Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-сентябрь, 2020 жума, Бишкек убактысы 17:23

Партиялар алгачкы кайрылуусун жасашты


КТРКдан кайрылуу жасаган 16 партиянын лидерлери жана мүчө талапкерлери. Коллажда өкүлдөрдүн сүрөттөрү Борбордук шайлоо комиссиясы чүчү кулактан кийин бекиткен тартип менен жасалды.

Парламенттик шайлоого катышып жаткан партиялар өлкөнүн башкы телеканалында биринчи кайрылуусун жасашты. Саясий топтор анда программасын жана көз караштарын учкай жарыялады. Бул билдирүүлөр менен партиялардын бийликчил же оппозициячыл экендиги аныкталгандай болду. Реформа, башкаруу жана башка маселелерге карата туруму да көрүндү.

Позициялардын такталышы

Алгачкы кайрылууларда «Социал-демократтар» партиясы бийликке кескин сын-пикирлери менен айырмаланды.

Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) мураскери катары кабылданып жаткан бул топтун башында мурдагы президент, камактагы саясатчы Алмазбек Атамбаевдин уулдары турат.

Партиянын талапкери Кадыр Атамбаев азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун атын атабаганы эле болбосо, КТРКдагы сөзүн толугу менен анын саясатын сындоого арнады.

Кадыр Атамбаев.
Кадыр Атамбаев.

«Акыркы үч жылдан бери мамлекетибиз бардык тараптан артка кетип жатканын көрүп да, билип да жатабыз. Ири масштабдагы, перспективалуу мамлекеттик долбоорлордун дээрлик бардыгы токтоду. «Таза коом» сыяктуу мамлекетибиз үчүн өтө маанилүү долбоорлордун быт-чытын чыгарып салышты. Бийлик миллиарддаган келишимдерди түздүк дегени менен, бир дагы жаңы долбоорлор ишке кирген жок. Президент мамлекеттик радиолордон ар нерсени айтып, элди жубатканы менен баары куру сөз бойдон калууда. Мындан эки-үч жыл мурда айткан убадаларын кайра-кайра кайталап жатат. Коррупция менен күрөш да жасалма болуп жатканын баарыбыз көрүп турабыз. Кыргызстандын эли билген чыныгы коррупционер каалашынча тайраңдап, коррупциялык жол менен тапкан байлыгынын күчү менен өз адамдарын парламентке алып келип, көп мандатты алам деп чамынып жүрөт».

Мурдагы президенттин уулу «Социал-демократтар» «жападан жалгыз оппозициялык партия экенин» белгилеп, башка партияларда «принципсиздер, коррупция беренеси менен соттолгондор, кошоматчылар» баратат деп сыпаттады.

Дагы бир партия – «Ата Мекен» да алгачкы билдирүүсүндө ушуга окшош позиция менен чыкты. Партиянын башкы талапкери Жанарбек Акаев да бир топ тармактар артка кеткенин белгилеп, бирок президент жөнүндө түз сөз айткан жок.

«Кыргызстан азыр өтө оор абалда, экономикалык, кадрдык кризисте. Өлкөнүн карызы 5 мдрд. АКШ долларынан ашты, сырткы карыздын көпчүлүк бөлүгү Кытай Эл Республикасынан. 2023-жылдын башынан тартып тышкы карызды төлөө мөөнөтү күчөйт. Учурда Кыргызстанда бюджеттин тартыштыгы 30 млрд. сомдон ашты. Азыркы өкмөт, азыркы парламент Кыргызстанды кризистен чыгарып, тышкы карызды төлөөгө жөндөмдүүбү? Албетте, жок. Биз, «Ата Мекен» партиясы мындай кризистен чыгара турган, жаңы элдик, чыгаан, кесипкөй жаштарды бир командага чогулта алдык. «Ата Мекен» азыркы туугандашкан, кландашкан системага каршы тура турган жападан-жалгыз оппозициялык партия».

Бул парламенттик шайлоодо азыркы бийлике карата кескин сын менен чыгат деп боолголонуп жаткан «Бүтүн Кыргызстан» партиясы өз кайрылуусунда жалпы сөздөр менен чектелди. Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими менен өнөктүктү кеч баштаганын «атайын тушап коюу» деп атаган партиянын лидери, талапкер Адахан Мадумаров ыймандуулук, мамлекеттүүлүк, мыйзамдуулук жөнүндө кеп кылды. Ал көбүнчө шайлоочуларды добушун сатпоого, капчыктууларга алданбоого чакырды.

«Республиканын» лидери Мирлан Жээнчороев, «Реформанын» лидери Клара Сооронкулова жана «Чоң казаттын» лидери Максат Мамытканов жалпы мамлекеттик системаны жана укук коргоо органдарын айыптап, бийликти коррупционерлер ээлеп алганын билдирип жатышты. Бирок жогорку бийликке түз акарат келтирүүдөн карманганы байкалды.

«Ооганстан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясынын» лидери Акбөкөн Таштанбеков, «Мекенчил» партиясынын талапкери Алымкадыр Бейшеналиев, «Бир бол» партиясынын талапкери Жоомарт Жолдошев, «Замандаш» партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов, «Ордо» партиясынын лидери Мирбек Мияров, «Мекен Ынтымагы» партиясынын лидери Темирбек Асанбеков жана «Ыйман нуру» партиясынын талапкери Чыңгыз Макешов да кыска кайрылуусунда саясий темада абстракттуу сөз менен чыгышты.

Экс-депутат, саясатчы Бакыт Калмаматов азыркы саясий жарышта ачык оппозициялык партия жок экенин билдирүүдө.

«Бүгүн президенттен башка бийлик жок. Жогорку Кеңеш президенттин юридикалык бөлүмү, өкмөт президенттин уюштуруучу бөлүмү болуп калган. Бир адам чечим кабыл алып жатат мамлекетте. Узурпацияланган бийлик эч качан коррупция менен күрөшпөйт. Өкмөт башчы менен парламент «артымды көрбөсөм, бөрү жесин» деп олтурат. Ал эми биздин президент менен башкасынын баарын сого бергиле деген позицияга өтүп алды. Оппозицияга да, көчөгө да, баарына уруксат берип койду. Бирок менмин деген оппозициялар да, партиялар да президенттин атын айта албайт. Коррупция-коррупция дейт, коррупциянын артында ким турарын айта албайт».

«Биримдик» партиясынын лидери Марат Аманкулов бүтүндөй кайрылуусун «Евразиялык интеграция» темасын түшүндүрүүгө жумшады. Президенттин иниси, депутат Асылбек Жээнбеков да талапкер катары тизмесинде катталган бул партиянын төрагасы бийликти сындаган же жактаган позиция айткан жок.

«Кыргызстан» партиясынын лидери Канатбек Исаев саясатка караганда мугалимдердин айлыгын көтөрүү жөнүндө көбүрөөк кеп кылса, «Мекеним Кыргызстан» партиясынын лидери Мирлан Бакиров жалпы көйгөйлөрдү чечүү ыкмасына басым жасады. Коомчулукта так ушул соңку үч партияны бийликчил деген пикирлер үстөмдүк кылууда.

Реформа кылуу дымагы

Арийне, Жогорку Кеңештин VII чакырылышына карата шайлоодо мамлекеттик түзүмдү өзгөртүүгө, реформалоого байланыштуу ураан-чакырыктар көп экени байкалууда. Катышып жаткан партиялардын бардыгы болбосо да, дээрлик көпчүлүгү кыскартуу, жоюу, жаңы чараларды киргизүү сыяктуу убадаларды камтыган программасы бар экенин кабарлоодо. Андан да бир тобу парламентке келсе Конституцияны өзгөртөрүн жарыялашты.

Ал тургай ушул тенденциянын ишке ашуусун талап кылган активисттер тобу партиясынын аталышын да «Реформа» деп алып чыкканын көрүп турабыз.

«Реформанын» лидери Клара Сооронкулова иш-чаралар планынын масштабы тууралуу мындайча билдирди.

Клара Сооронкулова.
Клара Сооронкулова.

«Биздин экинчи кадамыбыз жаңы Конституцияны кабыл алуу болот. Анткени ушуга чейин Конституциялардын бардыгы, бийликтин өз кызыкчылыгында, жогору жактан жазылып, элге күч менен таңууланган баш мыйзамдар болуп келди. Биздин максат анык иштей турган, улуттук баалуулуктарды камтыган, элибиздин менталитетине жана түшүнүгүнө дал келген, коомдук келишимдеги Баш мыйзамды референдум аркылуу кабыл алабыз. Шайлоо мыйзамдарын өзгөртөбүз. УКМКны «улуттук» эмес, мамлекеттик коопсуздук органына, башкача айтканда атайын кызматка айлантабыз. Прокуратуранын жалпы көзөмөлдөө функциясынан ажыратуу зарыл, прокуратуранын жалгыз милдети соттогу айыптоону колдоо болушу талап. Милицияны жазалоочу жана аскерлештирилген тутумдан, жарандарын укуктарын жана коомдун кызыкчылыктарын коргоо багыттан ишенимдүү түзүмгө айландыруу керек. Ал үчүн Ички иштер министрлигин жарандык коомдун өкүлү башкарат».

«Социал-демократтар» санариптик жана соттук укуктук реформаларды ишке ашырарын убада кылса, «Чоң казат» менен «Ата Мекен» да Конституциялык реформа жасай турганын айтууда. Мындай идеяга кошулган «Республика» да бир катар органдарды, анын ичинде өлкөдөгү башкы кызмат – президенттикти жоюуну демилге кылды.

«Республика» партиясынын лидери Мирлан Жээнчороев КТРКдагы кайрылуусунда да ушул темага токтолду.

«Эки революциянын себеби бул президенттик кызмат. Мурунку эки президент кылмыштуу, криминалдуу үй-бүлөлүк кландарды түзүп, үч бийлик бутагын узурпациялап, өздөрүнүн кызыкчылыктарына иштеген. Сот, парламент, өкмөт, бардыгы президенттерге көз каранды болуп калган. Ошондуктан биз президенттин кызматын жоёбуз. Бул кызматты жойгондон кийин алты жылда 5 млрд. сом каражат үнөмдөлөт. Жоопкерчиликтин бардыгы премьер-министрге өткөрүлөт. 120 депутаттын ордуна 75 депутат болот, өкмөттүн мүчөлөрүнүн санын 16дан жетиге кыскартабыз. УКМК менен Коррупцияга каршы күрөшүү кызматын жоёбуз. Алар өздөрүнүн багытынан, маңызынан башка жакка кетип калышты. Элди, дарыгерлерди, мугалимдерди чындыкты сүйлөгөнү үчүн кечирим суратып жүрөт. УКМКнын ордуна чалгындоо кызматы түзүлөт. Көз карандысыз сотту түзөбүз, соттук олтурумдар толук онлайн берилет. Мамлекеттик массалык маалымат каражаттары да жоюлат».

«Кыргызстан» партиясы саламаттык сактоо жана билим берүү системасын, «Мекеним Кыргызстан» жана «Ордо» партиялары парламенттин аппаратын жана салык тутумун, «Мекенчил» партиясы медицина тармагын, «Ыйман нуру» партиясы кен тармагын, «Бир Бол» партиясы сотту жана укук коргоо органын реформалоого көз саларын ачыкка чыгарды.

Активист Афтандил Жоробеков реформа боюнча коомчулукта талап күч экенин, партиялар ошону пайдаланып жатканын кеп салды. Бирок ал президентте каалоо болбосо, партиялардын дымагы бекер экенин кошумчалады.

«Ар кайсы изилдөөлөргө ылайык көп партияларга элдин ишеничи аз, рейтингдери төмөн. Ошол себептен көбү Жогорку Кеңеште депутаттардын санын кыскартабыз деп чыгып жатышат. Бирок маселен 60-70ке кыскартышса, анда депутаттарды коркутуу жана сатып алуу жолу менен башкаруу оңой болуп калат. Мурдагы шайлоодо да ушундай демилге менен чыгып, кыскартуулар болуп парламентти алсыз кылып койгонун билебиз. Азыр эми «прокуратураны жоёбуз», «УКМКны жоёбуз» деп чыгышты. Дагы бири «Финансы полициясын жоёбуз» дептир. Бири-бирине атаандашып жатып, эми булар ИИМди, чек ара кызматын, армияны, соңунда мамлекетти деле жоёбуз деп чыксын. Булар популисттик идея, куру кыйкырык. Ишке ашырышы кыйын, анткени баары президентке көз каранды. Чыныгы реформа бул чыгашаларды кыскартууга негизделет».

Бийликти тазалоо – аткаминерлерди люстрациялоо убадасы да бул жарышта эң чоң чакырыктардан болуп калды. Мындай идеяны «Ата Мекен», «Реформа», «Республика», «Чоң казат», «Бир Бол», «Мекен Ынтымагы» жана башка партиялар карманууда.

Партиялардын талапкерлеринин 10 мүнөттүк жеке кайрылуулары өлкөнүн башкы телеканалы КТРКда 7-сентябрдан 11-сентябрга чейин берилди. Бул каналда мындан сырткары ар бир саясий топтун үчтөн кишиси түз эфирге чыгып, өздөрүн тааныштырды.

Азыр жаш талапкерлердин дебаты жүрүүдө. Сентябрдын соңку күндөрү аял талапкерлер жана партиялардын лидерлери сөз жарышка чыгышат.

Шайлоого катышып жаткан партиялар мындан сырткары ЭлТР жана башка телеканалдарда да дебаттарды өткөрүүдө.

Партиянын иши программасына шайкешпи?
please wait

No media source currently available

0:00 0:58:33 0:00

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Пикирлерди көрүңүз (9)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.

XS
SM
MD
LG