Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:51

Шайлоо-2020: «Чоң Казат» партиясы курултайда лидерин алмаштырды


Максат Мамытканов.
Максат Мамытканов.

Парламенттик жарышка аттанып жаткан «Чоң Казат» партиясы 16-августта Бишкекте курултай өткөрүп, төрагасын алмаштырды. Расмий түрдө лидер катары катталган Турат Акимов жыйында жаңы лидер катары Максат Мамыткановду сунуш кылды. Делегаттар аны бир добуштан колдоду. Бул маалыматты «Азаттыкка» партиянын мүчөсү Асхат Осмонов ырастады.

Партия жыйынын «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу да түз көрсөттү. Курултайга ар кайсы аймактардан чогулган партиянын элүүдөн ашык делегаты катышты. Жыйынга Борбордук шайлоо комиссиясынын адистери көз салды.

Максат Мамытканов «Чоң Казат» алгач кыймыл катары негизделгенде өзүн анын лидерлеринин бири катары тааныштырып чыккан. Кыймылдын аракеттерине байланыштуу Ички иштер министрлигинде сурак да берген эле. Мамытканов УКМКнын мурдагы Экономикалык жана кызматтык кылмыштарга каршы күрөш башкармалыгын жетектеген. Коомчулукта эксперт катары да белгилүү.

«Чоң Казат» партиясы курултайын расмий түрдө өткөргөн экинчи партия болуп калды. 13-августта «Мекенчил» саясий партиясы кезексиз курултайын өткөрүп, талапкерлеринин тизмесин БШКга тапшырган.

Шайлоого баруу ниетин жалпысынан 44 партия билдирген. Партиялар өз тизмесин 25-августка чейин Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) бериши керек. Ошондон кийин БШК саясий партияларды шайлоого талапкер катары каттай баштайт.

Жогорку Кеңештин VII чакырылышына депутаттарды шайлоо 4-октябрга белгиленген. (ErN)

XS
SM
MD
LG