Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:53

Мушфики: эки нерсе кааласаң, тартынбастан экини сура!


"Бир кылым артка кеттик, саатым!" (Кимбайкенин азил сүрөтү). "Азаттык" үналгысы. 02.6.11.
"Бир кылым артка кеттик, саатым!" (Кимбайкенин азил сүрөтү). "Азаттык" үналгысы. 02.6.11.

Молдо Абдурахман Мушфики (1525—1588) – тажик жана өзбек юморунун жана сатиралык поэзиясынын казынасы. Куудул Мушфикиге шилтеме кылынып айтылган төмөнкү шиңгилде бухаралыктардын жумшак элдик юмору камтылган.

* * * * * * *

Коңшусуна конокко келген Мушфикиге үй ээси кайрылды:

- Сизге шорпо жагабы, же палообу? Кайсынысын бышырсак?

Мушфики кебелбестен билмексендикке сала жооп узатты:

- А силердикинде эки башка казан жок беле?

Шорпо ичип, анын артынан даамдуу палоо жеген соң, Мушфики суусаганын кандырып, ашказандын ичтейин ачууга көмөк кылчу дарбыз менен коонду самады. Үй ээси маалката берген соң, Мушфики апенди чалыштыкка салып, жата конок болууга келгенине да ишаара кылып койду:

- Ашына, биз дарбыз менен коонду жеп бүткөн соң, кайсы бөлмөдө уктаар экенбиз?

Алиги коңшусу Мушфикини эртеси үйүнө узатыптыр да, башка эч бир жолу конокко чакырбаптыр.

* * * * * * *

Бир бай үйлөнүү тоюн өткөрүп калат. Ал Мушфикини “тойго казыны (жергиликтүү сотту) чакырып кел” деп жумшайт.

Алаңгазарданып соттун үйүнө эшикти тарс тээп кирген Мушфикиге текебер казынын ачуусу келет:

- Мени тойго чакыртуу үчүн бай сендей эшекти эмес, башка киши таппай калыптырбы?

Мушфики кебелбестен жооп кайырган экен:

- Байым өз кишилеринин баарын киши чакыртуу үчүн жөнөттү, а мага болсо сизди гана чакыр деп тапшырды.

* * * * * * *

TT.

XS
SM
MD
LG