Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:14

Кексенин түйшүктүү күнү (Сатиралык аңгеме)


Шайлоо күнү шапар тепкендер деле чыгаар, бирок бул киши үчүн ал күнү түйшүктүн туйшүгү жаралды.


- Алло, саламатсызбы! Бул – талапкер Төлөнчөев бекен? А-а, жакшы, өзүңүзгө түз чыкканым дурус болду. Мен – Дүжүрбай деген агаңыз болом. Азыр эле Сиз үчүн добуш берип келдим.

Атымды эстеп калыңыз, Таштак айылынан Дүжүрбай. Ийгилик болсун, жакшы калыңыз!

Уюкфонду кармап, саал ойлоно калып, дептерчесинен дагы бир номурду терди. Бул номурду табуу үчүн аке-жакелеп, канчалаган кишини ортого салып жүрдү эле.

Ка-ап, эми Түкүнчөев телефонун албай жатканын карачы! Мейли, кийинкисин байкап көрсө болот.

-Алло! Бул – талапкер Баланчаевби? Айла-найын, бул мен – Дүжүрбай акең болом, тээ Таштак деген кыштактан. Убактыңды албайын, айтайын дегеним эле – азыр эле Сиз үчүн добуш таштадым. Өркөнүңүз өссүн!
Ооба, жалпы элге бакыбаттык тилейли. Жакшы тур. Бул – Дүжүрбай акең, унутпа!

Ө-өх, жок дегенде экөөнө чыкты.

Эми саат баскыр Түкүнчөевди кайра байкап көрүү керек. Тим эле бааланган жигит экен, уюкфонун шак эле ала койбойбу! Дагы албай койду, шайтан.

Эшек дептерчесин барактап, Тикенче уулунун номурун таап алды.

-Саламатсызбы! Урматтуу Тикенче уулу, бул сизби? Жакшы турасызбы? Ден соолуктар?..

Бул мен, Дүжүрбай абаң болом. Менин кайнатам силерге чо-оң-чоң таякелерден болуп кетет. Чалып атканым, азыр эле Сиз үчүн бүт добуш берип келдик. Кайнатам добуш бере алган жок, а кишини Горбачүп заманында эле түбөлүк жайына тапшырганбыз.

Ооба, калганыбыз бүт сага добуш бердик, өзүм көзөмөлдөдүм. Эки жолу кирели десек, алиги бармакка түшүргөн сыя өчпөй койбодубу!

Эми жалпы жакшылык болсун. Эстей жүр, Дүжүрбай абаңды, айла-анып кетейин!

Ошентип, президенттикке талапкерлердин дагы бири жайгарылды. Ролго кызуу берилип алып, оо бир оокумга чейин сүйлөшкөнүн карачы!

-Алло, ай, кызым, бу мен – чоң атаң эле. Мага, уюкфонго тезирээк акча салып койчу, өтө шашылыш сүйлөшүүлөр жүрүп атат. Кабелтең эле акча сал, секет кетейин!

Эми берки талапкер кызга да чалып койсомбу? Же ага эл анча деле добуш беришпейби?

Мейли, шагы сынбасын, чалып койолу!

- Айланайын кызым, мен, Дүжүрбай агаң эле, чалып аткан. Сага азыр эле добуш берип келдим. Кыргыз айымдары качанкыга чейин көлөкөдө жүрө беришет! Эми шайланып кетсең экен, айла-анайын!

Апе-ей, ботом, Түкүнчөевдин шайлоо тобунун башчысымын дейби бу кыз? Номурду чаташтырып алган экемин го, шайтан алгырдыкы! Ушул Түкүнчөев шайланып калса бүт баары Дүжүр акең үчүн ойрон болду дей бер эми. Тү-ү, жылас баскырдыкы!..
XS
SM
MD
LG