Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:33

Диний ишеним жана күлкү: Мектепти тирүү кезимде эле бүткүм келет!


“Күлкү кербендин” кезектеги чыгарылышы диний ишенимге байланыштуу дүйнөлүк азилдерге арналды.

* * ** * * *

Мектепти аман-эсен бүтүрсөк...

Чыгыш Европада “ортодокс тарса маданиятынын негиздери” сабагы өтүп жаткан кез.

— Балдар, ар дайым эсиңерден чыгарбагыла! Кимде-ким сабагын жалаң “төрт” жана “беш” алып окуса, сөзсүз бейишке чыгат. Ал эми “эки” же “үч” алгандар — тозокко түшөт! — деп мугалим эжеке сырдуу жылмайды.

Эң артта отурган тентек бала кол көтөрдү.

— Кана, эмне сурооң бар?

— Эжеке! Бир эле суроо: деги мектепти тирүү кезибизде аяктаганга бизге мүмкүн болот бекен?

* * ** * * *

Муса орток пайгамбар

Сирия же Ирактабы, айтор, өздөрүн исламчы деген жоочулар автоунаада келе жаткан тарса (христиан) жубайларды автомат кезеп токтотушат.

Жоочу: Сен мусулмансыңбы?

Тарса (күйөөсү): Албетте!

Жоочу: Анда Курандын сүрөөлөрүнөн бир уламышты айтып берчи.

Тарса (күйөөсү): Жарайт. Муса (Моисей) фараондун колунда тарбияланып жүргөн чакта, өз мекендешин кодулаган бир египеттикти өлтүрүп койот экен. Анан ага фараондун аябай ачуусу келиптир. Анан Муса качып кетиптир. Кийин Алла-тааланын көмөгүнө таянып, Муса фараондун алдында жандана түшкөн сыйкырлуу таягы менен тири-укмуш сыйкырларды көрсөтөт. Муну да айтайынбы?

Жоочу: Болуптур, билет экенсиң. Жолуңар шыдыр болсун!

Ошентип, тарса эрди-катындын автоунаасы жоочулардын тозотунан узап кетти.

Аялы: Ушунчалык да тобокелчиликке барасыңбы? Жүрөгүм да түшүп калды! Бул жомок Библияда деле бар экенин билип коюшса эмне болмок?..

Күйөөсү: Жаным, эгерде бул пенде Куранды чындап билсе, анда эч качан киши өлтүргүч жоочу болмок эмес!

* * ** * * *

Мурдагы МАИчи чиркөөдө

— Кызматтан кетирилген миң МАИчи каякка орношот эми?

— Бери дегенде чиркөөгө кызматка орношот да.

— Чын эле. МАИнин таягынын ордуна кадиланы ары-бери кыймылдатып калышат экен да! Таяк кармоого үйрөтүп отурбайсың.

— Анын үстүнө мурдагы көнүмүш жаңы түрдө улантылып жатпайбы: бирдей кийим, кайыр чогултуу, тикесинен турган бойдон кызмат өтөө...

* * ** * * *

Кудайдын назары

Бир жакыр жөөт синагогада үнүн катуу чыгарып жалбарып кириптир:

— О-о Кудай! Мага жок дегенде он шиллинг акча бере көр, бала-чакама нан алганга! Он эле шиллинг!..

Жанында турган бай жөөт чөнтөгүнөн акча алып, беркиге сунуптур:

— Айланайын, мына бул он шиллинг акчаны алып, унчукпай турчу! Кудайдын көңүлүн менден алагды кылып жатасың!

* * ** * * *

Шамдын баасы

Шабес (шаббат, б.а. ишемби) таңы. Раввинге тыйуу салынган иш-аракеттин бири – өз алдынча от жагуу. Көзгө сайра көрүнгүс караңгыда Тооратты окуй албайсың.

Бир убакта раввин көчөдө бир орус мужук кетип баратканын туя калып, ага кыйкырат:

— Эй, Иван! Жүз грамм арак ичет белең? Бирок үй ичи караңгы, бөтөлкөнү кантип табаар экем, сага?

Бекер ичкилик дегенде алтүндөн бери каңгырап турган мээсине кубат келип, мужук дароо үйгө кирди да, колу менен сыйпалап жүрүп, ширеңке таап, анан чырак жандырды. Ыраазы болгон раввин ага бир ыстыкан арак берди.

— Кудай сеизди колдосун! - деп раввинди ак дилден алкап, Иван эриндерин аарчыды да, сылыктыгын жана үнөмчүлдүктү урматтаган конок экендигин көрсөтүп, шамды кайра үйлөп өчүрүп койду.

* * ** * * *

Алтын балыктын алы жетпеген учуру

Иегово күбөлөрүнүн мүчөсү болгон кыз алтын балыкты кармап алып, анлан суранат экен:

— Дүйнөдө эч кандай согуш болбосо экен, ушуну аткара аласыңбы?

— Муну коом өзү чечет, менин колумдан келбейт.

— Болуптур, андай болсо, менин талабым: дүйнөдөгү бардык жаш, таланттуу, көзгө толумдуу, бойдок жигиттердин баары менин жыйыныма ынтызар болуп катышсын!

— И-и, айым, андан көрө биринчи эле суранычыңды аткарайынчы? Согуш мындан ары жок болсун деп жаттыңыз беле?

* * ** * * *

TT

XS
SM
MD
LG