Канткенде коррупциянын тамыры үзүлөт?
Кыргызстандыктар өлкөдөгү эң курч маселелердин сап башында дале болсо коррупция турат деп эсептешет. Бул тууралуу Эл аралык Республикалык институт жүргүзгөн иликтөөнүн жыйынтыгында белгилүү болду. Өлкө бийлиги коррупцияга каршы күрөш уланып жатканын айтканы менен Жемкордукка каршы күрөштүн жүрүшүн көзөмөлдөгөн Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Өмүрбек Суваналиев президент “айланасындагы адамдардын туткунунда” калганын айтып чыкты. Эмне себептен өлкөдө коррупцияга каршы күрөштөн жыйынтык чыкпай жатат? Талкууга Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун директору Эмилбек Каптагаев, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Бактыбек Калмаматов, иликтөөчү журналист Болот Темиров, жарандык активисттер Самат Уранкай жана видео байланыш аркылуу Оштон Акылай Каримова катышты.
Чыгарылыштар
-
Март 28, 2024
Матраимовдордун кармалышы, коррупцияга каршы күрөш
-
Февраль 22, 2024
Кызыл-Омпол: Уран казууга убакыт келдиби?
-
Январь 29, 2024
Жапаровдун бийликтеги үч жылы: эмне өзгөрдү?
-
Январь 16, 2024
Журналисттердин кармалышы эркин медиага басымбы?
-
Январь 09, 2024
Абактагы өлүм, жабык жайлардагы коопсуздук