Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:58

Коркунучка кабылган кыргыз биометрикасы


Биометрикалык маалыматтарды чогултуу учуру. Иллюстрациялык сүрөт.
Биометрикалык маалыматтарды чогултуу учуру. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын жарандарынын биометрикалык базасын жаңы программалык системалар менен камсыздоо кечикти.

«Азаттыкка» жеткен маалыматтарга ылайык, Мамлекеттик каттоо кызматы каржы маселеси чечилбегенден улам ондон ашык лицензияны бир жылдан бери ала албай жатат. Мекеме бул маалыматты жарым-жартылай ырастоодо.

Адистер лицензиялар жаңырбаса жеке маалыматтардын коопсуздугун камсыздоо коркунучта экенин, натыйжада биометрикага байланган шайлоо да үзгүлтүккө учурап калышы мүмкүн экенин эскертишүүдө.​

Лицензиялар баяны

Түшүнүү жеңил болушу үчүн, биз алгач сөзүбүздү расмий билдирме менен баштайлы.

Демек, биз узаткан суроого Мамлекеттик каттоо кызматы өзүнө караштуу жарандардын биометрикалык базасы менен иштеген «Инфоком» мамлекеттик ишканасын жооп берүүгө милдеттендирди.

«Инфокомдун» директорунун орун басары Асел Кененбаеванын тема боюнча берген жалпы маалыматы мындай болду.

«Инфоком» мамлекеттик ишканасынын логотиби.
«Инфоком» мамлекеттик ишканасынын логотиби.

«Биз биометрика үчүн «Oracle» маалыматтар базасын башкаруу системасын (МББС) тандап алганбыз. 2014-жылы анын лицензиясы сатып алынып, биздин биометрикалык маалыматтардын баары ошондо жайгаштырылган. Жыл сайын алып жатып, жалпы 10 лицензия алынган. Бизге дагы төрт лицензия алынышы керек. Ал өзүнүн эрежеси боюнча жыл сайын алына турган нерсе. Анткени лицензиялар аркылуу ал программага ээлик кылган компания тараптан бизге кепилдик берилген техникалык колдоо берилет. Мындан сырткары алар маалыматтык коопсуздукка байланыштуу жаңы өндүрүм кошуп турушат, жыл сайын жаңыланган лицензия аркылуу биз ошол нерселерди алып турабыз».

Ишкана өкүлү андан ары ошол эле лицензиялардын наркы жана аны алуунун кечеңдеп жаткан себебине токтолду:

«Бул лицензиялардын суммасы 374 миң доллар же болбосо улуттук валютага айлантканда 26 миллион 180 миң сом. Каражат ишкананын бюджетинен эмес, Мамлекеттик каттоо кызматынын бюджетинен жана республикалык бюджеттен бөлүнүшү керек. Биз жыл сайын муну тиешелүү органдарга жазып турабыз жана акча түшсө атайын бөлүмдөрүбүз сатып алып турат.

Быйыл коронавирус пандемиясына байланыштуу акча өз учурунда бөлүнгөн жок. Бирок бул биздин базанын ишмердүүлүгүнө тоскоол болбойт жана жумушубуз мурдагыдай калыпта эле улана берет. Коопсуздук маселелери баштагыдай калыпта каралат жана ошондой эле камсыздалат».

Мамлекеттик каттоо кызматы жана «Инфоком» ишканасы маселенин мындан башка жагдайларын деталдуу түшүндүрүшкөн жок. Бирок мунун алдында ушул темага байланыштуу бир нече документтердин көчүрмөсү «Азаттыкка» келип түшкөн.

Анын ичинде Мамкаттоонун Финансы министрлиги, өкмөт аппараты, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет жана Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча кызмат (Финансы полициясы) менен жазышкан каттары да бар. Иликтөө да ошондон башталган.

Андагы маалыматтар мекеме расмий билдиргенден кыйла айырмаланат. Тагыраагы лицензиялардын саны жогоруда айтылгандай, төрттөн көп экени көрсөтүлгөн. Жумшалчу каражаттын суммасы да башкача.

«Oracle» бул - маалыматтар базасын башкаруу системасы.
«Oracle» бул - маалыматтар базасын башкаруу системасы.

Маселен, бир документте маалыматтар базасын башкаруу системасынын (СУБД) «Oracle Database Enterprise Edition» деген конфигурациясынан төрт лицензия, «Real Application Clusters» деген конфигурациясынан сегиз лицензия суралган. 12синин наркы 26 млн. сомго бааланган.

