Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:02

Зеленский КМШны да күлкүгө бөлөйт


Львов шаарындагы кафеде кардарларга Владимир Зеленскийдин сүрөтү бар көк чай сунушталууда. Украина. 16.5.2019.
Львов шаарындагы кафеде кардарларга Владимир Зеленскийдин сүрөтү бар көк чай сунушталууда. Украина. 16.5.2019.

Украинанын жаңы президенти Владимир Зеленский 20-майда мамлекет башчы катары ант берди. Ага удаа коңшу өлкөлөрдө саясий азилдер пайда болду “Күлкү кербендин” кезектеги чыгарылышы.

* * * ** * *

— Эгерде украин саясаты циркке тете болсо, анда аны кесипкөй клоун башкара бергени дурус.

— Андай болсо, Орусияны хоккей талаасы деп эсептесек деле болот. Быйыл сегиз шайбаны тоскоолсуз киргизген бомбардир бул “талааны” үзгүлтүксүз башкара берсин!..

— Түркмөнстан болсо рэп угуу залы болуп калган...

* * * ** * *

2024-жылдын март айы. Орусия Федерациясынын жаңы президенти Михаил Галустянды шайлоодо ишенимдүү жеңип чыкканы үчүн алгачкылардан болуп куттуктагандардын арасында АКШнын президенти Жим Керри, Украинанын президенти Владимир Зеленский жана Кыргызстандын жаңы президенти Тынар Курбаналиев болду...

* * * ** * *

— Деги Зеленский шайлоодогу атаандаштары Порошенко менен Тимошенкого салыштырмалуу эмнеси менен акылдуураак көрүндү?

— Ал шайлоо өнөктүгүндө беркилердей эле өзү үчүн үгүт жүргүздү. Бирок калайыкка акча чачкан тигилерден айырмаланып, шайлоо үгүтү маалында “концертиме келдиңер” деп элден акча төлөтүп алды.

* * * ** * *

— КМШ менен Бажы Биримдигинде чукул арада куудулдардын ишмердигине тыюу салынышы күтүлүп жатат.

— Эмнеге?

— Опе-ей! Украинада бүгүн куудул президенттикке ант бергенин уга элексиңби?

* * * ** * *

Мен келечекте Орусияда президенттикке талапкер катары катышууну эмитеден чечтим. Биринчи кадамым ушул болду – тегатымды шашылыш “Ким” деп өзгөрттүм. Экинчиден, “Путинден өткөн ким бар?” деген миллиондогон үгүт ураанын “Путинден өткөн Ким бар!” деп оңдоп чыктым.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG