Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-сентябрь, 2020 жума, Бишкек убактысы 17:38

Миллиондор изи: Суваналиев сыр ачты


Президент Сооронбай Жээнбеков, Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары, «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын талапкери Өмүрбек Суваналиев жана Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов. «Азаттыктын» коллажы.

Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары, «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын талапкери Өмүрбек Суваналиев президенттин коррупцияга каршы саясатын кайрадан сындап чыкты.

Ал мурдагы бажычы Райымбек Матраимов жөнүндө «Азаттык» чыгарган иликтөөлөр чын экенин, бул тууралуу мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековго айтса чара көрүлбөгөнүн маалымдады.

Суваналиев Коопсуздук кеңешинин ролу жана күч кызматтарынын жетекчилери тууралуу да айтты. Экинчи тараптын жүйөсү башкача.

«Президент Матраимовдун барымтасында калды»

Өмүрбек Суваналиевдин бир сааттык интервьюсу журналист жана блогер Майраш Базлакунованын «Youtube»​ порталындагы каналына жарыяланды.

Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары жана «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын талапкери өз маегинде жалпы саясат, парламенттик шайлоо, мурдагы-азыркы президенттер жана башка темалар жөнүндө кеп кылды.

Жаңы билдирүүсүндө ал мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековдун коррупция менен күрөшү тууралуу айтып, президент айланасындагы күчтөрдүн барымтасына түшүп калганын дагы бир жолу кайталады:

«Райымбек Матраимов видео кайрылуу менен чыга калып, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге «мен сени менен күрөшөм» деп асылбадыбы. Бул президент Жээнбеков Атамбаев менен күрөшүп жаткан чакта чыкканы үчүн, Матраимов да ал тарапта болуп калды, Атамбаевге каршы. Ошондо бул акырындан күчтөнүп кетти. Бүгүнкү күндөгү күч түзүмдөрүн карасаңар – УКМК, ИИМ, Финчалгын, Финполиция жана башкы прокурор - бардыгы Райымбек Матраимов менен Ошто чогуу иштешкен. Өмүр баяндарын деле карагыла. Ал тургай Финполициянын жетекчиси менен ички иштер министринин орун басары Памир Асанов Матраимовдор менен тууган болуп кетет. Булар баары Райымбек Матраимов менен жакшы ымалада жана аны менен эсептешет. Мен ошону үчүн «президент буларда барымтада калды» деп айтып жатам. Президент эмне үчүн «факты бергиле, факты бергиле» деп жатат? Алардын баары мамлекет башчыга бурмаланган фактыларды берип жатат».

Суваналиев ошондой эле Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун мүлкү жана аны менен иштешкен кытайлык Айеркен Саймаитинин сырдуу өлүмү тууралуу «Азаттык» радиосунун 2019-жылы чыккан эки иликтөөсүндө так фактылар келтирилгенин белгиледи:

«Эми «Раим миллион» боюнча «Азаттык» чыгарган материалдар чын. Аны баары билет. Жогорку Кеңешке алып чыгышканда куйтуланып Саймаитиге буруп атышпайбы. Саймаити деген Түркияда өлтүрүлгөн. Комиссия эмне үчүн Түркия боюнча айтып жатат? Силер «Азаттыктын» айтканы боюнча териштиргиле. Ошол жерде аткезчиликтин мисалдарын келтиришти, ошону текшерүүнү күчөткүлө. Анан эле өз күнөөсүн бирөөгө ыргытпаш керек да. Бул мезгил да өтөт, убакыт келгенде бул да көтөрүлөт, текшерилет».

Өмүрбек Суваналиев бул жолку билдирүүсүндө да шайлоого мурдагы бажычы Райымбек Матраимов жана «мыйзамдагы ууру» атыккан Камчы Көлбаев бир нече партияны сүрөп жатканын кайталады.

Ал ушул эле сыяктуу сөзүн мурдараак өзү кошулган «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын айланасындагы талаш-тартыштардан кийинки басма сөз жыйындарында айтып, «бийлик криминалга каршы күрөштө жеңилип калды» деген эле.

«Азаттыктын» «Эксперттер талдайт» берүүсүндө болсо Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары катары президентке кирип, «Матраимовду камоону» сунуш кылганын, бирок ага мамлекет башчы макул болбой койгонун билдирген.

Бул айыптоолорго байланыштуу Райымбек Матраимовдун өзү менен байланышууга мүмкүнчүлүк болгон жок. Анын агасы, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов жагдайга аралашкысы келген жок. Ал үгүт өнөктүгү жүрүп жаткандыктан комментарийди өзү талапкер катары парламенттик шайлоого бараткан «Мекеним Кыргызстан» партиясы берерин айтуу менен чектелди.

«Бардыгы партиянын басма сөз кызматы аркылуу болот. Же инимдин өзүнө суроо берип, жооп алып алгыла», - деди Искендер Матраимов «Азаттыкка».

«Мекеним Кыргызстан» партиясынын өкүлдөрү жана талапкерлери Элнура Алканова менен Канатбек Азиз штабда кеңешүүдөн кийин өз позицияларын айтарын билдиришти.

«Азаттык» Суваналиевдин билдирүүсүнө байланыштуу президенттик аппаратка кайрылып, комментарий ала алган жок. Президенттик аппараттын басма сөз катчысы Толгонай Стамалиевага чалып, байланышуу мүмкүн болбоду.

Экс-акыйкатчы, укук коргоочу Турсунбек Акун тема жөнүндө мындай ойлору менен бөлүштү:

Турсунбек Акун.
Турсунбек Акун.

«Биринчиден, Өмүрбек Суваналиев – «Каттани» өзү сындап жаткан президент Жээнбековдун жанында, Ак үйдүн жетинчи кабатында бир жарым жыл олтурду. Ушул убакыт ичинде Матраимовдорго каршы, криминалдарга каршы аракет кылганын, бир сөзүн уккан жокпуз. Ошолорго каршы күрөшүүнү, Матраимовдун кадрларын тазалоону өзү колго албайт беле? Барды, айлык алды, кетти. Эми азыр оппозициялык партияга барып алып, шайлоодо упай топтош үчүн президентти жамандап жатат. Бул эки жүздүүлүк жана мамлекет башчыны каралоо. Суваналиев эптеп депутат болуш үчүн президентти да курмандыкка чалып кете бере турган популист экенин көрсөтүүдө. Экинчи жагдай - «Азаттыктын» иликтөөсүнүн негизинде Райымбек Матраимовго чара көрүлүшүн мен да талап кылып келе жатам. Анын камалбай жатышына мен да нааразымын. Бирок Райымбек Матраимов азыр кызматта эмес, жумушсуз жүргөн адам. Ооба, акчасы көп экен, шайлоого баратат. Бирок президент ошол катардагы кишинин барымтасында калат деген сөз сандырактык, туура эмес. Бул жерде президент укук коргоо органдарынын ишине түздөн-түз кийлигишпейт да. Алар алты айлап иликтеди, эми алар аягына чыгарышы керек да. Президент «былтыйып эмне отурасыңар» дегенге чейин барды, дагы эмне кылышы керек? Матраимовду Жээнбеков камабайт да, тергөө органдары эгер кылмышы болсо далилдесин, ошолор камасын».

«Азаттык» радиосунун, OCCRP уюмунун жана «Клооп» медиасынын орток иликтөөлөрүндө теги кытайлык ишкер Хабибула Абдукадырдын Кыргызстан аркылуу жүк ташыган компаниясы көмүскө ишмердиктен жүз миллиондогон доллар тапканы жана ал каражатты адалдоо жолу менен өлкөдөн чыгарып кеткени ашкере болгон.

Абдукадырдын жүк ташуу бизнесин Мамлекеттик бажы кызматы калкалап турган. Бул ишмердиктин чордонунда жүргөн Айеркен Саймаити мунун баарын ачыкка чыгарып, ошол кезде бажыда жетекчи кызматта иштеген Райымбек Матраимов пара алып турганын айткан. Ал сөзүн ырасташ үчүн жүз миңдеген долларлар Абдукадырдын нускоосу менен Ысмайыл Матраимов атындагы фондго келгенин далилдеген түпнуска, көчүрмө жана электрондук документтерди берген.

Иликтөө учурунда Матраимовдор менен Абдукадырлар үй-бүлөсүнүн башка да бизнес байланыштары, Райымбек Матраимовдун аялынын Дубайда 12,5 миллион долларлык, декларацияда көрсөтүлбөгөн мүлкү табылган. Матраимовдун ыктымал мыйзамсыз байыганы тууралуу эл арасынан президентке суроо берилгенде Сооронбай Жээнбеков аны далилдеген «факты бериш» керек экенин айткан. Матраимовдор өздөрү бул айыптоолорду четке кагып келатышат.

«Коопсуздук кеңеши президенттик аппараттын бөлүмү болуп калды»

Мурдагы ички иштер министри Өмүрбек Суваналиев Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары болуп 2019-жылдын башынан бери иштеп келаткан. Быйыл күзүндө өтчү парламенттик шайлоого «Бүтүн Кыргызстан» партиясы менен катышарын 11-августта жарыялаган.

Мындан кийин, 22-августта өзүнүн берген арызынын негизинде президент Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен кызматынан убактылуу четтетилген.

Шайлоого байланыштуу талкууларда Суваналиев бул кызматта ыйгарым укуктары чектелүү болгонун, коррупцияга каршы чара көрүүгө ага жол берилбегенин айтып келет. Соңку интервьюсунда да Коопсуздук кеңеши өз функциясын аткара албай калганын билдирди:

«Бүгүнкү күндө Коопсуздук кеңеши президенттик аппаратка караштуу, аппараттын ичине киргизип, кичинекей бир бөлүм кылып салышкан. Талдоо жана сунуш жазган эле бөлүм болуп калды. Башка президенттердин убагында бул конституциялык орган болчу жана ыйгарым укуктары аябай чоң эле. Тилекке каршы, азыр аны жөн эле, президент сүйлөгөн аянтчага гана айлантып салышты. Реформа кылыш керек, бирок реформаны чогуу кылыш керек, жалаң эле Коопсуздук кеңеши кыла албайт. Коопсуздук кеңешинин төрагасы – президент өзү. Аны өзү катуу колго алышы керек болчу, бирок бүгүн андай эмес. Негизи бүт бийлик өкмөттө, мындайча айтканда азыр өкмөт кыла турган ишти Коопсуздук кеңешине алып келип алды. Коопсуздук кеңешине премьер-министр, министрлер мүчө да, президент ошол жерди аянтча катары гана пайдаланып, ойлорун айтып, «менин үнүм элге жетсин» деп жатат. Анткени Сооронбай Жээнбековдун мындан башка аянтчасы жок».

Коопсуздук кеңешинин ишин быйыл апрелде Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Бактыбек Калмаматов да сындап чыккан. Ал президенттик аппарат Коопсуздук кеңешинин жыйындарын катар-катар өткөрүп, оюнчук кылып алганын, бирок анда кабыл алынган чечимдерди эч ким аткарбай калганын айткан эле. Калмаматов ушул күндөрү массалык маалымат каражаттарындагы маектеринде жана катышкан талкууларда да ушул ойду кайталап келатат.

Коопсуздук кеңешинин 2020-жылдын 1-сентябрындагы жыйыны.
Коопсуздук кеңешинин 2020-жылдын 1-сентябрындагы жыйыны.

Маалым болгондой, жыл башынан бери Коопсуздук кеңешинин он чакты отуруму өткөн. Соңку чакан курамдагы жыйыны 1-сентябрда болгон. Анда негизинен 4-октябрга дайындалган парламенттик шайлоого даярдык, шайлоо өнөктүгүн өткөрүү маселеси каралган.

Юридика илимдеринин доктору Бекбосун Бөрүбашев Коопсуздук кеңешинин ролу тууралуу сөзгө кошулду:

Бекбосун Бөрүбашев.
Бекбосун Бөрүбашев.

«Конституциянын 64-беренесинин 9-бөлүгүнүн 1-бөлүмчөсүндө «Президент Коопсуздук кеңешин түзүп, ошонун башында турат» деп жазылган. Ошондуктан бул биринчи кезекте конституциялык орган. «Коопсуздук кеңеши - конституциялык орган эмес» деген Суваналиевдин сөзүнө макул эмесмин. Бул органдын түзүлүшү, анын башында ким турары Баш мыйзамда белгиленген. Экинчиден, күч түзүмдөрү мамлекет башчы катары президентке баш ийет. Коопсуздук кеңешинде президенттин мүмкүнчүлүгү өтө чоң. Коррупцияга каршы күрөштөгү саясатты да президент, президентке караштуу Коопсуздук кеңеши аныктайт. Ал эми өздөрү аны кандай иштетет, иштетип жатабы же иштетпей жатабы - ал башка маселе. Бул орган аябай күчтүү болушу керек».

Өз интервьюсунда Өмүрбек Суваналиев мындан сырткары Коопсуздук кеңешинде иштеп туруп саясатчы, «Республика» партиясынын мурдагы лидери, экс-премьер-министр Өмүрбек Бабановду камактан куткарып калганын да билдирди. Суваналиев бул үчүн президент ага капа болуп, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчилик кызматын бербей койгонун да кошумчалады.

2017-жылкы президенттик шайлоодон кийин өлкөдөн чыгып кеткен Бабанов 2019-жылы Бишкекке кайтып келип, партиясынын лидерлигин тапшырып берген.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Пикирлерди көрүңүз (68)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.

XS
SM
MD
LG