Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:03

Азил тараза: Калыс сотко калпыс каяша


Мыйзамдын “жакшысы” – кулпулангандагысыбы? TKy. 25.2.2011.
Мыйзамдын “жакшысы” – кулпулангандагысыбы? TKy. 25.2.2011.

Сот адилеттиги тууралуу дүйнөлүк азилдерден жаңы бир шиңгил.

* * * * * * *

‑ Урматтуу жаран Баланчаев! Эми Сиз сот алдында нагыз чындыктан башка эч сөз айтпайм деп шерт кармаңыз да, анан сүйлөй бериңиз!

‑ Менин укуктарымды ушинтип чектеп койдуңуздар, эми кайсыны сүйлөйм?

* * * * * * *

Батыштын бир өлкөсүндө сот отурумунан кийин айыпталуучу адвокатына ыраазы боло жалыныптыр:

‑ Айланайын, адвокат мырза! Сиз менин айтканымдай чечип бердиңиз! Мени өзүм ойлогондой эң төмөнкү мөөнөткө абакка кесип жатышат!

‑ О, мырза! Сиздин өтүнүчтү аткаруу мен үчүн оңой-олтоң болбоду. Аз жерден соттор сизди биротоло актап сала жаздашпадыбы!

* * * * * * *

‑ Ата, эки дүйнөдө тең бактылуу болгондорду билесизби?

‑ Билем, чырагым.

‑ Ал – ким?

‑ Биздин кошуна. Ал сот болуп иштейт. Мурдагы режимдин каршылаштарын айоосуз соттогон, азыркы режимде да бийликтин каршылаштарын өлө соттоп жатат.

* * * * * * *

‑ Акыркы сөзүм ушул: жыгач балка менен чаба берип ондогон кишилерди өлтүрүп, тагдырын бузуп, канчасын мүлкүнөн ажыраттыңыз, деги өзүңүздү актай турган жүйөө табылаар бекен?

‑ Жөнсүз ыржактабаңыз, айыпталуучу! Сотко обу жок тийише берсеңиз жооп берип каласыз.

* * * * * * *

‑ Неге Фемиданын көзү таңылуу?

‑ Ал байкуш пара алганда көзү менен тиктеше каламбы деп тартынат.

* * * * * * *

Укукчу студент диалектикалык материализмден сынак тапшырып жатат. Окутуучу:

‑ Кана, карама-каршылыктардын биримдиги жана күрөшү жөнүндө бир мисал келтириңизчи?

‑ Эгерде прокурор өзү жемкордон пара алса, ошондой болот.

* * * * * * *

Акыркы сот отурумунан мурунку күнү айыпталып жаткан киши адвокатына кайрылат:

‑ Соттун төрагасына француз конягынан белек кылсам болобу?

‑ Жо-ок, кокуй! Бардыгын бүлдүрөсүз! Сот өтө принциптүү неме.

Эртеси сот отуруму айыпталуучуну толук актоо менен аяктады.

‑ Көрдүңүзбү, коняксыз эле чечип алдык, - деди өзүнө маашырланган адвокат.

‑ Бирок мен сотко коняк бердирип ийгем!

‑ А-а?!.

‑ Мен бир жасалма армян конягын таптым да, доочунун визит кагазын кагаз кутучага кошо тиркеп, соттун дарегине жөнөтүп ийгем.

* * * * * * *

‑ Өзүңүз жакшынакай эле киши көрүнөсүз? Коңшуңуздун чоорун уурдап алганыңыз чын экенин мойнуңузга да алдыңыз. Сиз чоордо ойногонду жакшы көрөсүзбү?

‑ Жок, аны каягынан кармап үйлөштү деле билбейм, урматтуу сот.

‑ Анан эмнеге уурдадыңыз?

‑ Коңшум да ойногонду эч билбейт, бирок керээли кечке кулак кужурун алып үйлөй берет, үйлөй берет.

* * * * * * *

TT.

XS
SM
MD
LG