Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:17

Самат Уранкай: "Сынган миллиондун" каармандары өзүн таанып, мага жазды


Самат Уранкай.
Самат Уранкай.

"Сыябан" радио түрмөгүндө саясий сатира, сөз эркиндиги, жарандык турум, миграциядагы турмуш тууралуу калемгер,"Сынган миллиондун" автору Самат Уранкай менен маектешебиз.

- Самат мырза, куш келипсиз. Мен сизди чет жакта жүрсө керек деп ойлогом. Кыргызстанга келгениңизге канча болду?

- Ооба, мен 2008-жылдан бери чет жакта жүрдүм. Келгениме 3-4 ай болду. Өзүңүздөр билгендей, Орусияда мобилизация башталып, кырдаал өзгөргөн учурда бул жакка келдим. Негизги мен үй-бүлөлүк маселелер боюнча келгем. Азырынча Кыргызстандамын.

- Орусиянын Украинадагы согуштук аракеттери мигранттарга катуу эле таасирин тийгизип жаткандай?

- Албетте, таасири тийип жатат, азыр деле кооптуу. Жаңылбасам, беш жүз миң кыргызстандык орус жарандыгын алган деп айтылып жүрөт. “Жарандык алгандарды согуштук аракеттерге тартат экен же биринчи кезекте ошолор тартылып жатат" деген ишим-имиштер көп айтылып жатат. Чын эле урушка тартылгандар бар. Тилекке каршы, курман болуп сөөгү келип жаткандар да жок эмес. Көптөр чыгып кетишти. Мен тааныган кыргызстандыктардан тышкары мени менен чогуу иштеген жергиликтүүлөр Орусияны таштап кетишти. Алардын айрымдары Кыргызстанда жүрөт. Ал эми бөлөк мамлекеттерге чыгып кеткендер да абдан көп.

- Мекенден 2008-жылы кеткен болсоңуз, бир топ жыл өтүп кетиптир...

- Мен Кыргызстандан кеткеним менен жыл сайын бул жакка келип-кетип турдум, тууган-урук менен байланыш үзүлгөн жок. Өлкөдөгү саясий абал, жашоо шарт менен жакшы эле кабардармын. Кайда болбосун турмуш шарт түзүү ар бир адамдын өзүнүн жөндөмүнө, мүмкүнчүлүктөрүнө жараша болот эмеспи. Ишкердик кылса кандай болот, же башка дагы бир багытта иш алып барса кандай болот деп, азырынча байкаштырып жатам.

"Сынган миллион" китебинин иллюстрациясы.
"Сынган миллион" китебинин иллюстрациясы.

- Миграцияда жүргөнүңүздө кыргыз коомчулугу сизди Фейсбук баракчаңызда улам-улам түрмөк болуп жарыяланып турган “Сынган миллион” аттуу сатираңыз аркылуу тааныды. Аны жазганга эмне түрткү болду, же эмнеге таасирлендиңиз?

- Ырас, ага чейин жазган эмесмин, бирок социалдык тармактарда, өзгөчө Фейсбукта кыскача пикирлерди жазып турчумун. Биз кыргыздар өзүбүздү аябай көкөлөтүп, биз улуу элбиз, биз кыраакы элбиз, биз Манастын тукумубуз, биздин ак сакалыбыз ак сакалдай, көк сакалыбыз көк сакалдай өз ордун билет; биз улууну урматтайбыз, кичүүнү ызааттайбыз деп өзүбүзгө тиешелүү баалуулуктарды даңазалап жүрбөйбүзбү. А мен өзүмчө биздин ата-бабаларыбыз өзгөчө бир касиетке ээ болгон болуш керек деп элестетем.

Чыгарманын идеясы эгер алар азыркы биздин турмушту, аткаминерлерди, карапайым элди көрсө кандай сыпаттайт эле, же болбосо азыркы биздин адамдар ошол жашоого барып калып, илгерки журум-турумду кабыл алып калса кандай болот эле деген кыялдан келип чыкты. Кийин ошого салыштырып, ошол заманда Кыргызстанда болуп жаткан окуяны сүрөттөп жазып көрдүм. Аягына чыкпай калды, кийин дагы жаздым. Окурмандар жакшы эле кабыл алышты.

Подкастты бул жерден угуңуз:

- Окуган кишилер ошол сатирадагы прототиптерди реалдуу жашоодон дароо эле таанып жатышты.

- Ооба, болжол менен элүүдөн ашуун каарман тууралуу жазылыптыр. Прототиптер өздөрү гана эмес, бөлөк окурмандар да “мобул адам жөнүндө жазылган турбайбы, мобул кишинин мобул окуясы тууралуу жазылган турбайбы” деп аларды таанышты. Түзмө-түз анын аты-жөнү жазылбаган менен, анын келбети, жорук-жосуну сүрөттөлгөндүктөн таанып жатышты.

- Аны сиз жөн эле эриккенден жазып койгон жоксуз да. Кандайдыр мүдөө, максат болгондур, чыгармаңыз аркылуу коомчулукка эмнени айткыңыз келди?

- Албетте, эриккенден жазылбады. Ошол агаларды шылдыңдап-мазактайын деген да жокмун. Сыртта жүргөндө бөлөк элдин каада-салтын, маданиятын көрүп өзүбүздүкү менен салыштырабыз да. Мисалы, алар атасы, энеси, кызы же баласы болуп чогуу отуруп ичкилик ичишет экен. Алар үчүн бул кадыресе көрүнүш экен. Ал эми бизде андай эмес. Себеби биздин кыргыз деген өзүнчө атыбыз бар, өздүк маданиятыбыз, каада-салтыбыз бар. Бирок ал жакта бир канча жыл жүрүп бул жакка келсең эле улуттук баалуулуктарыбыз жоголуп, алардан айырмабыз калбай баратканын көрөсүң. Анан эмне үчүн биздин айырмабыз калбай баратат, эмне үчүн биздин улуттук баалуулуктар жоголуп баратат деп себебин издей баштайсың.

Мейли, карапайым элдин илим-билими жок болуп ушинтип жаткандыр, тийиштүү таалим-тарбия көргөн эместир. Ал эми илим-билимдүү деген айдыңдар менен мамлекетти, өлкөнү өнүктүрөбүз, өзгөртөбүз деген эл башылардын жүрүм-туруму, адеп-ахлагы, ой жүгүртүүсү эмне үчүн начар болуп жатат деп таң каласың, биз мындай эмес элек деп намыстанасың. Мен калың элге мына ушуну жеткиргим келди.

- Саясий сатира бул жөн эле куйкум сөз менен жазып койгон нерсе эмес, мунун социалдык мааниси да бар. Саясий сатира сөз эркиндигинин кайсы бир формасы деп да айтылат. Сизде кайсы учур же доор болсо дагы актуалдуулугун жоготпогон дагы башка жанрда да чыгарма жазайын деген ой барбы?

- Азыр анча-мынча жазып жатам. Бирок жарыялай элекмин. Сөз эркиндиги үчүн ар ким өз жөндөмүнө, билим деңгээлине жараша күрөшүшү керек. Мен мисалы, бул жаатта мыйзамдарды жаза албайм же көчөгө чыгып митинг өткөрүп, сөз эркиндигин талап кылбайм. Мен сөз эркиндигин өзүмдөгү шык-жөндөмүм, мүмкүнчүлүгүм менен коргойм. Буюрса, сиз айткандай, утурумдук эмес, түбөлүк кала турган, мындан кийин да өз маанисин жоготпогон чыгармаларды жазганга аракет кылам.

- Азыр саясий сатиранын окурманы барбы? Учурда стендап деген жанр пайда болбодубу, ал медиага абдан тез жайылып, кеңири аудитория табууда. Ушундай жагдайда саясий сатираны китептен окуган окурман болду бекен?

- Саясий сатираны мындай кой, бүгүн негизи эле китеп окугандар өтө аз болуп жатпайбы. Биринчи кезекте көбүрөөк кишилер китеп окуганга кызыгыш керек экен, алардын ичинен сатираны түшүнгөн, куйкум сөздү баалап-баамдаган, саясатта эмне болуп жатканынан кабары бар адам болуш керек экен. Ошол себептүү саясий сатиранын окурмандары бизде аз болуп жатат. А жаштар "мобу китепти окуй калсаң эле миллионер болбосоң, эртең мага кел" деген сыяктуу шыктандыруучу китептерди көп окушууда. Ал эми сатираны белгилүү бир чөйрө гана окуп калып жатат. Журналисттердин да, саясатчылардын да саясий сатира окугандары аз.

- Сиздин чыгармаңыздан өзүн таанып, колуңузду кыскандар болдубу?

- Болду. Жазылып жаткан учурда айрым каармандардын прототиптери "андай болгон эмес, мындай болгон эмес" деп, өздөрү байланышка чыкты.

- Тактоо киргизишкен турбайбы?

- Ооба. Эки-үч прототип "сен мобу жерин туура эмес жазып коюпсуң, мен анткен эмесмин" деп өзүн актагандар, же тескерисинче, "сен билбей калган жерлерди мен сага айтып берип турайын" дегендер да болду. Бирок катуу айткандар, коркутуп-үркүткөндөр болгон жок. Баары туура эле кабыл алышты.

"Сынган миллион" китебинин иллюстрациясы.
"Сынган миллион" китебинин иллюстрациясы.

- Биз тарыхтан, тегерек четибиздеги мисалдардан карасак, тоталитардык, авторитардык бийликтер күчтүү жерде комедия, сатиралык чыгармалар пайда болуп, анекдоттор айтылат экен. Себеби эркиндик чектелген жерде кишилер өз көз карашын күлкү, шакаба менен болсо да туюндургусу келет тура. Акыркы учурда Кыргызстанда сөз эркиндиги тууралуу көп сөз болуп жатат. Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалы жана биздин сөз эркиндиги менен ээн ооздукту ажырата албай калгандыгыбыз жөнүндө эмне айта аласыз?

- Менимче, Кыргызстанда мейли адабиятта болсун же искусствонун бөлөк түрүндө болсун, чектөө жок. Ар кимибиз билген намазыбызды окуп жатабыз. Ал эми жалпыга маалымдоо каражаттарына же айрым журналисттер менен блогерлерге кысым болуп жатканын баары көрүп-билип эле турат. Бирок мындай кысымдар буга чейин эле болуп келген, ошондуктан мен буга таң калганым деле жок. Буга чейинкилер да камашкан. Бул жерде сөз эркиндигин чектөө канчалык даражада акыйкат, канчалык даражада адекватуу. Эгер мамлекеттин өзөгүнө, бүтүндүгүнө, жерпайына доо кетире турган маселени көтөрүп жаткандар камалса, бул башка кеп. Менин байкашымча, учурда чектөөнүн өзү чектен чыгып бара жаткандай. "Мыйзам – бул менмин, менин айтканым айткан, дегеним деген" деген жолго кетип жатабыз. Мунун келечеги өтө опурталдуу.

Өткөндө бир жыйында эркиндик эркин ой жүгүртүүдөн башталат, эркин ой жүгүрткөн адам эркин сүйлөйт деп айтышпадыбы. Биз канча киши болсок, оюбуз да ошончолук ар түрдүү. Эми ар кимибиз эле өз оюубузду кыйкырып айта берсек, башаламандыкка алып барат да. Ал эми мамлекеттин бүтүндүгү тууралуу сөз кылган, талап койгон журналисттерди, жарандарды камоо, чектөө – бул албетте, аша чапкандык.

- Кыргыз коомчулугу мындан да бакубат, мындан да аң-сезимдүү болуш үчүн бизге эмне жетпейт?

- Эркиндик дегенди ар кимибиз өз деңгээлибизге жараша түшүнүп жатабыз. Менин да эркиндигим бар, сиздин да эркиндигиңиз бар. Биз бири-бирибиздин эркиндигибизди чектебешибиз керек. А бизде көпчүлүк эркиндик мен үчүн же эле болуш керек дегендей ой жүгүртөт. Эркиндик мен каалагандай болуш керек дегендер да чыгып жатат. Конкреттүү жарандар мамлекеттин бүтүндүгү үчүн өзүнүн түшүнүгүнө, деңгээлине жараша кадамдарды жасап, өз пикирин билдирип жатат, ал эми бийлик, укук коргоо органдары тарабынан алардын укугу, эркиндиги чектелип жатат. Сен антип айта албайсың, анткени мен башкача чечип койгом, мен чечтимби, бүттү, сенин башкача айтканга укугуң жок деген мааниде болуп жатат. Сен түшүнбөйсүң дегендей болуп жатат. Түшүнбөйбү, демек, аргументтер менен эмне үчүн өзүнүн айтканы туура экендигин жакшылап түшүндүрүш, далилдеш керек да.

Айтылып жаткан ой-пикирдин жоопкерчилиги да бар экенин коомчулук түшүнбөй жатат. Эгерде биз бир нерсени каалап, ошону эркин айтсак, анын жоопкерчилиги да бар экенин билбей жатабыз. Башкача айтканда, коомчулук эркиндиктин, сөз эркиндигинин жакшы экенин түшүндү, бирок аны азырынча туура эмес колдонууда.

- "Азаттыкка" берген маегинде белгилүү публицист Эсенбай Нурушев дүйнөдө демократиянын беш жүздөн ашуун аныктамасы бар деп айтып жатпайбы. Ар бир өлкө, коом, улут өзүнө ылайыкташтырып аныктай берет экен да. Балким, сиз да байкап жатсаңыз керек, бизде демократиянын, демократиялык системанын өзү орнобой туруп эле, андан көңүл калган көз караш бар. Ушунун баары сиз экөөбүз сөз кылып жаткан эркиндиктин чегин, жоопкерчилигин билбей жаткандыгыбыздан эмеспи?

- Демократия болбойт экен деген кеп - бул эми кайра хандыкка өтөлү деген эле кеп. Хандыкка өтөлү, бирөөнү төбөгө чыгарып алып, анын эле айтканын аткара берели. Ал укум-тукуму менен бизди башкарсын Ал: "Сен малчы болосуң, сенин балдарың да малчы болот, а сен болсо фермер болосуң, жер иштетесиң", - деп, ар бирибизге конкреттүү тапшырмаларды берсин. Болду, мындайда сенин небере-чөбөрөңө чейин малчы болору аныкталып калат.

Мындан башка боло албайсың, себеби сенин тандооң үчүн демократия жок. Биз көз каранды болуп кайра эле кул заманга баралычы, унчукпай эле жашай береличи, кызыбызды ала качып кетеби, зордуктап кетеби, бийликтин үстөмдүгү болобу, калыстык болбойбу, баарына макул боло береличи дегендик - бул айла кеткендеги эле сөз. Жогорудагы сиз айткан кеп-сөздөр сөз эркиндигин туура эмес пайдаланып жатканыбыздан, анын чегин билбей жаткандыгыбыздан келип чыгып жатат.

- Мен ошон үчүн жана сизден коом мындан да аң-сезимдүү, мындан да бакубат болуш үчүн эмне жетпей жатат деп сурабадымбы?

- Бизге эң биринчи билим жетпей жатат. Билим жетпегендиктен туура эмес тандап жатабыз, туура эмес тандаганыбызга кайра өзүбүз өкүнүп жатабыз.

Ал "биз үчүн неге минтпеди, неге антпеди" деп таарынабыз. Ал эмне үчүн антмек эле, анткени сен анын ошондой экендигин билип туруп тандагансың же шайлагансың да. Ошол себептүү эң биринчи туура тандоо жасаш керек, а туура тандоо үчүн сөзсүз билим болуш керек. Ал эми билим берүүнү бала бакчадан башташ керек, айтылып жүргөндөй, учурдагы билим берүү тутумун өзгөртүп, реформа жүргүзүү зарыл. Албетте, улуттук идеология да түптөлүшү абзел. Ушулардын баары болгондо, коомдун аң-сезими өсөт, жетилет, ошондо гана коом өзгөрүлөт. Конкреттүү киши өзүнө эмне керек экенин, мамлекет үчүн эмне керек экенин аңдап-билип калганда биз эңсеген эркиндиктин анык даамын татып, демократиялык коом орнотобуз.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG