Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:34

Кимбайкенин жалындуу сатирасы


Кимбайке (Т.Карыкеев) тарткан азил сүрөт.
Кимбайке (Т.Карыкеев) тарткан азил сүрөт.

Төлөгөн Карыкеев – сүрөтчү, сатирик, юморчу, жазуучу, айтор, көп өнөрлүү талант. Кыл калем ээлеринен жөн калемди кармап, жумшак юморду, курч сатираны сөз жана чийме аркылуу келиштире берген саналуу таланттардын бири – Төкөбүз ("Кимбайке"). Бекташ Шамшиевдин блогу.

Төлөгөн Карыкеев (адабий ысымы "Кимбайке") – карикатураны келиштире тарткан сүрөтчү. “Асаба” деген эркин гезитте экөөбүз чогуу иштеп жүргөндө, анын бул өнөрүн көрүп калбадымбы. Калам менен чиймелеп койгондорунан өзүнчө бир тамашалуу сүрөт чыгып калат. Тарткан сүрөттөрү көңүлүнө төп келбейби же ичтеги жазуучулук өнөрү шыкактап ийеби, эриккенде курч сатиралык чыгармаларды жазып салат.

Негизи, адабиятта күлкү-тамаша, юмор, сатира жазгандар аз болушат. Кыска нуска саптарга чоң ойду батырып, аны окуган адамдын жарпын жазып, күлкүсүн козголоп ийүү көрүнгөн эле калемгердин колунан келе бербеген кыйын жумуш. Ошондон уламдыр, балдарга арналган чыгармаларды, жайдары юморду жайылта жазгандар аз.

Төлөгөн Карыкеев бул жагынан дагы бир карикатуралык сүрөт тартуунун чебери – Абдысалам Абдырахманов баштап берген жакшы салтты улантып келаткан жазуучу. Жумшак юморго ширелген куйкум саптарга улай көргөн адамдын эсинде калчу сүрөтүн кошо тартып койгон жазуучунун талантына тан бербей койбойсуң.

Кимбайке коомдук турмуштун өтө курч проблемаларды жайдары юмор менен таасын таамай чагылдыруунун устасы. Ошондон анын жазгандарын саясий сатира эмес эле сюжеттүү кызыктуу аңгеме катары окуйсуң. Каймана саптардын, сүрөттөөнүн артында тирүү адамдар турганын, өлкөнү башкарам деп желпингендердин кимиси кандай экенин туюп, жашоо-турмуштун ушунчалык кызыктуу, татаал, карама-каршылыктуу экенин ойлойсуң.

Мына, “Закүндүн кызы” сатиралык аңгемеси. Орустун сентименталдуу аңгеме өнөрүнүн белгилүү жазуучусу Карамзиндин кадимки “Байкуш Лизасындай” жарык дүйнөгө келгени тумшугу жылыбаган бечара кыздын элеси тартыла түшөт.

Акыйкатта да кыргыз өлкөсүнүн ишеним арткан Башмыйзамынын тагдыры аянычтуу эле болуп атпайбы. “Легендарлуу парламент” эчен электен өткөрүп, кыйла талаш-тартыш, талкуу менен кабыл алган Башмыйзам бир жыл толук иштебей, апыл-тапыл ондолбодубу. Бул эми 1994-жылкы окуя.

Ал бечара жарык дүйнөгө келгенине жарым жылга жетпей президент Аскар Акаевге жакпай калып, жалпайта чабылып отурбайбы. 1993-жылкы Конституциянын тарых-таржымалын Кимбайкеден кантип сүрөттөп, кандай баа бергени, дегеле биздин мыйзамга карата мамилебиздин кандайлыгын какшык, тамаша менен гана айтып бербесек, жөн сөз эл башчыларына жетпей калды го.

Ошо шоркелдей мыйзамдын аянычтуу тагдырын Кимбайкеден өткөрүп эч ким келиштирип айтып бере албас.

