Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:16

“Аруу кандуунун” ДНКсы эмне дейт, ботом?


Бул азил сүрөттө “Генетикалык лаборатория” жана “(ДНКны) басып чыгаруу” деген сөздөр жазылган.
Бул азил сүрөттө “Генетикалык лаборатория” жана “(ДНКны) басып чыгаруу” деген сөздөр жазылган.

“Таза кандуу кыргыздардын” ДНКсына байланыштуу "сенсациялык" маалымат менен таанышып, эстен танып кала жаздаган калемгер дароо эле “Күлкү кербен” түрмөгүнө ушул такмазасын жолдоду.

Жакында “Кыргыздын таптаза чоролору” фондунун көмөгү менен өлкөбүзгө жап-жаңы илимий-генеалогиялык лаборатория курулду.

Анын эң мыкты жабдуусу – бул жер жүзүндө жок кубаттуу компүтер (эсепкер машине). Ал жабдуу бир секундда триллион кубитти (маалымат бирдигин) эсептей алчу супер квант эсепкери катары дүйнөлүк сенсациялык жаңылык болуп калды. Айланайын, ушундай ойлоп тапкыч атуулдарыбыз бар – ырысыбыз бар!

Баарынан кызыгы – мына бул жакта! Ушул ааламда жок эсепкердин жардамы менен алатоолук генетик окумуштуулар кыргыздын чыгаан өкүлдөрүнүн биринен сала экинчисинин ДНКсын текшере башташты.

Кандай гана керемет! Көрсө, кээде буркан-шаркан түшүп ары-бери чуркаган, кээде (өзгөчө, сеп этип алгандын эртеси) чала оңдолгон “Беларус” трактыры кебетеленип оолжуп калган каныбызда далай маалымат камтылып жаткан тура! Денебиздин көзгө илинбеген бүртүкчөлөрү тим эле он миңдеген жылдарды саймедирлеп айтчу санжырачынын санжырачысы турбайбы!

Олуттуу маалымат каражаты биринчилерден болуп бул кабарды чагылдыруу үчүн өзүнүн генетика жөнүндө түшүнүгү бар дилгир кабарчысын (ушул саптардын ээсин) ошол илимий лабораторияга аттандырды.

Чоң саясат менен иши жок жаныбыз илимий лабораториянын жаңы генетикалык тастыктамаларын алып, тим эле чалкабыздан кете жаздап барып оңолдук. Анан редакциялык жамаатка келип, Саха жергесиндеги кыш чилденикинен да суук кабарды угуздук.

Көрсө, лаборатория “улутубуздун аруу бөлүгүн аныктап алалык!” деп “таптаза кыргыздардын” туусун көтөргөн “эл каймактары” осол жагдайга кириптер болчудай жыйынтык чыгарыптыр.

Эми, мынча болду, сиздерге четинен шыбырап койолук. “Теги бузуктар каптап кетти!” деп кыйкырган башкы шаманыбыз Астан Сарыбаевдин өзү кыргыздарга IX кылымда багынган кызыл жардык кыштымдардан болуп чыккан экен!

Өзүнө “Улут ар-намысы” деп ат коюп алган азаматыбыз болсо VI кылымда түрк каганынан бир кыргыз айымды күң катары белекке алган византиялык элчинин урпагы, б.а. алыскы урумдук жээндерден экен. Гапло-топ деген түркүмгө салып көрсөк, Байбарс Курал деген азаматыбыз көчмөн өзбектердин Аштарханийлер мамлекетиндеги негизги уруусунан бөлүнүп келип, бара-бара кыргыздашып кеткен чакан топтун урпактарынан экен.

Ал эми “Улуу Желек” партиясынын өкүлү катары барып, кожоюну чет жердик бир дүкөндүн тунуке көрнөгүн котолоп карап калгандардын көз алдында айрып ыргытып, сатуучуларын опузалап аты чыккан дагы бир “таза кандуу” эргулубуз тээ б.з.ч. I кылымда кыргыздашып кеткен ханзу генералы Ли Линдин урпагы болуп чыкты.

“Кыргыздар алмустактан бери, ал түгүл Мукамбет пайгамбар төрөлө электе эле мусулман болушкан” деп жар салып жүргөн дааватчы Серек ажы болсо VIII–IX кылымдарда Чүйдө бутпарас ыбаадатканасын курган индиялык буддачылардын генин салтанаттуу сактап алып жүргөнү ашкереленди.

Ал эми өзүн таптаза эсептеп, өлкөдөгү өзү жактырбаган мамлекеттик ишмерлерди “сарт” деген сынчыбыздын жыйырма төртүнчү атасы болсо Бабур доорунда Кашмирден журт которуп көчүп келген лөлү болуп чыкты.

“Калмактын жүз тыңчысынын жашырын тизмесин” тактадым деген дагы бир мыкчегерибиз айтылуу жуңгар ханы Галдан-Бошоктунун тыргоот нойондорунун биринин ДНКсын алып жүрүптүр.

Берки “нагыз кыргыз акынымын” деп мактанган Сонунбек Жарык деген акыныбыз болсо XII кылымда кара таандай каптаган аскери менен келген жана Баласагын шаарынын атын алмаштырып салган Жолой Дашинин кыйыр урпагы болуп чыкты.

Эми кара басты го!

“Таптаза кыргыздарбыз” дегендердин кейпи бул... Манас атабыз Букар канынын кызына үйлөнсө, Семетей атабыз ооган канынын кызын алса, демек, алардан башкалары деле жөн карап жатпаптыр го...

Айтмакчы... Тиги “Улак Тартыш” тасмасына тартылган славян тектүү жигиттин ДНКсында XI кылымда Эдилге жеткен кыргыз менен кыпчактын топторунун гендери шыкалып алыптыр, тобо!

Кызык, замандаштарыбыздын кээлери өздөрүнөн “байыркы улутунун нагыз бөлүгүнүн гана таптаза генин тапкысы” келсе, башкалары бөлөк элдин тарыхый инсандарынын генине көзү түшүп, энчилегиси келип жатыптыр.

Төгөрөктүн төрт бурчунан кеп кылбастан, өз чөлкөмүбүздүн мисалдарына эле кайрылалык.

Казак боорлорубуздун бир окумуштуу генетиги “айтылуу Чыңгыз хандын гени казакта гана сакталды! Муну мен ДНК аркылуу далилдеп салдым гой!” деп бир нече жыл илгери жарыя кылды. Интернеттеги коомдук тармактар бул кабарды тим эле басып жатып калышты!

Анда анын башка бир “таза кандуу” сынчысы чыдабай кетип:

“Эмдигиче Чыңгыз хандын сөөгү табыла элек, анда деги кимдин сөөгүнүн ДНКсына негизденип жыйынтык чыгарып жатасыңар? Арийне, ошол силер ДНКсын алган байыркы сөөк Энесай кыргыз каганы Барсбек каганга таандык болуп калчу болсо, анда санжырачы атабыз Кудайберди Шаакерим уулунун “казактар да теги боюнча кыргыздан чыккан” деген жоромолу чын чыгып калып жүрбөсүн, деги абайлагылачы?” – деп каяша кылыптыр.

Путиндин “силердин мамлекетиңер постсоветтик доордо эле Нураке тарабынан түптөлдү” деген сөзүнө териккенби, жакында башка бир казак ойчулу: “Билесиңерби, “алма” сөзү – казакча гана термин, анын мааниси “Алба!” деген буйрук этишти билдирет. Демек, бейиштен куулган Адам Атанын өзү– теги жагынан нагыз казак болгон гой!” – деп ай-ааламга эрмек болуп жазып чыкты.

“Бейиштеги бактын алмасын жебей эле койолучу. Жараткан Эгем өзү “жебегилечи” деп суранып жатпайбы!” деп безилдеген сүйүктүү эринин “Алма! Алма!” (“Жаным, бул кызыл мөмөнү албачы!”) деген буйругун укпай, эч тилин албай койгон Обо эненин да этностук тегин териштирип көрүш керек болуп турат, себеби илгери казактын аялдары күйөөсүнүн сөзүнөн оңой менен чыга берчү эмес эле. Эр көкүрөкмүн деген эркек таналарды жара сайган Жаңыл Мырза, Кыз Сайкал баатырлар, жөжүрөгөн жүдөө чыккан биринчи күйөөсүн чанган каарман даткайым энебиз баштаган Ала-Тоодогу күжүрмөн айымдар эрксизден эске түшпөй койбойт экен...

Кой, айланайын, муну андан ары узартпайлык. Болбосо “Обо Эне ушулардын улутунан экен го” деп айың кеп таркап кетип, биздин илгерки апаларга феминисттер сыйына баштабасын!..

Өткөн кылымда таркаган бир айың кеп бар эле. Гитлердин бийликтеги саясатына шерденген фашист археологдор байыркы арийдин аппак сөөгүн табышыптыр, бирок бул сөөктү Европадагы башка көз карандысыз аалымдар иликтеп көрсө, анысы көөнө доордогу чочкого таандык болуп чыгыптыр...

Буйлаланган төөнүн сыңарындай болгон кайран гана фолк-хистори “илими”... Каякка тизгинди бурса да, бу жарыктык тизгин ээсине моюн сунуп, момойгон боюнча ошоякка кетип атпайбы...

Эми, башкасын айтпаганда да, “таптаза кыргызмын” деп өздөрүн санаган “эркечтерибизди” алардын өз ДНКсы уятка калтырып, түбүнөн эле аргындын аргыны, метистин метиси экенин айгинелеп-ашкерелеп жатканын карабайсызбы!

“Тынч отурсаңчы, болбосо чоң атабыз сени өзү жазып жаткан үй-бүлөлүк санжырадан чийип салат!” Жефф Киин тарткан азил сүрөт.
“Тынч отурсаңчы, болбосо чоң атабыз сени өзү жазып жаткан үй-бүлөлүк санжырадан чийип салат!” Жефф Киин тарткан азил сүрөт.

“Аруубуз” деген “эл жакшыларын” бозорто турган бул “бомба” маалыматты илимий журналга бергенден чочулап, азырынча юмордук рубрика аркылуу жарыялап, калайыкты ыңгайсыз кабарга алдын ала даярдап коюуну эп көрдүк.

Албетте, иликтөөдө жагымдуу кабар да чыкпай койгон жок. Эч кимде жексур Гитлердин ДНКсы делген нерсенин изи табылган жок. Буга да шүгүр! (Баса, “Гитлердики” делген өрттөлгөн сөөк чын эле ошонуку бекен, кабардарлар барбы?)

Ал эми нацисттердин “көсөмүнүн” өз доорундагы “мамлекетти улуттун таза кандуу өкүлдөрү гана башкарсын” деген өкүмзор ураанынын эпкини коом турмушунда илгерки чаңда калган чечек тумоосундай эле биротоло өтүп кетээр...

P.S.

Алиги “таптаза” кыргыздардын бет пардасын сыйырган лабораториянын дарегин төмөнкү интернет барагынан табасыз: (w тамгасын үч ирет жазган соң – чекит) külkü-kerbeni (чекит) krg. Уюкфон:0987654321.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG