

Көп өтпөй «Биримдик» партиясынын шайлоо штабы «Мектеп директору менен Касымалиева «Биримдик» партиясынын талапкери катары эмес, Жогорку Кеңештин депутаты катары сүйлөшкөн», - деп жооп берген.

Жогорку Кеңештин 120 депутаттан турган VII чакырылышына шайлоо 4-октябрга дайындалган. Шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү 4-сентябрдан бери жүрүп жатат.

XS
SM
MD
LG