Аңгемени толугу менен эле окуп көрөлү:

“Менин аты-жөнүм – Конституция. Өзүм 1993-жылы туулгам. Ошондо оң кулагым эми жарыкка чыгып келатканда акушер аялдын: “Бул кызыңардын өмүр жолу татаал болот көрүнөт...” дегенин чала-була угуп калган элем.

Бирок балалык чагым бактылуу өттү. Бирди кийип, бирди чечтим. Эрке-талтаң болуп чоңойдум. Ата-энем Илген Бараламен деген неме болгон деп бир дервиш айтканда ишенбей койгом. Бала болуп башыма жүн чыкканы, мени Аскарпион деген киши багып алдыле да. А киши жер жүзүн кыдыртты. Көп өлкөнүн Мыйзамгүлдөрү менен тааныштым. Ушундайбыз да, эмне жылтырагы болсо, баарын өзүмдүн байпагыма, бусгалтырыма кыйгач кыстарып чогулттум.

Анткени аларга окшош болгум келди. Өзүм Агүйдө жашагандыктан, ал жерде иштегендер мени аябай макташып, чачыман сылашчу эле. Бирок, бир жолу Жазылбаган Мыйзам деген ачуулуу бирөө келип, мени катуу сөктү. “Жайканада жата бербей, карапайым элге чыкпайсыңбы!”, - деди кызыл камчысын үйрүп. Ага удаа айыл-ападан келишип, алыскы ырайондорго чакырып: “Жок дегенде сенин колуңдан бир чөөгүн чай ичип калалы”, - дешти. Баралган жокмун.

Анткени мен айыл жерине жашай албайм. Демим кыстыгып, башым айланып, жыгылып кетчүдөй боло берем. Эмнеге андай экенин билбейм. Мени “төрөгөндөр” витамин жетпеген, каны аз шордуу болгон бейм... Ошонун айынан кийинчерээк удаасы менен эки жолу операция болдум. “Сокур ичегиң бар экен, алып салдык”,- дешти. Эр-эферендум-дум деген догдур кести. “Кебетең серт экен” деп пластикалык операция жасады. Бирок артык кылам деп тыртык кылды. Ошондон мени Аскарпион чанып кетти.

Үстөлү сууйлекте Криманбек деген келип отурду. Мени тизесине отургузуп, “сени эч кимден кем кылбай багып алам, эч чочулаба!”,- деди. Эмнеге чочуламак элем деп ырсалактадым. Көрсө, бекер кылган экем. Кеч күздө ит талагандай кылышты. Тигип койгон боз үйүмдү тебелеп-тепсешти. Чачымды жулмалашып, жаш денемди кармалашып, аз жерден абийиримди төгүп коё жаздашты.

Депутаттар келип, “найабир деген көйнөктү кийесиң” дешти, бутуман бери ченеп, Криманбек келип, “Чеч алдагы самтыракты, мобуну кийесиң!” деп көкүрөгүмдү, белимди, жамбашымды энтигип ченеп, декабир деген энеден туума көйнөктү мага ыргытты. Мага кийгизерин кийгизип коюп, өзү түн жамынып жана китель жамынып качып кетти.

Койлорго баспут чыккан жылдан кийинки жазда мен кайра бөлөк көйнөк кийдим. Текесбайып өзүнүн “Сенат ырлар” деген китебин күнү-түнү жазып бүтүп, менин атымдан жарыкка чыгарды. “Кунаажынга жүз жыйырма уйдан тыйуу” деген урбирке менен дүйнөгө “дүң” эле дей түштү. Атаманбайып деген айылбашчыга алпарышса, “давай, Гавай, жуубасак болбос...” деген имиш.

Эми эмне айтышты да билбейм. Эр-эрферендум-дум деген баягы догдур кийинки кеде түшкө оголе көп кирчү болду. “Кебетеңди түзөйм сенин, албарстыдай өлгөн неңдурайын!...” деп бычагын жалаңдатып курчутат. Коркуп атам, дагы кимиси келип, мага кандай көйнөк кийгизип ийет деп. Ушундан көрө илгериле айылга кетип калсам болмок экен. Балким, багым ошол жактан ачылат беле, аттиң...”

Кимбайке айрым "аткаминерлердин" укукка карата иргеме мамилесин байкаган. 07.3.2011.
Кимбайке айрым "аткаминерлердин" укукка карата иргеме мамилесин байкаган. 07.3.2011.

Байкуш Конституция, байкуш болбосо бийлик алмашкан-алмашпаган учурда деле өзгөрүлүп, ар кими жуурканды өзүнө тартып, өлкө башкара албаган уулдарынын айынан улам-улам жамаачыланбайт эле го. Мамлекет тагдырынын убал-сообу деген болобу акыры?! Мына ушу азыр да бийлик талаш башмыйзамды оңдоп, жаныртуу аракетине жанаша өтүүдө.

Кимбайке сүрөттөгөн “Закүн кызга” дагы канча көйнөк кийгизишер экен?! Мамлекетти бутуна бекем турузуп, аны башкалар катарына теңата коюп, өлкөнүн жашоо-турмушун жакшылап ондой албай, айыпты “Закүн кыздан” көрүп, Эрферендум деген касапчы ашбычагын курчутуп, дагы кескилегени туру. Кимбайкенин “Закүн кызынын” буга чейинки көргөндөрүнөн мындан кийинкилери кызыктуу болгону турат.

Жазуучу коомдун талылуу маселесин так кармап, анын алдыга кыймылына будоо болуп жатканын илдетинин шек-белгисин так аныктай алган. “Закүн кыздын” көйнөгүн улам-улам алмаштыруудан, көйнөк кийгизүүдөн башка эл эсинде калчу иштерди жасай албаган башкаруучулардан тажаган эл бир эмес үч ирет төңкөрүш жасады.

Соңунда алдыга баштайбы, партиялык система, парламентке чоң тизгинди карматкан башкарууну тандаган. А бирок партиялардын мажирөөлүгү, жоопкерчиликтен качып, башкаруу тизгинин башкага берип койгону ушу тапта пикирлештердин, таламдаштардын саясий түзүмү, уюшмасы катаал сынга кабылууда.

Кимбайке ушу тапта милдети менен жоопкерчилигин сезе албаган саясий партиялардын “балалык оорусун” “Итибайдын икаясы” деген тамсилинде ыктуу шылдыңга алган.

Партиялардын иш-аракети атаандаштык шартында алдыга озуп, артынан көпчүлүктү ээрчитет. Эми тамсилде шакабага алынган окуяга көңүл буралы.

Бир күнү эле шалпаң кулактар, мен итмин дегендердин баары чогулушуп, жалаң өзүбүздүн гана топурактан чыккан, тоонун суусун ичип, тоо арасында эркин иттик турмушун жашап жаткандар чогулуп, партия түзмөй болушуп, уюштуруучу жыйынга Балтекти башчы кылып шайлап калышты.

Жаңы партияга Бакең жалаң гана өзүбүздүн иттерди киргизип, алыскы чет жерден келген Оппанавротвейлерден таркаган олигархтарга орун бербейбиз деген чакырыкты катуу таштады. Башкалар байкатпай кирип калса поктаяк менен куугула деди. Алар бизди чака тыйынга сатып кете беришет. Баары өзүбүздөн болсун, партиянын атын “Аксөөк” деп коёлу, “ичи-тышыбыз ак болсун, чайнаганыбыз сөөк болсун деген аруу тилек менен ырымдап койдук” деп отургандардын кулагын сүйүнтүп, ичин ысытты.

Жакшы сөз адатта короо четиндеги көңдүн жанынан чыкпай, бөрү келсе куйругун кыпчып калчу короочуну деле жибитет. Баары партия жакшынакай атты алганына сүйүнүп, аталышын бирооздон колдошту.

Кошуна чөлкөмдөгү Барбосс деген жеркуруткурлар да партия түзүшүп, атын “Итаяк” коюшуптур. Дардаңпос немелер окшойт мойнундагы алтын каргысын, алтын жалатылган чынжырын, калай табагын, ар кандай жолдор менен алган орден, медалдарын аукционго коюшуп, тимеле кычырап жер баспай калышыптыр дейт.

Урааны "Ит жатыш, мырза туруш!”, арааны “Карысак да бир койлук аппетит бар!” деп, керектүү дакүмүттөрүн даярдап, каттоодон өтүп коюшкан окшойт.

Балтек мунун баарын айтып, “Ак сөөк” партиясынын урааны кандай болот, араанын эмне деп атайбыз, сунушуңарды айткыла деди.

Бирөөлөр “Эти меники, сөөгү сеники!” десе экинчиси “Ит итти жумшайт, ит куйругун жумшайт!” деди. Бул сунуш да жакпады.

Колун көтөрүп чебелектеп тура калган бирөө “Жакшы ит өлүгүн көрсөтпөйт!”, артындагысы “Ит күлүгүн түлкү сүйбөйт!” деп кыйкырып, талкуу жакшы эле жүрүп жаткан.

Анан кайдан келгени белгисиз бирөө “Карышкыр көргөн иттин аягы кургабайт!” дей салбаспы. Балтек баатыр жыйынды бузууга келген чагымчыны тезинен табууга, ушул жерден аны бура бастырбай жазалоого буйрук берди. Ак сөөктөрдүн арасына келип алган тыңчыны тапкыла, эшикти жапкыла, кармагыла, деп кыйкырды. Кызыктын баары ошондон кийин башталды.

“Ошо менен баары дүрбөп калышты. Аңгыча жарык жалп өчүп, жыйынзалдын ичи аркырак менен ыркыракка толуп кетти. Бири-бирине тиш салып, жик салып, бул жолку партжыйындын пачагы ушинтип чыгып кетти. Ошо бойдон урааны табылбай, уяты жабылбай, иттер өз ара бөлүнүп, майдаланды.

Ал арада мышыктар да жөн жатпай. “Мыяу-барс” деген партия түзө салышты. Төрагасы Таргыл болду.

Муну укканда оппозицияда жүргөн Шокшолой баатыр элди чогултуп, пикетке чыгам деп чамынды. Ар бириңе бекер сарымай, үй ээсинен жайлуу орун, жыпжылуу эт жыттанган чычкандын ийнинен бирден бөлдүрөм деп чогулгандарга кесме илип, убаданы калың берди.

Ошо менен мышыктар сапка тизилип, пикетке жөнөп калышты. Кара басып, пикет аягына жуп жетерде иттердин тополоңуна туш болушту.

Жыйындан жыдып келаткан немелер пикетчилерди жүн тыткандай кылып кууп таратышты. Ал эми агүйдүн жертөлөсүндө жеңкетай тойчук берип аткан келемиштер иттер менен мышыктар баягысын дагы баштаптыр деп күбүрөшүп-шыбырашып, кылак-кылак кыбырашып, келерки шайлоого шашыла даярдык көрүп жатышты”.

Саясатчынын өз эрки, кайдан каалга жасаса... Кимбайке. 02.04.2011.
Саясатчынын өз эрки, кайдан каалга жасаса... Кимбайке. 02.04.2011.

Ит-мышыктын аягы түгөнбөс оюндун кызыгына кирип алышканы чычкандар менен келемиштерге эле жакшы болду. Баскан-турганынан тыйын жасоонун кыныгын алган ал эргулдар “мышыкка комедия, чычканга трагедия” деген узун сериал тартышып, келемиштердин кеменгерлери кемирүүчүлөр идеологиясын иштеп чыгууга киришти.

Утуш ушулардыкы болду...

Калемдеши Аскер Сакыбаева Кимбайке 60ка чыга элегинде көчөдөн кармап алып, аны менен сүрөткө түшкөн кез. "Фейсбук". 23.10.2019.

Көп кырлуу талант ээси Төлөгөн Карыкеевдин – айтылуу Кимбайкенин сатирасы Кыргызстандагы коомдук турмуштун маанилүү окуяларын окуган адамдын эсинен кыйлага чыккыс кылып, элестүү сүрөттөп бергендиги жана күлүп жатып ойлонууга чакыргандыгы менен баалуу.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG