Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:17

Биометриканын ишенимдүүлүгү талашка түштү


Социалдык тармакта айдоочу менен чатакташкан милиция кызматкери айдоочунун биометрикалык маалыматтарын алып жүргөнү божомолдонгон тасма тарады. Ушундан улам коомчулукта жарандардын купуя маалыматтарынын коопсуздугуна байланышкан кабатырлык пайда болууда.

"Facebook" барагына тараган бул тасмада Кант шаарындагы "Брент" аттуу май куюучу бекетте болгон окуя тартылган. Тасманын ээлеринин түшүндүрмө бергени боюнча, май бекеттен бензин уурдап куюп кеткен деген күнөө менен милиция кызматкери айдоочуну кармап, ал тууралуу бардык маалыматтары бар экенин айтып коркуткан. Ошондой эле түшүндүрмөдө бул окуя боюнча арыз Ички иштер министрлигине жиберилгени жазылган.

Жабырлануучу тараптын өкүлү Мира "Азаттык" радиосуна катардагы милиция кызматкеринин колуна жарандардын купуя маалыматын камтыган биометрикалык маалыматтар кайдан келип түшкөнү суроо жаратып жатканын билдирди:

- Анын колунда менин байкемдин биометрикалык маалыматы тууралуу кагаздар жүрүптүр. Бизге азырынча ал кагаздар анда кантип пайда болуп калганы тууралуу расмий маалыматтар бериле элек. Бирок биз билебиз да, биздин биометрикалык маалыматтар Мамлекеттик каттоо кызматында гана сакталууга тийиш. Ал маалыматтарды кылмыш иши козголгондо же башка бир жооптуу тараптардын уруксаты менен гана алууга болорун билебиз. Биздин учурда маалыматтарды ал кандай негизде алганы белгисиз.

ИИМдин басма сөз кызматкери Эрнис Осмонбаев Самат Жоошев аттуу милиция кызматкеринин үстүнөн арыз келип түшкөнүн ырастады:

- Арыз учурда министрликтин ички коопсуздук кызматы тарабынан иликтенүүдө. Арыз ээлери "биометрикалык маалыматтар" деп жаткан кагаздар да иликтенип чыгат.

"Коопсуздугуна ишенбейм"

Кыргызстандык жарандар өзү тууралуу биометрикалык маалыматтарын тапшыра баштаганына үч жылдын жүзү болду. Мыйзам боюнча өлкөдө 16 жаштан өйдө ар бир жаран каттоодон өтүшү керек.

Коопсуздугу чочулаткан биометрика

Коопсуздугу чочулаткан биометрика

Коомчулук өкүлдөрүн шайлоочулардын биометрикалык маалыматтарын сактоо коопсуздугу түйшөлтүүдө.

Биометрикалык каттоодон коопсуздукка ишенбегени үчүн өтпөй жүргөн жарандар четтен чыгат. Алардын бири, журналист Хулькар Исамова ушул себептен гана биометрикалык маалыматтарын тапшырбай жүргөнүн айтты:

- Ошол убакта эле "бул система коопсуз эмес" деген сөздөр жүрүп, жарандардын биометрикалык маалыматтары сакталган флешка жоголгону тууралуу да айтылган. Ошондуктан мен өзүм тууралуу маалыматтардын купуялуулугу тиешелүү деңгээлде сакталышына, корголушуна көзүм жетпеген соң биометрикалык каттоодон өтпөйм деп чечтим.

Хулькар Исамова азырынча шайлоо укугунан ажыраганы болбосо, биометрикалык каттоодон өтпөгөнү жеке жашоосуна кедергисин тийгизбегенин да кошумчалады:

- Мен ишиме байланыштуу чет жактарга көп чыгам. Эч кандай кыйынчылык жок кирип-чыгып жүрөм. Шайлоодо добуш бере албайм, бирок мага кимдир-бирөөнүн пайдасына добуш берүүгө караганда, жеке маалыматымдын купуялуулугун сактоо артык.

Мамлекеттик каттоо кызматы кепилдик берет

Мыйзам боюнча жарандардын биометрикалык маалыматтары Мамлекеттик каттоо кызматынын карамагында. Мыйзам укук коргоо органдарынын кызматкерлерине андан жарандар тууралуу маалыматтарды алууга укук берет, бирок бул бир нече тартип-жоболорду сактоо менен ишке ашат. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз катчысы Мелис Эржигитов "Азаттык" радиосуна түшүндүрүп берди:

- Бардык күч кызматтары Мамлекеттик каттоо кызматындагы жарандар тууралуу маалымат алууга үч учурда укуктуу: Биринчиси - издеп-иликтөө иштерин жүргүзүүдө. Экинчиси - кылмыш иши козголгондо. Үчүнчүсү - соттун чечими болсо биз аларга жарандардын биометриялык маалыматын бербей кое албайбыз.

Мелис Эржигитов ошондой эле "М-Дата" деген серверден алынган маалыматтар "биометрикалык маалыматтарга жатпайт" деп баса белгиледи. Анын айтуусунда, бул автоунаа жана анын ээси тууралуу маалымат жана ал ИИМдин базасында болот:

- Социалдык тармакка жарыяланган тасмада "биометрикалык маалымат" деп жүрөт. Бул туура эмес. Биометрикалык маалымат деген - бул адамдын манжаларынын тагы жана электрондук кол тамга. Бул маалыматты жаран өзү гана колдоно алат. Мисалы, шайлоого барганда же кечээ "Манас" аэропортунда ачылган электрондук дарбазадан өтүү учурунда колдонот. Адамдын манжасынын номери же пини деген жок, биометрикалык маалыматтын өзгөчөлүгү - ал жашыруун базада сакталат жанаа аны адам өзү менен гана алып жүрө алат. "М-Датаны" биометрикалык маалымат деген туура эмес.

Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Дастан Догоевдин президенттик шайлоо алдында берген маалыматы боюнча, Кыргызстанда жана чет өлкөлөрдө 3 млн. 55 миң кыргыз жараны биометрикалык каттоодон өткөн.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына таянсак, өлкөдө 18 жаштан жогору 3 млн. 800 миң жаран бар, демек учурда 800 миңге жакын адам биометрикалык каттоодон өтө элек. Сурамжылоолор көрсөткөндөй, булардын ичинде өзү тууралуу маалыматтардын купуялуулугу сакталышына ишенбегендери басымдуулук кылат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG