Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:33

Коопсуздугу чочулаткан биометрика


Биометрикалык маалымат тапшыруу учурунан бир көрүнүш
Биометрикалык маалымат тапшыруу учурунан бир көрүнүш

Коомчулук өкүлдөрүн шайлоочулардын биометрикалык маалыматтарын сактоо коопсуздугу түйшөлтүүдө.

Укук коргоочулар биометрикалык жабдуулар уурдалса же жоголо турган болсо, анын коопсуздугу үчүн кайсы мамлекеттик орган жооптуу болот деген маселени кабыргасынан коюшууда.

Өкмөт башчынын биринчи орун басары Тайырбек Сарпашев коопсуздук чаралары көрүлгөнүн айтып, бул жоопкерчилик ички иштер органдарынын жетекчилерине жүктөлгөнүн билдирди.

Жооптуу орган табылабы?

Коомчулук өкүлдөрү шайлоочулардын биометрикалык маалымат коопсуздугун сактоо чаралары боюнча маселени көтөрүп чыгышты. Анткени шайлоо учурундагы аны каттаган техникалык жабдуулар жоголуп же уурдала турган болсо, тиешелүү аймактагы добуш берүүнүн жыйынтыгы үзгүлтүккө учурайт деген кооптонуу бар.

Укук коргоочу Токтайым Үмөталиева биометрикалык маалыматтар базасы үчүн жоопкерчилик маселеси каралбай калганын айтты:

- Биометрикалык маалыматтардын базасын кармай турган борбордук орган түзүлөт дешкен. Андай мамлекеттик орган ушул күнгө чейин түзүлгөн жок. Анан эми шайлоо учурунда же андан кийин бул үчүн ага кайсыл мамлекеттик орган жооп берери белгисиз. Мындан бир маселе чыга турган болсо, чоң чыр чыгышы мүмкүн. Уурдалып кетсе, опурталдуу жагдай жаратышы мүмкүн. Ошондой эле мына ошол маалыматтарды сактоо талаптары так аныкталып, ага жооптуу тарап аныкталмайынча бул көйгөй кала берет.

Ошол эле кезде учурда жарандардын биометрикалык маалыматтарын чогултуу милдети Мамлекеттик каттоо кызматына жүктөлгөн. Бирок коомдук активисттерди шайлоочулардын добуш бергенин каттоо учурунда же анын жыйынтыктарын чыгарууда келип чыккан мүчүлүштүктөр үчүн шайлоо комиссиялары менен биргеликте иштеген бирдиктүү мамлекеттик органдын жоктугу тынчсыздандырат.

Шайлоону өткөрүү боюнча республикалык штабдын жыйынында өкмөт башчысынын биринчи орун басары Тайырбек Сарпашев жабдуулар үчүн жоопкерчилик ички иштер органдарына жүктөлгөнүн билдирди.

Өкмөттүн маалымат саясаты бөлүмүнүн кызматкери Мелис Эржигитов бул эскертүүнүн маанисин мындайча түшүндүрүп берди:

- Ал киши жыйында эгерде шайлоо учурунда бир жабдуу жоголсо тиешелүү ички иштер органдарынын жетекчилери керт башы менен жооп берерин айтты. Ар бир аймактагы участкалык шайлоо комиссияларындагы жабдуу үчүн катардагы милиционер эмес, ички иштер башкармалыгынын башчылары жооптуу деди. Эгерде ошондой боло турган болсо ал жетекчилер токтоосуз түрдө кызматынан алына турганын эскерткен.

Тобокелчиликтер тооруганда...

Буга чейин жарандардын биометрикалык маалыматтарын чогултуу учурунда техникалык жабдуулар жоголгон учурлар катталган. Эгерде шайлоо учурунда шайлоочулардын тизмеси киргизилген заманбап жабдуу жоголсо же уурдалса добуш берүү жыйынтыгын чыгарууда анын кесепеттери оор боло турганы белгиленди.

Ошол эле кезде Жогорку Кеңештин депутаты Абдыжапар Бекматов шайлоочулар өзүн тизмеден таппай калуу коркунучу бар экенин мисалга тартты.

- Азыркы күнгө чейин шайлоочулардын тизмесинин так эместиги жана башаламан абалы кооптондурат. Андан сырткары жер-жерлерде өткөрүлгөн текшерүүдө көп шайлоочулар өздөрүн тизмеден таппай калып жатышат. "Эгерде шайлоо күнү дагы массалык түрдө ушундай боло турган болсо, анда кандай болот" деген суроо жаралат. Мындай тобокелчиликтерди алдын алуу керек.

Анткен менен, шайлоону өткөрүү боюнча республикалык штабдын жыйынында “Өзүңдү тизмеден такта” деген акцияга 300 миңден ашуун жаран катышып, анын 91% өзүн тизмеден тапкандыгы жарыяланды. Мына ошондуктан өкмөт башчысынын биринчи орун басары Тайырбек Сарпашев 19-сентябрга чейин ар бир жаран өзүн тизмеден тактап, тизмеде жок болсо, биометрикалык маалыматын тапшырууга чакырууда.

XS
SM
MD
LG