Башка өтүнмөдө болсо биринчи конфигурациядан алты лицензия, экинчисинен сегиз лицензия керек экени белгиленген. Мында алардын суммасы 471 400 доллар же 33 млн. сом деп коюлган.

Мамлекеттик каттоо кызматы бул каражаттарды Финансы министрлигинен 2019-жылдан баштап сураган. Быйыл жыл башынан бери да бир нече жолу кайрылган. Ушул эле кагаздарда мекеме 2016-жылдан бери лицензия сатып ала элек экенин да маалымдалган.

Финансы министрлигинин мамлекеттик сектор бөлүмүнүн башчысы Талантбек Стамалиев «Азаттыкка» бул жөнүндө мындайча комментарий берди:

«Кеп болуп жаткан маалыматтар базасын башкаруу системасынын жаңы лицензиясын сатып алыш үчүн Мамкаттоодон келген суроо-талапка өзүнчө жооп бергенбиз. Биз, Финансы министрлиги муну Мамкаттоонун өзүнүн атайын эсеп-каражаттарынын эсебинен сатып алууну сунуш кылганбыз. Анткени алар биометрикалык паспортторду берүүдөн, башка кызматтарды көрсөтүүдөн акча табышат да. Бюджеттин тартыштыгын билесиңер да, андай суммаларды азыр көтөрө албайт. Мамлекет алгач базаны иштеп чыгууга акча бөлгөн, бирок «Oracle» системасы жыл сайын жаңыланып турат да. Анан жыл сайын аны жаңылоону мамлекет каржылай берсе, бюджеттен миллиондоп сумма кете бербейби! Ошон үчүн атайын тарификация түзүп, мекеменин атайын эсебинен сатып алып турууга уруксат бергенбиз».

Стамалиев Мамлекеттик каттоо кызматында эки атайын эсеп-каражаттар бар экенин, 2020-жылы анын бирине 163 млн. сом, экинчисине 410 млн. сом түшөрүн кошумчалады. Башкача айтканда, бул Мамкаттоонун кызмат көрсөтүүдөн тапкан кирешеси. Же мекемеге мамлекет тараптан берилген бюджеттен сырткаркы сумма деп түшүнсөк болот.

«Жеке маалыматтардын коопсуздугуна коркунуч бар»

Маалыматтар базасын башкаруу системасы демекчи (аңглисче «Database Management System» – DBMS, орусча «система управления базами данных» - СУБД), бул – маалыматтар базасын түзүүчү жана аны администрациялоочу (маалымат киргизүү, толуктоо, жаңылоо, сактоо, өчүрүү, тандоо ж.б.) программалардын комплекси. Ал көп тармактарда колдонулат.

Биометрикалык паспорттун үлгүсү.
Биометрикалык паспорттун үлгүсү.

Биздин мисалда «Oracle» системаcы аркылуу түзүлгөн биометрикалык базада Кыргызстандын жарандарынын персоналдык идентификациялык номери (ПИН), үй-бүлөлүк абалы, манжаларынын изи, сүрөтү, кол тамгасы, паспорттук жана башка маалыматтары топтолуп келет. База жалпы мааниде Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринин негизин түзөт жана ал реестрде адамдын төрөлгөндөн өлгөнгө чейинки жагдайын сактоо максат кылынган.

Биометрикалык маалымат базасын Мамлекеттик каттоо кызматы биометрикалык паспорт берүү жана башка кызматтарды көрсөтүү үчүн колдонот. Базаны дагы бир нече мамлекеттик жана укук коргоо органы да пайдаланат. Азыр базада үч млн. 400 миңден ашык кыргызстандыктын биометрикалык маалыматы бар.

Мамкаттоо биометрикалык системаны киргизген 2014-жылдан бери андагы персоналдык маалыматтардын коопсуздугуна коркунуч жок экенин билдирип жүрөт. Бирок жогоруда айтылгандай, базаны тейлөөчү программалар улам жаңыланып турбаса ага толук кепилдик жок. Себеби программалар жаңы вирустарга, киберчабуулдарга туруксуз болуп калат.

Бул тармактагы эксперт Таалайбек Жумадылов программалык лицензиялар жаңыланбаган жагдайдагы кооптуу жагдайларды тизмектеди:

Таалайбек Жумадылов.
Таалайбек Жумадылов.

«Биринчиден, МББС бул – программалык камсыздоо. Аны түзүүдө ар кандай тил болушу мүмкүн. «Oracle» программалоодогу ошол тилдердин бири. Эгер мен МББСнын лицензиясын албай туруп, маалыматтар базасын түзүп же иштетсем бул өзгөлөрдүн интеллектуалдык менчигин пайдалануу болуп калат. Автордук укукка ээ болгон тарап сотко берип, акча талап кылса болот. Анткени ал контрафакт, уурулук катары бааланат. Анда мамлекеттин аброю жабыр тартат.

Экинчиден, лицензиялуу программа менен база түзгөндө да аны утуру жаңылап туруу зарыл. Ошол аркылуу программист же өндүрүүчү персоналдык маалыматтарды коргоого алат. Себеби, жыл сайын жаңы вирустар, зыяндуу программалар түзүлүп турат. Эгер лицензиясын сатып албай койсоң, сенин софтуң ыргып кетиши мүмкүн, маалыматтар базасын жоготуп алышың ыктымал. Башкача айтканда хакердик чабуулдардын жана сакталган маалыматтардын өчүп калуу коркунучу жаралат. Хакер маалыматтарды уурдап алат, балким Интернетке ачык жарыялап жиберет, же башка максаттар үчүн пайдаланат, балким таптакыр жок кылып салат».

Биометрикалык маалыматтар базасы 2015-жылдан бери өлкөдөгү шайлоого да байланган. Тагыраагы шайлоочулардын тизмеси ошонун негизинде түзүлөт жана биометрикалык маалыматтарын тапшырбаган шайлоочулар добуш берүүгө катыштырылбайт. Ушул жагынан алганда эгер базага сырттан чабуул коюлса, ал келерки өтө турган шайлоону да үзгүлтүккө учуратышы ыктымал.

Ушуга окшош жүйөнү Финансы министрлигине жөнөткөн билдирүүсүндө Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Акын Мамбеталиев өзү да белгилеген. Анын 2020-жылдын март айында жазган катындагы сөзүн келтирели:

Акын Мамбеталиев.
Акын Мамбеталиев.

«Өндүрүүчү тараптан техникалык колдоо камсыздалбаганын эске алганда, ал базанын маалыматтык коопсуздугуна кепилдик бербейт жана (МББСнын компоненттеринин иштебей калышына, техникалык каталыктарга, талуу жерлердин жаралышына, масштабдоого, системаны ыкчам калыбына келтирүүгө, резервдик көчүрүүгө, колдонуучуларды көзөмөлдөөгө жана аудитке карата) ыктымал коркунучтар үчүн өзүнөн жоопкерчиликти алып салат. 2017-жылкы үлгүдөгү паспортторду даярдоодо биометрикалык маалыматтар базасын дайым пайдаланып жатканыбызга, Жогорку Кеңешти шайлоого, жалпы жарандык электрондук паспортторду берүүнү баштаганыбызга байланыштуу жана ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын улуттук коопсуздук жана коомдук тартипти камсыздоо тармактарында, түрдүү кылмыштарды иликтөө жана алдын алууда мекеме аралык өз ара аракеттенүүнү ишке ашыруунун алкагында МББСны лицензиялоо, үзгүлтүксүз техникалык колдоо алуу өзгөчө мааниге ээ болуп чыга келет. Муну менен маалыматтык коопсуздук жана айныгыстык да (отказоустойчивость) тыгыз байланыштуу».

«Oracle» корпорациясынын имараттарынын бири.
«Oracle» корпорациясынын имараттарынын бири.

«Oracle» маалыматтар базасын башкаруу системасына АКШдагы эл аралык «Oracle» корпорациясы ээлик кылат. Ал программалык камсыздоо тармагында кирешеси «Microsoft» компаниясынан кийинки, экинчи орунда турган ири мекеме.

Кыргызстанда Жогорку Кеңештин 120 депутаттан турган VII чакырылышына шайлоо 4-октябрга дайындалган. Шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү 4-сентябрдан бери жүрүп жатат.

Борбордук шайлоо комиссиясы 16 саясий партияга шайлоого катышууга укук берди. Партиялардын талапкерлеринин тизмеси мамлекеттик «Эркин Тоо» гезитинин атайын санына жарыялады.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG