Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:26

Шайлоо азилдеринен: Мен дагы күйөөмдү шайлагым келет


“Күлкү кербени” Батыштагы шайлоо тууралуу айрым такмазаларды сунуштайт.

* * * * * * *

Небереси келип, чоң атасынан сурады:

— “Чоң ата, эмнеге бардык эле жомоктор “Илгери-илгери бир айкөл падыша болуптур...” деп башталат?

— Ооба, илгерки жомоктор ошентип башталчу. Азыркысы минтип башталат: “Урматтуу шайлоочулар! Эгерде мен президентиңер болуп шайланып калчу болсом...”

* * * * * * *

Шайлоо алдында талапкердин пиарчылары түзгөн мүнөздөмөнү анын аялы үн чыгарып окуй кетти:

— “...Үй-бүлөсүнө карамдуу. Жубайынын сөзүнө да маани берет. Кайненесин өзгөчө урматтайт. Спорт менен өзгөчө жакын. Спирттүү ичимдиктерди анчейин жактыра бербейт. Чылымды аргасыздан гана чегет...”

Билесиңби, бул саптарды окуп жатып мен дагы сага добуш бергим келип кетти!..

* * * * * * *

(TT)

XS
SM
MD
LG