Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:44

Жаштардын телетаймашы: Лимон, жол кире жана бийлик


Коомдук телерадио корпорациясынын теледебат өтчү студиясы.
Коомдук телерадио корпорациясынын теледебат өтчү студиясы.

Парламентке аттанган талапкерлердин дебаты уланууда. 18-сентябрда КТРКдагы телетаймашта «Ата Мекен», «Биримдик», «Бир Бол», «Бүтүн Кыргызстан», «Замандаш» жана «Чоң казат» партияларынын жаш талапкерлери элдин элегинен өтүштү.

Телетаймаштарда талапкерлер бири-бирине суроо узаткан бөлүгүнө гана токтололу. Дебатта бийликтин партиясы саналган «Биримдиктин» өкүлү Акылбек Жамангуловго башка атаандаштары тарабынан эң көп суроо берилди.

«Чоң казат» партиясынын талапкери Бекжан Рысмендеев «Биримдиктин» ураанын кескин сынга алды.

«Евразиялык жол - бул Орусияга жагалдануу. Бирок, алар бул нерсеге көңүл бурбайт жана ишенбейт. Президенттин партиясы мандат үчүн ушуга деле макулбуз деп жатат. Эмки шайлоодо федерализация же губерния деп чыгабы?», - деди Рысмендеев.

«Биримдиктин» талапкери Жамангулов Кыргызстан СССРдин тушунда гүлдөп турганын белгилеп, азыр да Евразия мамлекеттери менен тыгыз кызматташтыкта өнүгө ала турганын айтты. Ал партиянын урааны ошого байланыштуу экенин түшүндүрдү.

«Демократиялык социализмди калыптандырабыз деген максатты көздөдүк. Экинчиси - евразиялык тандоо. Биздин өлкө илгертеден евразиялык мамлекеттер менен алакада болуп келген. Азыр да экономикада гана эмес, тышкы саясат, маданият жалпы карым-катнаштар кошуна мамлекеттер менен болот», - деди Жамангулов.

Дебаттын шартты боюнча ар бир талапкердин суроосу жана жообу үчүн тогуз мүнөт берилген.

«Чоң казат» тогуз мүнөттү өзүнө ыңгайлуу пайдаланып, партиянын талапкери Бекжан Рысмендеев каршылаштарына суроо жаадырып, өзүнүн жообу үчүн аз гана мүнөттү сактап койду.

Ал талапкер Тилек Токтагазиевге кайрылып, «Ата Мекен» партиясы 29 жылдан бери парламентте жүрүп, өлкөнүн азыркы абалына жоопкер экенин айтты. Бул сынга Тилек Токтагазиев мындай жооп кайтарды:

«"Ата Мекен" партиясынын акыркы чакырылышында 11 эле мүчөсү болгон. Алар Кумтөр сыяктуу маселелерде элдин кызыкчылыгы үчүн турган», - деди талапкер.

«Ата Мекен» партиясынын көпчүлүк суроосу «Биримдикке» жолдонду. Партия өкүлү Тилек Токтогазиев «Биримдиктин» өкүлү Акылбек Жамангуловдун ишмердүүлүгүнөн тартып базардагы азык-түлүктүн баасынан бери сурады.

Токтогазиев: - Элге жакынсыңарбы же жокпу деп сурап көрөйүн. Троллейбустун, автобустун жол акысы канча?

Жамангулов: Троллейбустуку сегиз, автобустуку он сом.

Токтогазиев: Туура эмес, автобустуку да сегиз сом. Жогорку сорттогу ундун баасы канча сом?

Жамангулов: Жыйырма сомдун тегереги болсо керек.

Токтогазиев: Туура эмес, 47 сом. Картөшкөнүн баасы канча?

Жамангулов: Билбейт экенмин.

Анткен менен Жамангулов атаандаш талапкерлердин партиялаштары, өкмөттүн иши, чек ара сыяктуу суроолоруна так жооп берген жок. Көпчүлүк суроого «партиянын жана өзүмдүн ишмердүүлүгүм үчүн гана жооп берем» деген жалпы сөздөр менен чектелди.

Жамангулов «Ата Мекенди» 29 жылдан бери бийликте жүрүп эч нерсе кылган эмес десе, «Чоң казаттын» лидеринин декларацияда көрсөтүлбөгөн мүлкү бар экенин сындады.

«Бир Бол» партиясынан талапкер катары дебатка катышкан Нурсултан Кубанов «Биримдик» партиясына бир топ суроо даярдап келгенин айтып, бирок ал партиянын жооп берүүгө убактысы калбай калганына нааразы болду.

«Бирболчу» Кубанов дебаттын жүрүшүндө көп сүйлөбөй турган «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын өкүлү Орозайым Нарматова менен бир топ кайым айтышты. Экөөнүн талашы партиянын лидери жана буга чейинки иштери жөнүндө болду.

Нарматова: - Сулуу кийим кийип алып эле муну өзгөртөм дейсиңер. Эмне үчүн ЖЭБ, Кумтөр, Дача-Су, миграция маселесин «Бир Бол» партиясы көтөрүп чыккан эмесиңер?

Кубанов: - Сизден эмне так иш кылдыңыз деп сурап жатам. Биз мисалы, миллиондогон инвестиция тартып, чоң отель куруп жатабыз. IT академияларды, мектептерди куруп жатабыз. Ар бирибиз өз тармагыбызда элдин жүгүн көтөрүп жүрөбүз.

Айтор, дебатка көз салгандар башка телетаймаштарга салыштырмалуу бул жолку жаштардын дебаты маңыздуу болгонун белгилешүүдө.

Дебатта «Ата Мекен» партиясынын өкүлү Тилек Токтогазиев казынаны кантип толтура турганын айтып жатып, стакандагы сууга лимонду сыгып көрсөткөнү Интернетте кызуу талкууга жеп таштады.

Лимонду кыргыз активисттери «миллион» деген сөздү туюнтуу үчүн колдонуп келишет. Чуулгандуу журналисттик иликтөөлөрдө аты аталган мурдагы бажы кызматкеринин «Миллион» деген каймана аты бар экени белгилүү.

Телетаймашка социалдык тармактын колдонуучулары ар кандай баа беришти. Бири сындаса, башкалары жаш талапкерлердин бул дебаты курч болгонун белгилешти.

Журналист Кудурет Тайчабаров бул теледебат жөнүндө кенен пикирин «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

«Жаштардын дебаты жакшы эле болду. Өтө жакшы болушуна ойлонулбаган регламент күнөөлүү болуп калды. Элдин баары бийликтин партиясына суроосу бар экенин билип туруп жеке Акылбек Жамангуловдун өзүнө суроо жаадырып, таймашты бүтүрүп салышты. «Биримдикке» «Бир Бол» менен «Бүтүн Кыргызстан» суроо бергенде сонун болмок», - деп жазды Тайчабаров.

«Бирок дебатта эң эле айырмаланганы «Чоң казаттын» талапкери Бекжан Рысмендеев болду. Өзү адам суроо бергенинен эле билинет. Саясатчы болом деген адамдын суроо бере билгени андан жакшы. Рысмендеевдин берген суроолору башкаларга караганда дасыгып калган «биримдикчи» Акылбек Жамангуловду бир топ кара терге түшүрдү. Дегинкиси «Чоң казаттан» «чоң жиндини» эмес, чоң саясатчыны көрдүм», -деп жазды Sheraly Bektash аттуу колдонуучу.

Жогорку Кеңештин 120 депутаттан турган VII чакырылышына депутаттарды шайлоо 4-октябрга дайындалган. Ага 16 партия ат салышууда. Шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү 4-сентябрда башталган.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG