Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:26

Матраимовдун аты аталган телетаймаш


Коомдук телерадио корпорациясынын теледебат өтчү студиясы.
Коомдук телерадио корпорациясынын теледебат өтчү студиясы.

Мамлекеттик телеканалдарда депутаттыкка талапкерлердин телетаймаштары уланууда. Медиа айдыңда бул жолку дебаттар мазмуну супсак жана талапкерлердин курч, кайчы пикирлери аз телетаймаштар катары бааланып жатат.

Талапкерлердин телетаймаштары эки мамлекеттик канал - КТРК менен ЭлТРде өткөрүлүүдө.

Көрөрман талапкердин жаттап алган жалындуу сөздөрүнөн, кооз жазылган программасынан сырткары бийликке сын айта алабы, жемкорлордун атын атайбы дегендей позициясына карап баа берип жаткан кези.

Журналисттик иликтөөлөрдө аты аталган мурдагы бажы аткаминери Райымбек Матраимовдун ишмердиги да буга чейинки өткөн дебаттарда талашка жем таштаган темалардын бири болду.

Алгач 14-сентябрда КТРКда жаш талапкерлердин телетаймашында «Реформа» партиясынан талапкер болгон Эркин Нурбаев мурдагы бажычынын атын атады. Ал «Мекен Ынтымагы» партиясынын өкүлү Мухаммед Агибаевге: «Райымбек Матраимов боюнча позицияңыз кандай?», - деп суроо салган.

«Жел болбосо чөптүн башы кыймылдабайт демекчи, көп сөздөр айтылып жүрөт. Кайсынысы чын, кайсынысы калп экенин эл өзү талдап, көрүп билип турат. Биздин көз карашыбыз терс экенин билесиз», - деп жооп берди «Мекен Ынтымагы» партиясынын талапкери Мухаммед Агибаев.

Ушул эле телеканалдын 16-сентябрда өткөн жаштар арасындагы дебатында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары талапкер болуп бараткан «Социал-демократтар» партиясынын өкүлү Темирлан Султанбеков бийликти кескин сындап, президентти «мурдагы бажы аткаминери Райымбек Матраимовду калкалап жатат» деп айыптады.

Ал эми «Республика» партиясынан жаштардын өкүлү катары келген Аяз Баетов өз сөзүндө шайлоого коррупционерлер менен аткезчилердин партиясы да ат салышып жатканын белгиледи. «Социал-демократтардын» өкүлү Султанбеков Баетовду арасында коррупционерлер бар партиянын атын ачык айтууга чакырды. Бул суроо эки талапкердин талашына себеп болду.

Баетов: - «Партиянын атын атаңыз» деп жатасыз. Шайлоо мыйзамында жазылып турат. Соттун чечими жок сөз айтса, шайлоодон четтетүүгө себеп болот. Сиз юридикалык мүмкүн болбогон нерсеге түртүп жатасыз.

Султанбеков: - Шайлоо мыйзамдарында жазылып турат. Талапкер өз пикирин айтууга укуктуу.

«Социал-демократтардын» талапкери Темирлан Султанбеков азыркы бийликке жана мурдагы бажы кызматкерине каршы дооматын 17-сентябрда ЭлТР каналында өткөн телетаймашта да кайталады:

«Кыргыз Республикасынын легитимсиз президенти Сооронбай Жээнбеков Райымбек Матраимовдун тилине кирип алып, кыргыз элин эмес, үй-бүлөсүн ойлоп калды».

Анткен менен ушул эле таймашта «Реформа» партиясынын лидери Клара Сооронкулова бажы тармагындагы коррупциянын гүлдөшүнө «Социал-демократтардын» түптөөчүсү болгон мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин таасирин да эске салды:

«Сиз бардык жоопкерчиликти азыркы президентке жүктөп жатасыз. Райымдын схемасы Атамбаевдин учурунда да болгон. Болгону сиздин кумир кызматтан кеткенден кийин ал иштер ачылып калгандыр. Эмнеге силер буларды азыркы президентке чаптап жатасыңар? Райымбек Матраимов сиздин кумириңиз бийликте турганда Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары болуп иштеген».

Кызыгы, бийликке кескин сын айтылган дебаттардын бири катары саналып жаткан ЭлТРдин 17-ноябрдагы түз эфирдеги видеосу телеканалдын «Фейсбуктагы» баракчасынан өчүп калганы белгилүү болду. Муну телеканалдын жетекчилиги техникалык ката деп түшүндүрдү.

Жогорудагы телетаймаштарда талкуу жараткан темалардын бирине айланган Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары Райымбек Матраимов бажы тармагындагы коррупция жөнүндөгү журналисттик иликтөөлөрдө аты аталып жүрөт. Бирок Матраимовдор коррупциялык иштерге аралашпаганын айтып, иликтөөнү чыгарган басылмалар менен соттошууда.

Райымбек Матраимовдун агасы, «Мекеним Кыргызстан» партиясынан шайлоого бараткан депутат Искендер Матраимов жогорудагы сынды курулай каралоо катары баалады:

«Эмнеге биз менен эле өздөрүн пиар кылып жатышат, билбейм. Райымбек Матраимов үч жылдан бери мамлекеттик кызматта иштебейт. Жумуштан туура эмес алынганын соттон тастыктап, бирок кызматта кайтып келген эмес. Бардык нерсени жабыштыра берген туурабы? Кудайды караш керек».

«Социал-демократтардын» талапкери Темирлан Султанбековдун бийликке карата айткан сынына президенттик аппарат да жооп бере элек.

Шайлоого катышууга катталган 16 партиянын талапкерлери ЭлТР каналындагы телетаймаштарда эл сынынан өтүүдө. Алардын көпчүлүгү азыркы бийликтин саясатына каршы чыгарын же колдой турганын ачык айткан жок. Ошондой эле телетаймаштагы талапкерлердин билдирүүлөрү деле коомчулуктун кызуу талкуусуна алынбады.

Журналист Кайыргүл Урумканова телетаймаштардын коррупцияга байланышкан бир-эки темага гана байланып, жалпы жолунан маңызсыз, супсак өтүп жатканын талапкерлердин деңгээли менен байланыштырды:

«Чынында ар бир талапкер өзүнүн каршылашына даярданып барышы керек. Азыркы дебаттар - алып баруучу менен талапкердин эле суроо-жообу. Кайым айтышуу деле болбошу керек. Бири-бирине курч суроолорду берип, идеяны талашып, талкуулашы керек. Парламентке барса элдин талабын кантип жеткирет?»

Таймаштарды уюштуруу форматы, алып баруучулардын суроолору боюнча сын-пикир дебаттар башталганда эле айтылган. Телетаймаштын алып баруучулары элден келген суроо катары миграция, дин, экономика сыяктуу темаларды жалпылаштырып берип жатышат.

Азырынча КТРКдагы негизги дебаттардын датасы билине элек. Медиа айдыңындагылар айрыкча бийликчил менен оппозиячыл көз караштагы партиялардын таймашын күтүп жатышкан кези.

Жогорку Кеңештин 120 депутаттан турган VII чакырылышына депутаттарды шайлоо 4-октябрга дайындалган. Ага 16 партия ат салышууда. Шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү 4-сентябрда башталган.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG