Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:40

Пахта терими башталды, баасы чечилбей турат


Ноокен районунда пахта терген аялдар.
Ноокен районунда пахта терген аялдар.

Кыргызстандын пахта эгилген аймактарында дыйкандар ак була жыйнай баштаганы менен баасы чечилбей турат. Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, нарк эл аралык базарга карап коюлат. Бирок ага мамлекет аралаша албайт, пахта кабыл алуучу компаниялар өздөрү чечет. Дыйкандар да каалаган баасына сатканга акысы жок.

«Азаттык» компанияларга байланыша алган жок. Ноокен, Базар-Коргон, Сузак райондорундагы дыйкандардын айтымында, аларга пахтанын наркы сентябрда аныкталары маалымдалган. 25-августтан бери көп жайларды терим иштери бирин-серин башталды.

2018-жылы ак буланын бир килограммы 40-45 сомдун тегерегинде сатылган. Талаачылык менен алектенгендер чыгымды акташ үчүн баа бери дегенде 50 сомдон жогору болушу зарыл экенин айтып жүрүшөт. Түшүм жергиликтүү жана чет элдик компаниялар аркылуу Түркия, Кытай, Орусияга сатылат.

Пахта негизинен Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында эгилет. Жумуштар марттын аягында башталып, ноябрь-декабрга чейин уланат.

Совет доорунда жана өткөн кылымдын токсонунчу жылдары 80 миң гектардан ашуун жерге эгилип, 200 миң тоннага чейин ак алтын жыйналган. Быйыл 24 400 гектар жерде пахта аянты бар.

Түйшүгү түмөн саналган пахта колдо терилет, талаада негизинен аялдар иштейт. (SE)

XS
SM
MD
LG