Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:53

Паракордукка каршы күрөштө пара алган сот


Айланайын, “сол жакка” да кайрымдуу боло көр! 23.07.2011.
Айланайын, “сол жакка” да кайрымдуу боло көр! 23.07.2011.

“Күлкү кербен” түрмөгүнүн кезектеги чыгарылышы паракорлук тууралуу дүйнө жүзүндөгү ар кыл элдер айткан азилдерден турат.

* * *

Ордуна ыңгайлашып жайгашкан соң, сот маңдайындагы жаатташкан эки тараптын адвокаттарына тигиле карады:

- Экөөңүз тең бири-бириңиздин сырларыңыздарды угуп коюңуздар: ар бириңиз мага пара жеткирип бердиңиздер, чынбы?

Беркилер күнөөлүү боло жер карап калышты.

- Маселен, Леон мырза, сиз мага $15,000 акча бергениңизди тана албайсыз. А сизчи, Кампос мырза, мага $10,000 акча бергениңизди моюнга алуудан кача албайсыз, туурабы?

Тигилер ого бетер шылкыйды.

— Эми мени угуңуздар!.. Мына, Леон мырза, сизге $5,000 акчаны бул атаандашыңыздын көзүнчө чек түрүндө кайтарып жатам. Эми сот жүрүмүнө келсек, ал эки жактын тең кысымына эч кабылбастан, акыйкат жүргүзүлөт!

* * *

- “Урматтуу президент! Сизден тез арада маянабызды көтөрүүнү өтүнүп кат жазып кайрылууга аргасыз болуп жатам!..” – деп күйөөсү үнүн чыгара кат жаза баштады.

- Минтип өтүнүч кылуунун себеби эмнеде? – анын катынын сомоло текстин ийнинен артылып туруп окуган аялы сурап калды.

- Жашоо кыйын болуп калды... Биз төлөп жаткан паранын төмөнкү тепкичи айлыгыбыздан да жогорулап кетти!..

* * *

- Сен эмнеге камалдың? – деп АКШдагы түрмөгө жаңы жеткирилгендерден камактагылар кызыгып сурап калышты.

- Акылсыз абитуриенттин айынан.

- Айтсаң, айтсаң, эмне болуп кетти эле?

- Мен университетте дене тарбия мугалимимин. Университеттин кадыр-баркын көтөрүш үчүн кээде мыкты спортчуларды окууга жеңил шартта ала беребиз. Анан бир миллионердин кеңкелес баласын “аэробика боюнча чемпион” деп каттап окууга өткөртүп салып жатпаймынбы!

- Анан?

- Анан тигил кеңкелес өз курсташтарына “аэробика – бул аба майданында батперектерди бийик учуруу жарышы” деп мактанып салыптыр...

* * *

- Казакстанда коррупцияга каршы мыйзамдын эмне кереги бар? Мына, Баланча дегенибиз оромпой тээп эле ойноп жүрөт ко, ойношун ырчылардын эл аралык сынагында алдыга түртүп коюп...

- Карагым, ал – биздин жемкор. Бул мыйзам – бизди укпай койгон жемкорлорго каршы!..

* * *

- Кремлден келген “чоңду” узатаарын го жакшы узаттык, бирок аларды ойнотобуз, эс алдырабыз деп жатып, облустун капчыгы эңшерилди го?

- Анткен жок. Жарабаган сөздү айтпачы, эл укпасын!.. Бардыгын жеке өзүм төлөдүм.

- Эми акчаңызды кантип өндүрөсүз?

- Башкысы – кызматымда калдым. Эми облустун капчыгынан өзүмө сыйлык жаздырып алып, жеке чыгымымды толтурам.

* * * * *

Стивен деген жаңы мугалим келгенде, жогорку класстагы бир тентек окуучу аны сынамакчы болду.

Бир ирет Стивен бардыгына тест толтурууга бош кагаздарды таркатып чыкты.

Кийин ал жазылгандарды текшерип карап отурса, баягы тентек окуучу $100 акча кагазын кыстарып, анын астына “ар бир чекитке бирден доллар” деген тилкатты да кошуп коюптур.

Эртеси Стивен бардыгына текшерилген сынак кагаздарды кайтарды. Баягы тентек окуучу болсо өзү берген сынак кагаздан башка $67 акчаны жана “колдонулган чекиттердин саны азыраак экен” деген жооп катты тапты. (TT)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG