Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-ноябрь, 2020 жекшемби, Бишкек убактысы 07:25

«Добушуң үчүн алган акча аш болбойт»


Иллюстрациялык сүрөт.

“Азаттык” шайлоого байланыштуу элден түшкөн кайрылууларды сунуш кылат.

Ош шаарынын Актилек кичи районунун тургуну Женишбек уулу Куралбек ал жашаган райондо партиялардын бирине добуш берүүгө үгүт кызуу жүрүп жатканын айтууда. Куралбек өз окуясы менен бөлүшүп, башкаларды добушун сатпоого чакырды:

«Ош шаарындагы Актилек районунда домком «Биримдик» партиясына добуш бергиле деп паспорт чогултуп жүрөт. Ал добуш үчүн 1000-2000 сом акча төлөп беребиз деп айтты. Биздин райондо тургундар абдан көп. Айрымдары менен сүйлөшсөм «акчасын алып, добушту каалаган партияга беребиз» дешти. Бирок, мен аябай жаман болдум. Биз беш жылда бир жолу ушинтип эле сатылып кетебизби? Ошол миң сомго кантип тамак жеп, кийим киет? Кантип ошол акчаны уялбай кем каржысына жумшайт? Мен баарына айтаар элем: добушуңарды сатпагыла, алданбагыла».

Добуш сатып алуу №2 формасы менен ишке ашып жатканы айтылып келет. Өзүнө бөлүнгөн аймактан көп добуш алууну көздөгөн партиялардын талапкерлери бул документтин жардамы менен өзүнө ыңгайлуу шайлоо тилкесине элди каттатып жатат. Кээ бир партиялар добуш алуу максатында жолдорду жасап, кээ бир аймактарга жарык, суу киргизүүгө убада берип жатканы байкалууда.

Ош шаарынын Татар айылынын тургуну Кубанычбек уулу Адилет шайлоого аттанган партиялардын бири айылында свет өткөрүп, футбол талаасын салып берүүгө чоң өлчөмдө каражат бөлгөнүн айтууда:

«"Кыргызстан" саясий партиясы азыр футбол талаасын куруп жатат. Алар 250 добушка 1 млн. акча бөлүп жатат. Акчасын бөлүп берип, курулуш иштери жүрүүдө. Негизи анын курулганы жакшы, бирок бул ачык эле добуш сатып алуу болуп жатат. Азыр 250 адам №2 форманы толтуруп коюшуптур. Шайлоо күнү биз ар бириңерди көзөмөлдөйбүз дешти».

№2 форма - жарандардын шайлоо дарегин өзгөртүү тууралуу арызы. Бул ички миграцияны жана шайлоочунун укугун эске алуу менен киргизилген.

Буга чейин шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө добуштарды сатып алуу жана шайлоочулардын дарегин өзгөртүү максатында жарандардын паспортторун чогултуу фактылары боюнча арыздар түшүп жатканын БШК да ырастаган.

Шайлоо мыйзамдарына ылайык, добуш сатып алуу же сатуу үчүн жоопкерчилик каралган. Жазык кодексинин 192-беренеси боюнча добуш сатып алган адамга 220 миңден 260 миң сомго чейин айып салынат же болбосо ал 2,5 жылга эркинен ажырайт. Добушун саткан адамга да ушундай эле жаза каралган.

Ош шаарынын тургуну, мамлекеттик кызматта иштеген ​Сайпидин кызы Мээрим аны жана кесиптештерин №2 формасын мажбурлап толтуртканын кабарлады:

«Алар бизге "«Биримдик» бийликтин партиясы, баары бир бийликке келет, ошондуктан №2 формасын толтургула" деди. Биз баарыбыз шаардагы бала бакчанын бирине барып толтурдук. Барсак кезек узун экен. Бизди кезексиз киргизип, кайра арткы эшиктен чыгарып кетишти. Эми "башка партияга добуш берсек болобу?" деп ойлонуп жатабыз».

Парламенттик шайлоодо добуш берүү үчүн №2 форма менен катталган шайлоочулардын саны расмий маалымат боюнча 315 000ге жетти. Өлкөдө айрым участоктордо бул форма менен катталгандардын саны көп болгондуктан толуп калганы айтылууда. Шайлоо мыйзамдарына ылайык, ар бир добуш берүүчү тилкеде шайлоочулардын саны 2500дөн ашпашы керек.

Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна караштуу Саргата айылынын тургуну Айтилек Самтырова үгүт иштериндеги байкоолору менен бөлүштү.

«Менин атама «Мекеним Кыргызстан» партиясынан сунуш түштү. Ага "15 киши таап берсең дароо 10 миң беребиз" дешти. Атам макул болгон жок. Курбу кызым болсо да ушул эле партияга агитатор болуп иштеп жатат. Мен ушуларды көрүп алып аябай жаман болдум. Биз кантип өнүгөбүз? Эгер ушундай боло берсе, андан келечегибиз кандай болот? Курбумду тыйсам, ал мага "жок дегенде шайлоодо иштеп алалы" деп жооп берди. Атам мыйзамсыз ишке аралашпайм деп баш тартты».

Ал эми Бишкектеги Ала-Тоо жаңы конушунун тургуну Гүлнара ижарага алынган батирде жашайт. Ал аз күн мурун партиялардын бирине добуш берүүгө макул болуп, ал үчүн 1000 сом алганын, ошондон бери сарсанаа болуп жатканын айтты:

«Квартиранттарга келип, форма №2 толтургула дегенде мен бир чети эч нерсе оюмда жок эле сүйүнгөм. Себеби, биздин каттообуз айылда. Ал жакка качан барып, добуш берип келем деп ойлонуп жаткан элем. Бирок, алар добушту ушул партияга бересиңер деп 1000 сом беришти. Ошол күндөн бери аябай жаман болуп жатам. Мен ошентип добушумду сатып саламбы? Эми кантип, кимге добуш берем деп отурам».

Балыкчы шаарынын тургуну Жанара Мелдешбекова кебин бул шайлоодо «баарына каршы добуш берем» деп баштады. Ал буга партиялардын үгүт иштери, акча сунуштап жатканы таасир тийгизгенин айтууда:

«Интернетте добуш сатуу тууралуу уккан уу-дуу кептерге мурда ишенген эмесмин. Бул жолку шайлоодо өзүм күбө болуп, таң калып отурам. Шайлоо башталганда эле көчө башчы келди. Алар бизге «Мекеним Кыргызстан» партиясына добуш бересиңер, биз силерге жолуңарга шагыл төгөбүз дешти. Алар баарыбыздын паспортубузду сүрөткө тартып алышты. Андан көп өтпөй Ак-Ордодо жашаган туугандарым чалып, алар да паспортумду сурашты. «Мекеним Кыргызстан» 1000 сомдон таратып жатат деп айтышты. Андан бир нече күндөн кийин эми «Кыргызстан» партиясына иштеп жаткандар кайрыла баштады. Алар мени Балыкчыга барып келели, добушуңду берип койчу, акча беребиз деп убада кылышты. Мен ушулардын кийин ушунчалык ирээнжип отурам. Азыр эми «баарына каршы добуш» берем деп отурам».

Жалал-Абад облустук мамлекеттик окуу жайынын студенти Мээрим жаштарга кайрылып, бул жолку шайлоодо студенттерди жана мугалимдерди добушун сатпоого чакырды:

«Биздин окуу жайдагы мугалимдер №2 формасын толтургула дешти. Студенттердин көбү барышты. Себеби, баарыбыздын эле каттообуз айылда. Мен баарына каршы чыгып толтурбай койдум. Себеби, мындай болбойт да. Мугалимдер үн катпаганы менен эми сессия учурунда эмне болот деп ойлоп жатам. Бирок, ушул кырдаал мени аябай ойлондурду. Эмне үчүн студенттерди колдонуп жатышат? "Жаштар чечет, жаштар келечек" деп туруп бизди курал катары колдонуп жатышат. Мурунку муун, ата-энелерибиз деле кайдыгер карап калышыптыр. Алар эптеп акча алалы деп жатышат. Бирок, жаштар буга барбаса дейт элем. Мугалимдер, студенттер добушун сатпаса деп чакырам».

«Азаттыкка» келген кайрылуулардын басымдуу бөлүгү «Биримдик» жана «Мекеним Кыргызстан» партияларын айтып жатышат. Бул эки партия тең добуш сатып алуу тууралуу дооматтарды четке кагып келет.

«Мекеним Кыргызстан» партиясынын төрагасынын орун басары Канатбек Азиз мындай дейт:

Канатбек Азиз.
Канатбек Азиз.


«Шайлоодо атаандаштык күч. Бирөө бир нерсени көрбөй калса да аны башкасы көрүп жазып чыгат. Биздин жалпы шайлоого аттанган талапкерлер андай ыкманы колдонбойт. Бирок, агитатор, "силерге иштеп берем" дегендер ушундай жолго барышы мүмкүн. Мындай нерсе бизде эле эмес, башка партияларда да учурашы мүмкүн».

Ал эми «Биримдик» партиясынын басма сөз катчысы Адилет Султаналиев мындай билдирүүлөрдү партияны каралоо катары баалады:

«Азыркы учурда биздин партияга ар кандай каралоо болуп жатат. Бирок, Кыргызстандагы сөз эркиндиги, шайлоонун ачык жүрүшүн эске ала турган болсок, добуш сатуу, административдик ресурс колдонуу мүмкүн эмес. Ошондуктан мен жоопкерчиликтүү түрдө «Биримдик» партиясы мындай былык иштер менен алектенбейт деп айта алам».

Президент Сооронбай Жээнбеков 19-сентябрда Коомдук телерадио корпорациясынын (КТРК) «Биринчи радиосуна» кезектеги маегин берип, шайлоодо кандай гана мыйзам бузуу болбосун, анын ичинде добуш сатып алуу фактыларына чара көрүлөрүн айтты. Бирок андай мыйзамсыз иштер боюнча реалдуу фактылар жок экенин билдирди.

«Тилекке каршы, биздин шайлоочуларыбыз имиш-имиш сөздү талкуулап, укук коргоо органдарына «мага добушуңду сат деди» деп кайрылган учурлар болбой жатат. Эл арасында «ушул партия ушинтип жатыптыр, бул партия сатып атыптыр» деп айтышат, ал сөздөрдү мен угуп жатам. Органдар иштеп жатат, бирок мына ушул боюнча кайрылган факт жок».

Кыргызстанда бул күндөрү 4-октябрда боло турган парламенттик шайлоонун үгүт өнөктүгү расмий түрдө жүрүп жатат. 120 мандаттуу парламентке 16 саясий партиядан эки миңдей талапкер ат салышууда.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

Пикирлерди көрүңүз (9)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG