Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:36

Жети жыл орун басар болгон Юсупов Ош облусун башкарат


Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнө башчы болуп дайындалган Байыш Юсуповго чапан жаап, калпак кийгизишүүдө. 17-август, 2020-жыл
Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнө башчы болуп дайындалган Байыш Юсуповго чапан жаап, калпак кийгизишүүдө. 17-август, 2020-жыл

Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүндө жети жылдан бери биринчи орун басар болуп иштеп келген Байыш Юсупов 17-августта өкмөт башчынын буйругу менен облус жетекчиси болуп дайындалды.

Мамлекеттик кызматка пахта иштетүү тармагынан келген Юсупов облуста өндүрүш тармагын колго алам деп белсенип турат. Буга чейинки губернатор Узарбек Жылкыбаев парламенттик шайлоого катышуу үчүн 10 күн мурда кызматтан кеткен.

17-августта Ош облустук администрациясына жаңы жетекчини Байыш Юсуповду жамаатка вице-премьер-министр Акрам Мадумаров тааныштырды.

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов да сөз сүйлөп, иш-чара салтка айланган калпак кийгизүү, чапан жабуу жөрөлгөсү менен аяктады.

Байыш Юсупов журналисттерге интервью берип, алгачкы максаттарынын бири коронавирустун жайылышынын экинчи толкунуна даярдык көрүү экенин билдирди:

«Инвестиция тартып, айрыкча тоо-кен өнөр жайын жандандырып, жаңы ишканаларды куруп, ушул көрсөткүчтү бери дегенде 15% чыгаруу ниетим бар. Элдин тынчтыгы үчүн чек ара маселесин да тез арада чечишибиз керек».

Юсупов Кара-Суу районунун акими болуп беш жыл жана бир нече жыл пахта тармагындагы ишканаларда эмгектенген.

Анын облуска жетекчи болушун «тажрыйбалуу киши келди» деп кубаттагандарга катар эле «көп жылдан бери маселени биринчи орун басар катары деле чечсе болмок» дегендер да бар. Талдоочу Максатбек Жорокулов өкмөт кадр саясатынан аксап турганын белгиледи:

Максатбек Жорокулов.
Максатбек Жорокулов.

«Ичинде сегиз жылдан бери эч нерсени өзгөртпөгөндөн кийин азыр андан жаңы бир нерсени күтүүнүн кажети жок. Негизи сырттан келген жаңы, жаш адам болсо жаңы көз карашы болот беле... Бул бийликте кадрлардын таңкыстыгынан кабар берип атат. Булар сырттагы адамдарга ишене албай жатат. Аларга башка адамдар келсе иштеп береби, азыркы бийликтин камчысын чабабы, алардын саясатын жүргүзөбү же башка бир көз караштарды айтып коёбу - ошолордон да этияттанып турушат».

Юсуповдор

Байыш Юсуповдун бир тууган агасы Сейитбек Аматов Оштогу айыл чарба техникумун дээрлик 30 жылдан бери жетектеп келатат. Уулу Замир Юсупов Ош шаарынын мэриясына караштуу тышкы байланыштар жана ишкер чөйрөнү өнүктүрүү aгенттигинин жетекчиси болуп бир нече жылдан бери иштеп жүрөт. Ал эми карындашы Салтанат Аматова 22-июнда Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалган.

Бийликтеги бир туугандар жөнүндө суроого Байыш Юсуповдун жообу мындай болду:

Байыш Юсупов.
Байыш Юсупов.

«Биринчиси - мен. Мен да сегиз жылдан бери жүрүп дайындалып жатам. Экинчиси - уулум мэрияда иштеп жатат. Үй-бүлөсү, турмушу бар экен, жаштар иштесин, аларга жол беришибиз керек. Үчүнчүсү - агам ушул техникумда 30 жылдан ашык директор болуп иштеп жатат. Төртүнчүсү - карындашым. Ал да Москва шаарында, бул жерде иштеди. Шаарга билим берүү бөлүмүнө башчы болуп дайындалды. Менин шаарга тиешем жок. Биздин тууган-уруктун баарын кошкондо ушул төртөөбүз эле иштейбиз».

Байыш Юсуповго чейин Узарбек Жылкыбаев президент Сооронбай Жээнбековдун демилгеси менен Ысык-Көлдөн Ошко 2018-жылы облус башчы болуп дайындалган. Ал парламенттик шайлоого катышуу үчүн 8-августта кызматын тапшырып берген.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG