Линктер

ишемби, 21-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 04:54

Пахта терүү башталды, наркы бычыла элек


Кыргызстандагы пахта заводдорунун бири. Архивдик сүрөт.

Кыргызстанда пахта терүү өнөктүгү башталды. Дыйкандардын алды алгачкы түшүмүн терип бүткөнү калса, бир тобу өнүмүн заводдорго тапшырууга жетишти. Бирок, азырынча пахтанын наркы чечилбей турат.

Фермерлер анын баасын заводдор коёрун айтышса, ишканалар наркты соода-сатыктын шарты өзү аныктай турганын билдирип жатышат. Быйыл өлкөдө пахта жыйымы 80 миң тоннадан ашат деп күтүлүүдө. Бул өткөн жылдарга караганда көбүрөөк, бирок он жылча мурдараак өндүрүш 100 миң тоннага жеткен убак да болгон.

Бычылбаган баа

Жаан-чачын учурунда аз-маз токтоп калганы болбосо ушул күндөрү Ноокендин талаалары ак этек көтөргөндөргө толду. Дыйкандар теримчилер менен кошо пахтанын биринчи түшүмүн жыйнап жатышат.

Чогулган чийки затты көбү үйлөрүнө ташып жатса, айрымдары заводдорго тапшыра баштады. Бирок алар ишканалардан акчасын азыр ала алышпайт, анткени пахтанын быйылкы баасы так бекитиле элек. Дыйкандарды мына ушул жагдай көбүрөөк ойлондурууда.

Ноокендин Сары-Сыя айылынын тургуну Адахам Расулов жагдай боюнча мындайча кеп курду:

«Азыр пахта теримдин кызуусуна кирдик. Дыйкандардын алды гектарына 10-15 центнерден жыйнап коюшту. Бизде үч терим болот. Мунун баарын кошкондо Кудай кааласа быйыл дыйкандар гектарына 30 центнерге чейин түшүм алышат. Бирок түшүм жакшы болгону менен анын баасы жакшы болбой жатат. Жылда арзан, дыйкандар гозопая (пахтанын куурайы) үчүн эле иштеп жүргөндөй болуп жатат. Былтыр эптеп чыктык эле, быйылкы баасы бизге караңгы болуп турат. Заводдорго жөн эле эсебин берип, аманатка тапшырып жатабыз. Баа каерден чечилерин ошолор билет. Алар бир бааны айтып, «ошондой чечилди» дейт, анан ошого макул болуп, акчасын алабыз. Өткөрүп бергенден кийин башка айлабыз деле жок».

Ноокен районунда пахта терген аялдар.
Ноокен районунда пахта терген аялдар.

Фермер белгилегендей, аталган райондогу ишканалар былтыр пахтанын килограммын 40-45 сомдон сатып алышкан. Быйыл деле өнүм болжолдуу ушунча наркта болушу мүмкүн, бирок мындан арзан да болуп калышы ыктымал. Талаачылык менен алектенгендер чыгымды акташ үчүн баа бери дегенде 50 сомдон жогору болушу зарыл экенин айтып жүрүшөт.

Заводдор болсо пахтанын баасын эл аралык соода-сатык, тагыраагы Ливерпуль пахта биржасы же Нью-Йорк пахта биржасы аныктай турганын билдирүүдө.

Пахта.
Пахта.

Ноокендеги ири ишканалардын бири «Белхлоппром» ишканасынын аткаруучу директору Сүйүнбек Токтобаев мындай жүйө келтирди:

«Бааны завод аныктабайт. Була (волокно) сата турган атайын биржаларда баа бекитилсе, анан бул жактан пахтанын баасы келип чыгат. Анткени Кыргызстанда эч ким була албайт, чет жактагылар так ошол биржанын эсеби менен бизден алып кетишет. Башкача айтканда биз дыйкандардын пахтасын сатып алып, була кылып иштеп чыгарып, кызмат көрсөткөн ортомчулук гана милдетти аткарабыз. Демек, жумуш жүрүп, сатып алуучулардын бири партиясын алып кеткенде гана наркы аныкталат».

Дыйкандар бул заводдон сырткары «Багыш пахта», «Кыргыз пахта», «Таштак», «Достук РК» , «Эмгек берекеси», «Жакып-Ата Текс» аттуу фирмаларга да түшүмдөрүн тапшырышат. Аларда деле азырынча пахтанын наркы чечиле элек.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү болсо базар шартында баа дыйкан менен сатып алуучулардын ортосунда гана чечилерин, ага кийлигише албай турганын билдирүүдө. Ноокен районунун акими Эркинбек Маматаев:

Эркин Маматаев.
Эркин Маматаев.

«Аба ырайына байланыштуу бир аз кармалып турабыз, бирок саналуу аптанын ичинде ишкерлер менен завод иштеткендерди бир чогултуп кеңешебиз. Анда пахта жыйноону, теримди жана башка маселелерди жөнгө салып берели деп турабыз. Бирок ачыгын айтып коюш керек, биз пахтанын баасына кийлигише албайбыз. Ал эл аралык баага карап чыгат», - деди.

Жалал-Абад облусунун пахта эгилген башка райондору Базар-Коргондо жана Сузакта, Ош облусунун Кара-Суу жана Араван райондорунда да пахтанын наркы бычыла элек. Араван районундагы «Ак-Ниет» заводунун директору Тойчубек Жусупов да жогорудагы кызматташынын сөзүн бышыктады:

Пахта.
Пахта.

«Биз деле Ливерпуль биржасынын баасын күтүп олтурабыз. Бааны болжол менен да айта албайбыз. Ал эми дыйкандар бизге алып келишкен менен азырынча соодалашкан жокпуз. Эл бизге жөн гана аманат катары алып келип жатат. Алар үйлөрүндө сактаса деле болот, болгону пахта оңой күйүүчү зат болгондуктан атайын сактоочу жай катары бизге эртерээк алып келип турушат. Килограммдарын билип, кагаздарын алып кетишет».

Быйылкы пахта жыйноо сезонунун ачылышына катышып, өзү да пахта терген өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев да журналисттер менен болгон маегинде буларга токтолду:

«Мен чынын айтсам пахтаны буга чейин жакшы билчү эмес элем да, биякка келип баарын көрүп атам. Адистерден сурап атам, «түшүмдүүлүгү жылдагыдан быйыл көбүрөөк болот» деп жатышат. Биз да ошого үмүт кылабыз. Ал эми баасы азырынча аныктала элек экен. Былтыркыдан кем болбойт го деп жатабыз, жок дегенде бир-эки сом жогору болсо да дыйкандардын жаздан бери кылган мээнети акталып калат эле».

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министрлиги да пахтанын нарк эл аралык базарга карап коюларын, ага мамлекет аралаша албай турганын билдирди. Мекеме билдиргендей, пахта кабыл алуучу компаниялар өздөрү чечет. Дыйкандар да каалаган баасына сатканга акысы жок.

Натыйжада быйылкы баа сентябрдын аягына жуук же октябрдын башында аныкталышы мүмкүн.

Өйдө-төмөн секирген өндүрүш

Албетте, дыйкандарда быйыл баадан да башка кыйынчылыктар көп болду. Жылда пахтага курт түшүп кетсе, быйыл шире басып, түшүмдү азайтты. Кара-Суу районунун Мөнөк айылынын тургуну Адахан Рахманов мындай дейт:

«Менде 15 гектардай пахта бар. Алдын тере баштадык. Албетте, актайт. Актабай калса экпей коёт элек да. Бирок быйыл чыгаша көп болду. Себеби шире, шор аябай көп түштү. Пахта, дарбыз, коон - баарын шире алды. Пахтанын жалбырактарын майланыштырып, түшүмдү азайткансып калды. Калганын эми жыйын-терим бүткөндө толук билебиз».

Бирок ага карабай быйыл Кыргызстанда жалпысынан 81,3 миң тонна пахта өндүрүлөт деген божомол бар. Бул былтыркыдан 10 миң тоннага көптүк кылат.

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин дыйканчылык, үрөнчүлүк жана органикалык айыл-чарба өндүрүшү бөлүмүнүн башкы адиси Адилет Нарынбеков пахта өндүрүү жылдан жылга арбып жатканын билдирди:

«Пахта экспортко гана багытталган өсүмдүк болгондуктан анын сатылышы баасына таасир этип калып жатат. Ошондуктан аны жыл сайын өндүрүүдө ар кандай өйдө-төмөн көрсөткүч байкалып калып жатат. Бир жылдары көбүрөөк болот, кээ бир жылдары аябай эле азайып кетип жатты. Бирок акыркы жылдары дүйнөлүк биржада баа көтөрүлгөнүнө байланыштуу айдоо аянттары көбөйүп жатат. Мисалы, быйыл эле 24,4 миң гектар аянтка пахта себилди. Ал эми былтыр 23 миң болчу, демек 1,4 миң гектарга быйыл көбөйдү. Былтыркы жылдын түшүмдүүлүгү бир гектарына орточо 32,4 центнерден болуп, жалпысынан 74,7 миң тонна жыйналган. Быйыл болжолдуу эсепте түшүмдүүлүк гектарына орточо 33,4, ошондо 81,3 миң тонна пахта жыйнайбыз деп үмүт кылып жатабыз».

Ооба, акыркы үч-төрт жылды салыштырганда Кыргызстанда пахта өндүрүү көбөйгөнү байкалат. Анткени 2015-жылы 44 миң тонна гана өнүм болсо, былтыр жана быйыл бул көрсөткүч эки эсе өскөнүн байкап жатабыз.

Бирок кезинде, тагыраагы 2004-2005-жылдары жана 2011-2012-жылдары өлкөдө 100-120 миң тоннага чейин пахта өндүрүлүп келген эле. Башкача айтканда ошол көрсөткүчкө Кыргызстан дагы эле жете элек экендиги көрүнүп турат.

Кыргызстандагы пахта өндүрүшүнүн көрсөткүчтөрү. 2004-2019-жылдар. Маалыматтар Айыл чарба министрлигинен алынды.
Кыргызстандагы пахта өндүрүшүнүн көрсөткүчтөрү. 2004-2019-жылдар. Маалыматтар Айыл чарба министрлигинен алынды.

Өндүрүштүн азайып кеткенине эмне себеп? Адистер муну кайра эле пахтанын рентабелдүүлүгү же жөнөкөй тил менен айтканда өзүн-өзү актоосу начар болуп жатканы менен түшүндүрүшүүдө.

«Белхлоппром» ишканасынын аткаруучу директору, аталган тармактагы адис Сүйүнбек Токтобаев статистикалык маалыматтарга да ишенбей турганын жашырган жок:

Кыргызстандагы пахта жыйноо учуру.
Кыргызстандагы пахта жыйноо учуру.

«Бул статистикалык маалыматтар асмандан алынып жаткан эле сандар. Аны жазып коё беришет. Менимче жылына Кыргызстанда 40-44 миң тоннанын тегерегинде эле өндүрүлүп жатса керек. Анткени биз бул жакта аралашып, көрүп жатабыз. Кыргызстан боюнча алганда эң көп пахта өндүргөн Ноокен району, жадагалса бизде анча көп эмес. Анын ичинде биздин заводго алып келип жаткан пахтанын көлөмүндө акыркы төрт-беш жылда эч өзгөрүү болгон жок. Көбөйбөй жатканы - дыйкандардын мээнетин актабай жатса көбөйбөйт да. Экинчиден эл жалкоо болуп калды. Оңоюраак беде эгип коюп, сугарып эле, анан бир таңгакты 100 сомдон сатып коюп жатканы оңой болуп жатпайбы. Мындан сырткары Кыргызстанда жумушчу күчү азайып кетти. Тере турган киши жок же пахта терген техникасы жок. Ошол себептүү дыйкандар башка эгинге өтүп кетип жатышат».

Кайра иштетүүнүн тагдыры

Кыргызстанда пахта өндүрүшү ирдене албай жатканына дагы башка себеп бар. Өлкөдө 30дай пахта заводу болгону менен алардын баары чийки затты була кылып иштетүүгө гана алы жетет. Тагыраагы пахтанын чигити менен буласын гана бөлө алат. Ошол жарым-жартылай даярдалган товар түрүндө алар пахтанын дээрлик баарын чет жакка экспорттошот.

Бийлик өкүлдөрү өлкөнүн ичинде текстил чыгаруучу заводдор курулса талап болорун, натыйжада пахта да бир наркта, кымбатыраак сатыларын белгилешет. Ошто курулуп жаткан ири завод мына ушундай үмүттөрдү жаратууда.

Узарбек Жылкыбаев.
Узарбек Жылкыбаев.

«Пахта өндүрүшүнүн көбөйүшүн рынок аныктайт экен. Талап күчөй баштады, демек көлөмү да өсө баштады. Баасы да жогорулай баштады. Анан билесиздер, «Кыргыз Текстил ЛТД» компаниясы ишке киргени турат. Эгер ал толук цикл менен ишке кирип кетсе, ал өзү дыйкандардын көбүрөөк пахта эгишине кызыкчылыгы болот. Ал «керек болсо үрөндү өзүбүз алып келип беребиз, жаңы технологияларды да алып келебиз» деп жатат. Ишкана пахтадан өзү жип ийрип, анан «кездеме токуп, аны кийим кылып тигебиз» деп турушат. Анын өзүндө эле жети миң киши иштейт, ал эми дыйкандарды кошкондо көп адам жумуш менен камсыз болот. Башкача айтканда бул ишкана союз убагындагы айтылуу "ХБК" заводунун ордун толуктаганы турат. Мына ушундай заводдорубуз иштей баштаса, менимче өндүрүштүн күчөшүнө соода-сатык да шарт түзөт», - деди өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев.

Ош шаарынын жакасындагы Кең-Сай конушунда аялдардын жана эркектердин кийими тигиле турган фабрикада пахта тазалоо, жип жана кездеме өндүрүү, тигүү цехтери болот. Жети цех иштей турган фабриканын курулушу үчүн 25 гектар жер бөлүнгөн.

Ошко курула турган «Кыргыз Текстил ЛТД» заводунун долбоору.
Ошко курула турган «Кыргыз Текстил ЛТД» заводунун долбоору.

«Кыргыз Текстил ЛТД» ишканасы менен байланышып, кенен маектеше алган жокпуз. Бирок анын директору Тариэл Эркинбаев буга чейин телеканалдарга берген маегинде мындай деген:

«Бул долбоор Кыргызстандагы эң масштабдуу долбоор болот десем жаңылышпайм. Мындай ишканалар Өзбекстанда, Казакстанда бар. Биз кийим тиге турган жабдууларды Жапониядан алып келебиз, жип токуучу жабдууларды болсо Германиядан алып келебиз».

Бирок бул ишкана пахта өндүрүүнү көбөйтөрүнө ишенбегендер да жетиштүү. Анткени Кыргызстанда, Чүй облусунда 2017-жылы ачылган була иштетүүчү, жиптен кездеме токуучу «Текстил Транс» ишканасы да өлкөдөгү пахтаны иштете алган жок. Ал Кытайдан, Өзбекстандан жана Тажикстандан алынып келген чийки заттарды пайдаланып келет.

«Текстил Транс» ишканасы тууралуу «Азаттыктын» сюжети.

«Эми Оштогу текстил заводун иштетип көрүшсүнчү, бирок менимче ал келечеги жок долбоор. Анткени бизде чийки зат өндүрүү жагы азайды, бар нерсени талкаладык. Ооба, илгери Оштогу атактуу ХБК (хлопчатобумажный комбинат) заводу иштеген кезде суткасына 12 миң адам иштечү. Бирок ал убакта Кыргызстан жылына 210 миң тонна була өндүрчү. Демек чийки зат ошондон эки-үч эсе көп болчу дегенди түшүндүрөт. Ал эми азыр ошондой чийки зат барбы? Жок. Анан тиги заводдо эмнени иштетет? Билбейм эми, кургандан кийин бир баада кармап беребиз деп, дыйкандарды үгүттөп эле пахта эктирбесе, кыйын. Ага мамлекеттин колдоосу керек болот. Ансыз дыйканды кыйнап эктириш кыйын, баары менчик, билгенин кылат», - деди эксперт Сүйүнбек Токтобаев.

Өлкөдө жыйналган пахта жергиликтүү жана чет элдик компаниялар аркылуу негизинен Түркияга, Кытайга, Орусияга сатылат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Пикирлерди көрүңүз (1)

XS
SM
MD
LG