Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:16

Томас Бозеруп: Миссия бардык тараптар менен жолугууга даяр


ЕККУнун шайлоого байкоо салган миссиясынын башчысы Томас Бозеруп.
ЕККУнун шайлоого байкоо салган миссиясынын башчысы Томас Бозеруп.

Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун Кыргызстандагы парламенттик шайлоого байкоо жүргүзө турган миссиясы өз ишин баштады.

Эл аралык миссиянын башчысы Томас Бозеруп "Азаттык" менен болгон маегинде пандемия шартында өтүп жаткан шайлоо өнөктүгүнүн өзгөчөлүгүнө токтолду.

"Азаттык": Томас мырза, Кыргызстанда бул жолу парламенттик шайлоо өнөктүгү өзгөчө кырдаалда өтүп жатат. Эл аралык байкоочулар чектелген тартипте Бишкекке келип, ишти эмнеден баштап жатасыңар?

Томас Бозеруп: Эл аралык миссия башында Еропадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмуна кирген өлкөлөрдөн 350дөй байкоочу Кыргызстандагы шайлоонун жүрүшүнө көз салат деп пландаган.

Пандемия башталгандан бери бул биздин биринчи миссия эмес. Буга чейин бир катар өлкөлөрдөгү шайлоого көз салдык. Сербияда, Хорватияда, Польшада, Монтенегродо жана Түндүк Македонияда шайлоо өттү. Мен өзүм июнь-июль айларында Польшадагы шайлоонун жүрүшүнө күбө болдум.

Кыргызстанга кыска мөөнөткө да байкоочуларды алып келсекпи деп ойлогонбуз. COVID-19 пандемиясынан улам түзүлгөн өзгөчө кырдаалга байланыштуу ЕККУнун аймагында ары-бери каттоого чектөөлөр толук алына элек. Андыктан мурдагы пландан баш тартып, азыр Бишкекке 12 эксперт менен аналитик келди. Алдыдагы күндөрү 18 байкоочу узак мөөнөткө келет. Алар өлкө боюнча шайлоо өнөктүгүнө көз салышат. Жалпысынан ЕККУга мүчө мамлекеттердин 16нан өкүлдөр Кыргызстанга келишмекчи.

Кыргызстанда коронавирустан улам өзгөчө кырдаалда иштеп жатабыз. Азыркы жагдайда шайлоону өткөрүү менен катар эле ал жараянга көз салуу дагы бир топ татаал болуп турат. Биз жер-жерлерге барып, эл менен такай карым-катнашта болобуз. Узак мөөнөткө келген 18 байкоочу жети облуска бөлүнүп, өнөктүктүн жүрүшүнө күбө болушат.

Шайлоо бул добуш берүү эле эмес. Өнөктүктүн өзү маанилүү жана анын жүрүшүндөгү мыйзамдын сакталышы менен катар медианын да ишмердиги. Бардык деңгээлдеги шайлоо комиссияларынын иши. Биз жергиликтүү медиа шайлоону кандай чагылдырып жатканына да абай салып, ага сандык жана сапаттык жактан өз баабызды беребиз. Шайлоо алдында жана шайлоонун эртеси күнү баяндамабызды жарыялайбыз.

“Азаттык”: Шайлоо өнөктүгү башталгандан бери беш-алты күн өттү. Ошондой болсо да айрым партиялар менен талапкерлер №2 форма деген каттоо кагазы менен бурмалоо жасаганга аракеттенип жатканы тууралуу кабарлар бай-бай чыгып жатат. Бул тууралуу сиздерде маалымат барбы?

Томас Бозеруп: Биз дүйшөмбүдөн тарта расмий ишти баштадык. Оболу Тышкы иштер министрлиги жана Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү менен жолугуп, анан ишке киришебиз. Биз ошондой эле саясий партиялар, анын ичинде каттоодон өтпөй калган партиянын өкүлдөрү менен да жолугууга дилгирбиз. Ар кайсы деңгээлдеги шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, жарандык коом жана маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен да кезигебиз. Ошондой эле жергиликтүү байкоочулар менен да кызматташып, пикир алмашууга кызыкдарбыз.

Мен жана айтып өткөндөй, адеп пландалгандай 350 киши шайлоого мониторинг жасай албай калгандыктан, жергиликтүү байкоочулардын көргөн-билгени өтө маанилүү.

Андыктан азырынча сиздин суроого так жооп бере албайм. Биз адегенде шайлоочуларды каттоо системасына көз салып, анан байкагандарыбызды баяндамабызда жазабыз. Албетте, бул шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүнө бардык жагынан жакындан көз салып, ЕККУнун методологиясына ылайык карап, 57 мүчө мамлекет жактырып, кол койгон стандарттарга канчалык төп келгенин баалайбыз. Ошондой эле шайлоонун эл аралык стандарттары сакталдыбы же жокпу ошого көңүл бурабыз.

“Азаттык”: Шайлоо өнөктүгү дароо эле кызуу башталды. Бийликке жакын жана акчалуулар менен таасирдүүлөр артында турат делген партиялар "административдик ресурсту колдонуп, шайлоодогу тең атаандаштык эрежеси бузулууда” деген маалымат келип жатат. Буга көңүл бура алдыңыздарбы?

Томас Бозеруп: Биздин миссия өз ишин эми гана баштап жатат. Бул тууралуу кандайдыр бир комментарий берүүгө азырынча эрте. Албетте, биз шайлоо процессинин бардык катышуучулары менен жолугуп, алардын пикирин угууга даярбыз. Алардан алынган маалымат биздин байкоолорубузга да камтылмакчы. Биз кеткен кемчиликтерди анализдеп, өз сунуштамабызга да жазабыз. Анын баары Кыргызстандын шайлоо системасын өркүндөтүүгө көмөк болмокчу.

“Азаттык”: Ушул тапта “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын тегерегинде ызы-чуу күчөдү. Борбордук шайлоо комиссиясы бул партияны каттоодон өткөрбөй койду, партия болсо сотко арызданды. Ал сотко барып, алардын арыз-муңун угасыздарбы?

Томас Бозеруп: Миссия бардык саясий тараптар менен жолугууга даяр. Биз ошондой эле саясий партияларга байланыштуу иштерди караган сот процесстерине да көңүл бурабыз. Бул жерде юристтердин тобу бар, алар мындай иштерге баштан-аяк көз салат. Бул биздин миссиянын бирден бир аткара турган милдети. Дүйшөмбү күнү сотко биздин өкүлдөр бара алган жок. Албетте, мындан ары бул ишти көз жаздымда калтырбайбыз.

“Азаттык”: Кыргыз бийлиги бул жолу шайлоодо жаңы технологияга негизделген системаны колдонобуз деп камынып турат. Буга чейинки эки шайлоодо да электрондук система аркылуу жарандар добуш берген. Кыргызстан сыяктуу өлкөлөрдө жаңы технология ачык жана таза шайлоо өткөрүүгө канчалык кепилдик берет?

Томас Бозеруп: Мен азыр бул тууралуу жыйынтык чыгаруудан алыс болуп турайын. Биз жараянга көз салып, жаңы система кандай иштегенин карап туруп, анан баалайлы. Келечекте шайлоо системасын жакшыртуу үчүн кеп-кеңешибизди беребиз. Жакын арада шайлоо комиссиясынын бардык тепкичинде иштегендер менен жолугуп, добуш берүүгө даярдыктар, анын ичинде техникалык жактан камсыздалышы менен жакындан таанышабыз.

“Азаттык”: Кыргызстан өзүн тышкы дүйнөгө парламенттик системаны куруп жаткан мамлекет катары көрсөтүп келет. Сырттан туруп караганда, кыргыз парламентаризми чындап чыйралып жатканы сезилеби?

Томас Бозеруп: Мен эл аралык байкоочулар миссиясын баштап келдим жана бул менин Кыргызстанга биринчи сапарым. Биз тигил же бул өлкөдө болгон шайлоолорду же шайлоо өткөргөн мамлеттерди бири-бирине салыштырбайбыз. Биз өлкө эл аралык стандарттарды кандай сактарын жана ЕККУнун мүчө мамлекеттери кабыл алган милдеттемелерди кандай аткарып жатканын салыштырабыз. Бул жерге эл аралык адистердин тобу менен ошол миссияны аркалаганы келдик. Андыктан өз байкоолорубузга негизделген баяндама, корутунду жана сунуштама даяр болмоюнча менин комментарий бергеним орунсуз.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG